Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-сентябры № 376-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 13-жыйынын ийгиликтүү өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 50 автомашина берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусуна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 376-б буйругу менен жактырылган |
2013-жылдын 24-майындагы кат алмашуу жолу аркылуу түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө протоколдук багытта пайдалануу үчүн 50 автомашина берет.
2013-жылдын июнунда кытай тараптан жогоруда аталган жүк толук көлөмүндө Бишкек шаарына жеткирилген. Ошондой эле кытай тарап техникалык адистерди жиберген, алар тийиштүү техникалык тейлөөнү аткарышты. Жогоруда аталган жүктүн сапаты, саны жана модели эки тарап тарабынан ырасталды.
Кытай тарап ушул Акты менен кыргыз тарапка жогоруда аталган жүктү расмий түрдө өткөрүп берет.
Бул Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы Бишкек шаарында 2013-жылдын "__" -сентябрында эки нускада, ар бири орус жана кытай тилдеринде кол коюлду, эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |