Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-сентябры № 384-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 5-июлунда кол коюлган Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоо боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу тууралуу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алмашуу каттарынын расмий тилдеги тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна кыргыз тараптан алмашуу катына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кытай тилинен котормонун долбоору |
Улуу Даражалуу
Тараптар достук консультациялар жолу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашканын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм:
1. Адам ресурстарын өнүктүрүү, достук мамилелерди чыңдоо чөйрөсүндө Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы алмашууну жана кызматташтыкты күчөтүү максатында Кытай Өкмөтү Кыргызстан үчүн Кытайда: энергетиканы башкаруу, инвестицияларды тартуу, айыл чарба, мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкаруу багыттары боюнча 5 (беш) курсту уюштуруп, ар бир курска кыргыз тараптын тийиштүү чөйрөлөрүнөн 25 (жыйырма беш) адамды чакырат жана ар бир курстун узактыгы 21 (жыйырма бир) күндү түзөт.
2. Талап кылынган чыгымдарды төлөө, анын ичинде Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы барып-келүүгө эл аралык транспорттук чыгымдар, ошондой эле кыргыз тараптын жогоруда аталган угуучуларынын Кытайда болуу учурунда окутууга, тамактанууга, жашоого жана транспорттук кызмат көрсөтүүгө сарпталган 5000000 (беш миллион) кытай юаны суммасындагы чыгымдар Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 5-июлундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган кайтарымсыз гранттын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Улуу Даражалуу, Сиздин ушул катыңыз жана жооп иретиндеги кат боюнча, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу уюм жогоруда аталган каражаттарга төрт нуска менен эсеп жүргүзүп, Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан дайындалган орган аркылуу бир жолку эсептөөлөрдү жүргүзөт.
4. Кыргыз тарап талаптарга ылайык угуучуларды тандоо үчүн жооп берет, Кытайдагы курстарга катышуу үчүн зарыл шарттарды түзөт.
Эгерде Сиз жогоруда айтылгандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жооп иретиндеги кат аркылуу ырастасаңыз, анда, Улуу Даражалуу, Сиздин ушул катыңыз жана жооп иретиндеги кат Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу болуп эсептелет.
Терең урматтоо менен,
|
| Жооп иретиндеги каттын долбоору |
Улуу Даражалуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздин төмөнкү мазмундагы 2013-жылдын "__" _________ - катыңызды алгандыгымды ырастайм:
"Тараптар достук консультациялар жолу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашканын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм:
1. Адам ресурстарын өнүктүрүү, достук мамилелерди чыңдоо чөйрөсүндө Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы алмашууну жана кызматташтыкты күчөтүү максатында Кытай Өкмөтү Кыргызстан үчүн Кытайда: энергетиканы башкаруу, инвестицияларды тартуу, айыл чарба, мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкаруу багыттары боюнча 5 (беш) курсту уюштуруп, ар бир курска кыргыз тараптын тийиштүү чөйрөлөрүнөн 25 (жыйырма беш) адамды чакырат жана ар бир курстун узактыгы 21 (жыйырма бир) күндү түзөт.
2. Талап кылынган чыгымдарды төлөө, анын ичинде Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы барып-келүүгө эл аралык транспорттук чыгымдар, ошондой эле кыргыз тараптын жогоруда аталган угуучуларынын Кытайда болуу учурунда окутууга, тамактанууга, жашоого жана транспорттук кызмат көрсөтүүгө сарпталган 5000000 (беш миллион) кытай юаны суммасындагы чыгымдар Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 5-июлундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган кайтарымсыз гранттын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Улуу Даражалуу, Сиздин ушул катыңыз жана жооп иретиндеги кат боюнча, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу уюм жогоруда аталган каражаттарга төрт нуска менен эсеп жүргүзүп, Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан дайындалган орган аркылуу бир жолку эсептөөлөрдү жүргүзөт.
4. Кыргыз тарап талаптарга ылайык угуучуларды тандоо үчүн жооп берет, Кытайдагы курстарга катышуу үчүн зарыл шарттарды түзөт.
Эгерде Сиз жогоруда айтылгандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жооп иретиндеги кат аркылуу ырастасаңыз, анда, Улуу Даражалуу, Сиздин ушул катыңыз жана жооп иретиндеги кат Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу болуп эсептелет.
Терең урматтоо менен,".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, Улуу Даражалуу, Сиздин жогорудагы катыңыздын тексти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макул экендигин ырастайм.
Буга байланыштуу, Улуу Даражалуу, Сиздин катыңыз жана жооп иретиндеги ушул кат экөө бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзөт.
Өтө урматтоо менен,