Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-сентябры № 375-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техника-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине ушул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү достук мамилелерин жана техника-экономикалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 200 (эки жүз) миллион кытай юаны өлчөмүндө кайтарымсыз грант берет.
2-берене.
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант эки өлкөнүн Өкмөттөрү макулдашкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулат. Конкреттүү маселелер кошумча эки тараптуу Макулдашууда белгиленет.
3-берене.
Ушул Макулдашууну аткаруу боюнча тиешелүү Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган орган менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана эки тарап ушул Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди толук аткарганга чейин күчүндө болот.
Бишкек шаарында 2013-жылдын "__" -сентябрында эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |