Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 373-6
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - «Кыргыз таран») жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - «Кытай таран»), биргелешип - «Тарантар», ал эми езүнче «Таран» деп аталуучу, туркмөн газын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кытай Эл Республикасыни ташуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын гранзиттик газ өткөргүчтү курууга жана пайдаланууга кызыкчылыгын билдирип, Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын эске алып, төмөнкүлөр жөнүнде макулдашты:
1-берене Терминдерди аныктоо
Ушул Макулдашууда гомөнкүдөй терминдер колдонулат:
Газ өткөргүч - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, тилкелик бөлүктү, компрессордук станцияны, телекоммуникациялык жабдууну, ошондой эле газ өткөргүчтү пайдалануу үчүн башка курулмаларды кошкондо, Транзиттик газды ташуу үчүн арналган транспорттук система;
Булалуу-оптикалык берүү чубалгысы - жалпы оптикалык кабели, тилкелик курулмалар жана тейлөө түзүлүштөрүнүн иштөөсүнүн чегинде аларды тейлөө түзүлүштөрү бар булалуу-оптикалык берүү системасынын тилкелик жолдорунун жыйындысы;
Расмий уруксат - бардык уруксатты, лицензияны, тастыктаманы, каттоону, күбөлүктү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын башка бардык жактыруусун же макулдашуусун билдирет;
Газ өткөргүчтү куруу мезгили - ушул Макулдашуу күчүнө кнргенден башталып жана техникалык-экономикалык негиздемелерде корсөтүлгөн Газ өткөргүчтүн бардык объекттерин ишке киргизүү бүткөндөн кийники мезгил;
Подрядчы - Долбоордук компания, Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы тарабынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү товарларды, материалдарды же жабдууларды жеткирүү, жумуш жана кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн тартылган жак;
Долбоор - Газ өткөргүчтү долбоорлоо, каржылоо, куруу жана пайдалануу;
Долбоордук компания - Долбоорду ишке ашыруу максаты үчүн түзүлгөн юридикалык жак;
Технологпялык газ - Газ өткөргүчтүн технологиялык муктаждыктары үчүн керектүү газ;
Транзит - Транзиттик газды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кытай Эл Республикасына Газ өткөргүч боюнча ташуу;
Транзиттик газ - Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кытай Эл Республикасынын аймагына өтүүчү газ;
Ыйгарым укуктуу уюм - Кытай Улуттук Нефть-газ Корпорациясы же Кытай тарап аныктаган туунду компания:
Газ өткөргүчтүн Ьорбордук диспетчердик башкаруусу - Газ өткөргүчтү пайдалануунун технологиялык режимдерин сактоо максатында Газ өткөргүчтү борбордоштурган ыкчам-диспетчердик узгултуксуз башкаруу кызматы.
2- берене
Ыйгарым укуктуу уюм
Ыйгарым укуктуу уюмду алмаштырган учурда Кытай тарап Кыргыз 1 араты дипломагиялык каналдар боюнча бул жөнүндө кечиктирбесген билдирет жана тиешелуу укук мураскору менен камсыздоо үчүн бардык көрөктүү чараларды көрөт.
Кытай тарап Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын кагышуучусунун, Долбоордук компаниянын, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жагынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
Ошону менен бирге, Кытай тарап Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын катышуучусунун, Долбоордук компаниянын. ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жагынын Долбоордун чегинде милдеттерин талаптагыдай аткаруусуна багытталган чараларды көрөт.
3- берене
Газ өткөргүчтүн багыты
Газ өткөргүч башталган жер Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоц-Алай районунун Карамык айылына жакын «Карамык» откорүү пунктунун жанындагы чекит болун эсептелет. Газ өткөргүч аяктаган жер Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлскегтик чек аранын Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Нура айылына жакын «Эркеч-Там» откорүү пунктунун жанындагы чекит болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Газ өткөргүчтүн маршруту Тараптардын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинде аныкталат. Ошону менен бирге Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет.
4- берене
Газ өткөргүчтүн тилкелик бөлүгүн куруу мөөнөтү
Газ өткөргүчтү куруу план-графиги Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинде аныкталат, ошону менен бирге, Газ өткөргүчтүн тилкелик бөлүгүн курууну аяктоо мөөнөтү - 2016-жылдын аягы болуп эсептелет.
5- берене Долбоордук компания
Ыйгарым укуктуу уюм Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун мыйзамдары боюнча уюшулган Долбоордук компаниянын юридикалык жак түрүндө түзүлүүсүн камсыз кылат, анын жалгыз катышуучусу болуп Кытай Улуттук Нефть-газ Корпорациясынын туунду компаииясы эсептелет.
Газ өткөргүч Долбоордук компаниянын менчигинде болот.
Долбоордук компания Кыргыз Республикасында Долбоор менен байланыштуу ишин Кыргыз Республикасында катталган, жалгыз катышуучусу Долбоордук компания болуп эсептелген, филиал же туунду юридикалык жак аркылуу жүргүзот. Мындай филиал же туунду юридикалык жак Долбоордук компания үчүн ушул Макулдашууда каралган бардык укуктарды пайдаланат.
Долбоордук компания, Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Газ өткөргүчтүн оператору болуп эсептелет жана Газ өткөр! үчтү өз алдынча ишке киргизет.
Кыргыз тарап төмөнкүлөргө кепилдик берет:
Долбоордук компанияны, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалын же туунду юридикалык жагыи башкаруу боюнча Долбоордук компаниянын катышуучусуна жана Долбоордук компанияга берилген укуктарды бузган, кыскан жана (же) чектеген кандайдыр бир атайын укуктарды белгилебөөгө жана пайдаланбоого;
Долбоордук компаниянын Газ өткөргүчкө болгон менчик укугун каттоого;
Долбоорду ишке ашыруу чегинде Долбоордук компания. Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы пайдаланган маалыматтар Кыргыз Республикасында мамлекеттик сыры болуп эсептелбей тургандыгына.
Долбоордук компанияда катышуу үлүшү (катышуу үлүшүнүн бөлүгү) менен байланыштуу кандайдыр бир бүтүм жасалган учурда, эгер мындай бүтүм Долбоордук компанияда катышуу үлүшүнөн ажыратуу боюнча бүтүм болсо гана, Долбоордук компаниянын катышуучусу мындай бүтүмдү Кыргыз тарап менен макулдашууга милдеттүү.
6- берене Каржылоо
Газ өткөргүчтү куруу Долбоордук компаниянын жеке каражаттарынын жана банктан займдык каржылоонун эсебинен каржыланат.
7- берене
Газ өткөргүчтүн кубаттуулугу
Газ өткөргүчтүн долбоордук өткөрүү кубаттуулугу жылына 30 (отуз) миллиард куб. метрди тузөт.
Газ өткөргүч Транзиттик газды жана Технологиялык газды гашу) үчүн гана пайдаланылат.
Газ өткөргүчтүн өткөрүү кубаттуулутуна кирүү укугуна Ыйгарым укуктуу уюм жана Ыйгарым укуктуу уюмдун туунду компаниялары болуп) септелген жүк жөнөтүүчүлөр гана ээ.
Зарыл болгон учурда Тараптар Газ өткөргүчтүн өткорүү кубаттуулугун көбөйтүү же бирдиктүү транспорттук коридордо жаңы газ өткөргүчтү куруу жөнүндө маселени карашат.
Газ өткөргүчтүн Борбордоштурулган диспетчердик башкармалыгы -Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарыпда, ал эми ушул башкармалыктын бөлүмү Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан.
8-берене
Транзит жана Тариф
Газ өткөргүч боюнча Транзиттик газды жана Технологиялык газды ташууга тариф жүк жөнөтүүчүлөр менен Долбоордук компаниянын ортосунда келишимдик негизде гана аныкталат.
Газ өткөргүч боюнча Транзиттик газды жана Технологиялык газды ташууга тариф өзгөргөн учурда Долбоордук компания Кыргыз тарапка' бул жөнүндө бир айдын ичинде маалымдоого кепилдик берет.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Газ өткөргүч боюнча Транзиттик газды жана Технологиялык газды ташууга тарифти белгилөөгө кийлигишпестигине кепилдик берет.
Кыргыз тарап Транзит үчүн бардык мүноздөгү мамлекеттик жыйымдарды алуусуз Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Транзиттик газды эркин жана тоскоолдуксуз ташуу мүмкүндүгүн камсыз кылат.
9-берене
Валюталык жөнгө салуу
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы жана Подрядчылар төмөнкүлөргө укуктуу:
Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен сырткары улуттук жана чет элдик валюталарда банктык эсептерди ачууга;
резиденттерге да, резидент эместерге да улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда төлөм жүргүзүүгө, анын ичинде жумушчуларга эмгек акы, жөлөкпул жана башка сый акы төлөөгө.
10-берене
Салыктык жана бажылык жөнгө салуу
Газ өткөргүчтү куруу үчүн Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы, ошондой эле Подрядчылар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарлар, материалдар жана жабдуулар бажы алымдарынан жана кошумча парк салыгынан бошотулат.
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген Технологиялык газ бажы алымдарынан жана кошумча нарк салыгынан бошотулат.
Подрядчылар тарабынан Долбоордук компаниянын филиалына же туунду юридикалык жагына Кыргыз Республикасынын аймагында Газ өткөргүчтү куруу мезгилинде курулуш максаттары үчүн аткарылган жана (же) көрсөтүлгөн жумуштар жана (же) кызматтар кошумча нарк салыгынан бошогулат.
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы тарабынан Газ өткөргүч боюнча Транзиттик газды жана Технологиялык газды ташуу кошумча нарк салыгынан бошотулат.
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык томонкүлордү төлөйт:
1) бажы жыйымдарын;
2) атайын продукцияны берүү жана алмаштыруу, экзамендерди алуу жана авгоунаага техникалык кароо жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өнөр жайда иштерди жүргүзүүнүн коопсуздук чөйрөсүндө алынуучу жыйымдарды;
4) чет өлкөлүк фирмалардын, банктардын жана уюмдардын окүлчүлүкторүн ачууга уруксаттарды берүү үчүн жыйымдарды;
5) калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгарууга жыйымды;
6) автоунаа токтотууга жыйымды;
7) апостилди коюуга жыйымды;
8) унаа каражаттарынын эң жогорку олчомдорүн жана башка тилкелик параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдарды;
9) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен атайын жана бөлүнбөгөн жүгү бар унаа каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдарды;
10) консулдук жыйымдарды;
11) мамлекеттик каттоо жана уруксаттама бергендиги үчүн төлөмдү.
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдү эсептейт, карман калат жана которот:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн;
2) жеке киреше салыгын;
3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме менен байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган чет өлкөлүк уюмдардын кирешелерине салыкты.
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы калган бардык салыктардын, чегерүүлөрдүн, жыйымдардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн ордуна ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген 1-тиркемеде көрсөтүлгөн өлчөмдө атайын салык толойт (купуя).
Атайын салыктын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы олчом эквивалента Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчёттук кварталдын акыркы жумуш күнүнө карата расмий курсу боюнча аныкталат.
Газ өткөргүч боюнча Транзиттик газды жана Технологиялык газды ташууга тариф көтөрүлген учурда ушуга жараша ушундай пайыздык катышта атайын салыктын елчөмү да көбөйөт.
Жогоруда көрсетүлгөн атайын салык гөлөнөт жана ал боюнча салыктык отчёттуулук отчёттук кварталдан кийинки жинчи айдын 15ине чейин квартал сайын берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн салыктар. жыйымдар, толом жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө менен байланышкан милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
Бүткүл Газ өткөргүч боюнча иш жүзүндө ташылып келген Транзиттик газдын колөмүн эсептөе үчүн Гараптардын мамлекеттернпии бажы органдары тарабынан бирге Газ өткөргүч менен технологиялык жактан байланышкан Кытай Эл Республикасынын ички газ өткөргүчүндө, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Уча уездинде жайгашкан коммерциялык эсепке алуу түйүнүнөн алынган маалыматтар негиз кылып алынат.
Тараптардын мамлекеттеринин Борбордук бажы органдары Транзиттик газдын көлөмүн бажылык контролдоо механизмин бирге аныктайт.
Кытай тарап Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин ушул эсептөө түйүнүнө кирүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
Долбоордук компания Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан ай сайын ушул эсептөө түйүнүнө кируүсүн уюштурууга көмөк керсөтөт. Зарыл болгондо, Тараптар ушул түйүндө эсепке алуу приборлорунун иштөе тактыгын апыктоо боюнча биргелешкен чараларды көрөт.
Ушул Макулдашуунун колдонулуу мөөнотүнүн ичинде Долбоордук компанияга, Долбоордук компаниянын филиалына же туунду юридикалык жагына, ошондой эле чет элдик Подрядчыларга трансферттик баа түзүүнү жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулбайт.
11-берене Жер пайдалануу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесиие ылайык Кыргыз тарап Газ өткөргүчтү куруу жана пайдалануу үчүн зарыл болгон жерге укуктарды берүүнү, сактоону жана коргоону камсыз кылат.
Мында Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жак жерге болгон укуктар менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү төлөмдөрдү жана Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы менен макулдашылган Кыргыз тараптын Газ өткөргүчтөрүн куруу жана пайдалануу максатында жеке менчиктеги жер тилкелерин алуу менен байланышкан чыгымдарды төлөөгө милдеттенет.
12- берене
Долбоорлоо стандарттары жана газ өткөргүчүн пайдалануу
Газ өткөргүчүн долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга тиешелүү бардык техникалык-экономикалык жапа башка чечпмдер жалпыга таанылган эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык Долбоордук компания тарабынан кабыл алынат.
13-берене
Расмий уруксаттар
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Долбоордук компаниянын филиалына же туунду юридикалык жакка Газ өткөргүчүн жана Була-онтикалуу берүү чубалгысын (Газ өткөргүчүн коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу учүн керектүү маалыматгарды жыйноо жана берүү үчүн арналган) куруу жана пайдалануу үчүн расмий уруксаттарды кошкондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынган Расмий уруксаттарды, ошондой эле Газ өткөргүчтү өз
алдынча пайдаланууга же анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чек ара зонасында иштеши үчүн Долбоордук компаниянын филиалына же туунду юридикалык жакка керектуу расмий уруксаттардын бсрилишнн камсыз кылат.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынган Расмий уруксаттардын Подрядчыларга берилпшин камсыз кылат.
14- берене Сатып алуулар
Долбоордук компания, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Долбоорду ишке ашыруу максатында бүткүл дүйнодөгү Подрядчыларды тартууга укуктуу.
Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы гарабынан товарларды, материал дарды жана жабдууларлы, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу (сатып алууларды) башкаруу органдары кабыл алган сатып алуулар жөнүндө ички жобого ылайык гана жүргүзүлет. Ошону менен бирге, Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жаты бирдей шарттарда (баасы, салаты, саны, жеткөрүү мөөнеттөрү ж.б.у.с.) артыкчылык катары кыргыз товарларын, жумуштарын жана кызматтарын пайдаланат
15-берене Жумушчу күчүн тартуу
Долбоордук компания, ошондой тле Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Долбоорду ишке ашыруунун бардык баскычында Кыргыз Республикасында иштөө үчүн чет элдик жумушчуларды жалдоого укуктуу. Бардык чет элдик жумушчулар Кыргыз Республикасынын Mыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жактын бардык керектуү чет элдик жумушчуларынын, Подрядчыларынын документтерин кароо. визаларды. берүү жана жумушка Расмий уруксаттарды берүү боюнча чараларды өз убагында көрөт.
16-берене Стабнлизациялык эскертуу
Кыргыз тарап ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндүн тартып 35 жылдын ичинде бул Макулдашуудан келин чыккан Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жактын, ошондой эле алардын тиешелүү укук мураскорунун укуктары өзгөртүлүүгө, алынып салууга же Тараптардын өз ара макулдугусуз кыскартылуута тийиш эместигине кепилдик берет.
Долбоорду ишке ашыруунун чегинде Кыргыз таран ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып 35 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын эч бир ченемдик укуктук актылары Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын катышуучуеунун, Долбоордук компаниянын, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жактын, ошондой эле алардын тиешелүү укук мураскорунун милдеттерин көбөйтүү жана (же) абалып начарлатуу, Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын катышуучуеунун, Долбоордук компаниянын, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жагынын, ошондой эле алардын тиешелүү укук мураскорунун ишине бардык тыюу садуударды жана (же) чектөолөрдү киргизүү, чет элдик валюта сатып алууга жыйымдарды белгилөө, салык жыйымдарын, чегерүүлордү, жыйымдарды жана башка бардык милдеттүү төлөмдөрдү киргизүү, ушул Макулдашуу га кол койгон күндө колдонудун жаткандарга салыштырмалуу Газ өткөргүчтөрү жана башка мүлк жайгашкан жер тнлкелерин пайдалануу шарттарын өзгөртүү менен Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын, Долбоордук компаниянын катышуучуеунун, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жагынын, ошондой эле алардын тиешелүү укук мураскорунун укуктары Кыргыз Республикасынын эч кандай ченемдик укуктук актылары менен өзгөртүлбөшүнө жана (же) алып салынбагандыгына жана (же) чектелбешипе жана (же) кандайдыр бир түрдө кысымга алынбашына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдөн башкаларына кепилдик берет.
Эгер ушул беренеде жазылгандарга карты Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып 35 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын кандайдыр бир ченемдик укуктук актылары Ыйгарым укуктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын, Долбоордук компаниянын катышуучусунун, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жагынын, ошондой эле алардын тиешелүү укук мураскорунун укуктарын өзгөртсө, алып салса, чектесе же кандайдыр бир кысымга алса, бул Макулдашуу кол коюлган учурда колдонудун жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келбеген ченемдери колдонулат.
17-берене
Инвестицияларды коргоо
Долбоорду ишке ашыруунун чегинде бир дагы Таран өзүнүн мамлекетинин аймагында Ыйгарым куктуу уюмдун, Долбоордук компаниянын катышуучусунун, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалынын же туунду юридикалык жагынын мулкун башкарууга, пайдаланууга, колдонууга, ээлик кылууга же башкаруу укугуна негизсиз, жиктелген же оэ эркипче зыян келтирбөөгө тийиш.
Пекин шаарында 1992-жылдын 14-майында кол коюлгап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Капиталдык салымдарга кызыктыруу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - "Кызыктыруу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу") жоболоруна ылайык жана Тараптардын эл аралык-укуктук милдеттерине ылайык ар бир Тарап Долбоор менен байланыштуу инвестицияларды (капиталдык салымларды) коргоо боюнча чараларды керег. Ошону менен бирге Кызыктыруу жана ез ара коргоо жонүндо макулдашуунун жоболору Долбоор менен байланыштуу инвестицияларга (капиталдык салымдарга) карата Кызыктыруу жана өз ара коргоо жонүндо макулдашуунун шли токтотулган учурда да колдонулат.
Кыргыз таран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Газ откөргүчторүнүн объектилерин жана Долбоордук компаниянын кызматкерлерин, ошондой эле Долбоордук компаниянын филиалын же туунду юридикалык жагын коргоону жана коопсуэдугун камсыз кылат.
18-берене Координация жана контроль
Ушул Макулдашуунун жоболорунун аткарылышын коордипаииялоо жана контролдоо Тараптардын төмөндөгү компетенттүү органдары тарабынан аткарылат:
Кыргыз тарантан - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр . жай министрлиги;
Кьпай тарап тан - Кьнай Эл Республикасынын Энергетика боюнча агенттиги.
Компетенттүү орган алмашкан учурда бул жөнундө тиешелүү Тарап кийинкп Тарапка дипломатиялык канаддар аркылуу токтоосуз биллирет.
Кир Тараптын компетенттуу органынын сурамы боюнча кийинки гараптын компетенттүү органы ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу боюнча суралган маалыматты берет.
Кыргыз Республикасынын тиешелуу органдары Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарынын талаптарып сактагап шартта Газ өткөргүчтү куруу жана пайдаланууга берүү пронессинип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн Газ өткөргүчтүн объектилерине тоскоолдуксуз кирүүгө жана Газ өткөргүчтү куруу жана пайдаланууга берүү менен байланыштуу документтерди көрүүгө укуктуу.
19- берене
Талаш-тартыштарды чечүү
Тараптардын ушул Макулдашуу боюнча милдеттеринпн бирин аткарууга тоскоолдук жараткан кырдаалдар келип чыккан учурда Тараптардын компетенттүү органдары тоскоолдуктарды жоюу жана ушул Макулдашууну аткарууну камсыз кылуу боюнча оз ара ылайыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында тиешелүү кеңешүүлөрдү өткөрүшөт.
Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан жоюлбаган ушул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө жана (же) колдонууда иикир келишпестиктер тиешелүү протоколдорду тариздөө менен Тараптар ортосунда сүйлошүү жолу менен чечилет.
Бир Тарап менен башка Тараптын мамлекеттик чарба субъектилери ортосундагы ушул Макулдашууну колдонууга тиешелүү талаш-тартыштар жана аны аткаруудан келип чыккан милдеттер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Эгер 3 (үч) айдын ичинде мындай сүйлөшүлөрдүн жыйынтыгында талаш чечилбесе, Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) 2010-жылдагы редакциясындагы Арбитраждык регламентине ылайык эл аралык арбитраждык сотто ad hoc чечилүүгө жатат. Арбитраждык сопун отуруму Стокгольм ш. англис тилинде өтөт. Арбитраждык талаш боюнча соттун чечими Тараптар жана чарба субъектилери үчүн акыркы жана милдеттүү болуп эсептелет.
20- берене
Ар түрдүү
Тараптар Долбоордун ишке ашуусун колдойт жана Газ өткөргүчтү долбоорлоо, куруу жана пайдалануу үчүн керектүү чараларды көрөт.
Долбоордук компания, Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Газ өткоргүчтү долбоорлоо, куруу жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
Газ өткөргүчтү узак мөөнөттүү, туруктуу жана коопеуз пайдаланууну камсыз кылуу максатында Тараптар Газ өгкөргүчтө жаратылыштык жана техногендүү мүноздөгү өзгөчө кырдаалдар. массалык баш-аламандыктар, террористтик жана диверсиялык актылар келип чыкканда иш-аракеттерди координапиялоо механизмдерин иштеп чыгышат (ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген 2-тиркемени караңыз).
Эгер Кыргыз Республикасынын аймагында Газ өткөргүчүп курууда жана ишке киргизүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнө (экологиясына), жеке адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилсе, жеке жана юридикалык жакгардын мүлкүнө зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык орду толтурулууга жатат.
Кыргыз тарап чектеш мамлекеттердин аймагында Газ өгкөргүч менен технологиялык жактан байланыштуу газ өткөргүчтөрдү куруу жана пайдалануу үчүн керектүү товарларды. материалдарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташуута ичинде, бажы маселелери боюнча) жардам көрсөтөт.
21-берене Колдонуу мөөнөтү
Ушул Макулдашуу 35 (отуз беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Бул мөөнөт бүткөндө, эгер бир Таран кийинки гарапты жазуу жүзүндө Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 (алты) ай мурда аны колдонууну токтотуу жөнүндө оюн билдирбесе, авгоматтык түрдө кийинки жылга узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдоиуу- мөөнөтүнүн бүтүшү ушул Макулдашуу иштеп жаткан мезгилде анын чегинде түзүлгөн келишимдер (контракттар) менен каралган милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылбайт.
Ушул Макулдашуунун колдоиуу мөөнөтүнүн бүтүшү Долбоордук компаниянын Газ өткөргүчүнө менчик укугун гоктотулушуна алып келбейт.
22-берене Корутунду жоболор
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзам актыларына карты келбсгеп жагыида кол коюлган күндөн тартып колдонулат.
Ушул Макулдашуу Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча Гараптардын анын күчүнө кирүүсү үчүн мамлекет ичиндеги ушундай жол-жоболорду ратификаниялоо же аткаруу жөнүндө акыркы билдирүү алган күндөн тартып, же болбосо. Кытай тараптан дипломатиялык каналдар боюнча Кытай тарап менен башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда бардык өкмөттөр аралык Газ өткөргүч менен технологиялык жактан байланышкан газ өткөргүчторге тиешелүү макулдашууларга, кийинчерээк келгенине жараша, кол коюулар жөнүндө билдирүүсүн Кыргыз тарап алган күндон тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу га Тараптардын өз ара макулдашуусу менен анын ажырагыс белүгү болуп эсептелген, протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында эки нускада, ар бири бирдей күчкө ээ болгон кыргыз. кытай жана орус тилдеринде гүзүлдү. Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер болсо, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Эл Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
2-тиркеме
Газ өткөргүчтү узак моөнөт, туруктуу жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу максатында Тараптар Газ өткөргүчүндө жаратылыштык жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, массалык баш-аламандыктар, зеррористтик жана диверсиялык актылар келип чыкканда иш-аракеттерди координациялоо механизмдерин түзүүнү макулдашты.
1-берене
Тараптар Газ өткөргүчтү коопсуз пайдалануу боюнча Тараптардын компетенттүү органдарынан турган Координациялык орган (мындан ары -«Координаииялык орган») түзүүнү макулдашты.
2-берене
Тараптар Координациялык органдын кецешмелерин уюштуруу жана тиешелүү иштерди жургузу'у боюнча даярдоо иштерине жооп берген Координациялык органдын туруктуу органы катары Координациялык органдын катчылыгын (мындан ары - «Катчылык») түзүүнү макулдашты. Катчылыктын мүчолорү Координациялык органдын кенешмелерине катышышат. Катчылык аыда-санда кескпп кырдаалдарда маселелерди чечүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатында техникалык маселелер жана персоналды даярдоо боюнча пикир алышууларды уюштурат.
3- берене
Тараптар ' өз-өзүнчө байланышуучу адамдарып дайындашат. Байланышуу үчүн жумушчу тил болуп кытай жана (же) орус тили эсептелет. Маалымат алмашуу үчүн төмөндө даректер, телефон номерлери жана электрондук почта даректери келтирилди:
Кытай тарап | Кыргыз тарап |
Дареги: Кытай Эл Республикасы, Пекин ш., Сичэн району, Юетаньнаньцзе көч., 38 | Дареги: Кыргыз Республикасы. Бишкек ш., Ахунбаев коч., 1 19 |
Байланышуучу адам: | Байланышуучу адам: |
Телефону: | Телефону: |
Уюлдук телефону: | Уюлдук телефону: |
Email: | Email: |