Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-октябры № 410-б
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Польша Республикасынын Социалдык камсыздандыруу институтунун ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Польша Республикасынын социалдык камсыздандыруу институту, мындан ары "Тараптар" деп аталып, социалдык камсыздандыруу жаатында тажрыйба алмашуу максатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенип, төмөнкүлөр жөнүндө келишимге келишти:
1-берене.
Тараптар кызматташтыкты ишке ашырышат, анын ичинде төмөнкүлөрдү алмашат:
- социалдык проблемалар боюнча маалыматтык бюллетендер, журналдар жана башка басылмалар;
- эки өлкөдөгү социалдык камсыздандыруу системаларын, өзгөчө пенсиялык камсыздандыруу системаларын реформалоо жөнүндө маалыматтар;
- социалдык камсыздандыруу жаатында келип чыккан көйгөйлөр жана аларды чечүү тажрыйбасы боюнча маалыматтар.
2-берене.
Тараптар, Тараптардын жетекчилери деңгээлиндеги жолугушууларды уюштурат, ошондой эле өздөрүнүн эксперттерин, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара консультацияларга жиберет.
Күн тартиби, консультациялардын даталары жана делегациялардын курамдары эл аралык байланыштарга жооптуу Тараптардын өкүлдөрүнүн ортосунда англис тилинде макулдашуу боюнча белгиленет.
3-берене.
Тараптар өз өкүлдөрүнүн транспорттук, жашоо, камсыздандыруу жана чет өлкөдө болуу чыгымдары боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
Кабыл алган Тарап социалдык программаларды жана тилмечтикти аткарууга байланышкан чыгымдар боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
4-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө киргизилиши мүмкүн жана бул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү катарында кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5-берене.
Бул Меморандум ага кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет жана беш жыл колдонулат. Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка Меморандумдун колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн каалагандыгын тиешелүү мөөнөт өткөнгө чейин алты ай мурда жазуу түрүндө билдирбесе, Меморандумдун колдонулушу ар бир учурда кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылып турат.
6-берене.
2013-жылы "__" ______ __________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, поляк, орус жана англис тилдеринде түзүлүп, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Меморандумду чечмелөө максаттары үчүн Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн |
| Польша Республикасынын Социалдык камсыздандыруу институту үчүн |
|
|
|
Мухамметкалый Абулгазиев төрага |
| Збигнев Дердзюк төрага |