Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-октябры № 411-б
"Эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча Борбор-Азиялык корпорация" (мындан ары - БАК) чет өлкөлүк жоопкерчилиги чектелген коомдун башкаруусуна өткөрүлгөн "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын объекттеринин ишинин экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин комплекстүү текшерүүнү жүргүзүү үчүн:
1. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси 303 дарегинде жайгашкан БАК тарабынан экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутунду берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын суроо-талабы боюнча керектүү маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар кандай көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия ишти объективдүү чагылдыруу жана коомчулукту кабардар кылуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ишке тартууну камсыздасын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-октябрындагы № 411-б буйругуна тиркеме |
Нурбашев Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Белекова Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Дүйшөмбиев Б.О. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Султанов Д.М. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин N 1 ӨЛАЖБнын башкы инженери; |
Чойбеков К.Н. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Кулумбаев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Теңизбаева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары. |