Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-октябры № 416-б
Айылдык аялдардын өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын жана ролун чагылдыруу максатында:
1. 2013-жылдын 1-октябрынан 1-декабрына чейин айылда эмгектенген кыз-келиндердин ишин мыкты чагылдыруу үчүн журналисттер арасындагы жалпы республикалык конкурс (мындан ары - конкурс) жарыялансын.
2. Бекитилсин:
- конкурстук комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык;
- конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Жалпы республикалык конкурстун байге фонду 300000 (үч жүз миң) сом суммасында белгиленсин:
- биринчи орун (бирөө) үчүн - 90000 (токсон миң) сом;
- экинчи орун (экөө) үчүн - 60000 (алтымыш миң) сом;
- үчүнчү орун (үчөө) үчүн - 30000 (отуз миң) сом.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 300000 (үч жүз миң) сом бөлүнсүн.
5. Конкурстун ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү конкурсту маалыматтык коштоону уюштурсун.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-октябрындагы № 416-б буйругуна 1-тиркеме |
Сутенова Байма | - | тележурналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, конкурстук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шайдуллаева Топчугүл | - | БУУ - Аялдар уюмунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Баймамбетова Гүлнара | - | Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Тыналиев Мырзакат | - | "Кыргыз туусу" басма үйүнүн директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Темирова Татьяна | - | "Алга" коомдук бирикмесинин Өнүгүү программасынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Каримов Данияр | - | "Российская газета" газетасынын башкы редактору (макулдашуу боюнча); |
Кайыпова Зинакан | - | радиожурналист (макулдашуу боюнча). |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-октябрындагы № 416-б буйругуна 2-тиркеме |
1. Конкурстун жалпы жоболору
1. Журналисттер арасындагы конкурс (мындан ары - конкурс) айылда эмгектенген кыз-келиндердин ишин мыкты чагылдыруу үчүн өткөрүлөт. Конкурстун башкы максаты - аялдардын өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын жана ролун көрсөтүү.
Конкурстун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республиканын калкынын айылда эмгектенген кыз-келиндердин иши, ошондой эле аларга карата мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүүнүн чаралары жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу;
- айылда эмгектенген кыз-келиндердин позитивдүү образын калыптандыруу;
- насыя алуу менен ийгиликке жетишүүнү чагылдыруу;
- айылдагы үлгүлүү жүргүзүлгөн үй-бүлөлүк бизнести чагылдыруу;
- айылда эмгектенген жаш кыз-келиндердин алдыңкы иш тажрыйбаларын чагылдыруу.
2. Конкурстук комиссия
2. Конкурс курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген конкурстук комиссия тарабынан өткөрүлөт.
3. Конкурстук комиссиянын курамына медиа-коомчулуктун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана гендердик маселелер боюнча улуттук эксперттер кирет.
4. Конкурстук комиссия катышуучулар тарабынан конкурска жиберилген материалдарды кабыл алат жана конкурстун катышуучуларына бирдей шарттарды коет.
5. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүсү арыздарды жана материалдарды кабыл алуу аяктаган күндүн эртеси башталат жана ал бир тур менен өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот.
6. Добуш берүү комиссиянын ар бир мүчөсү менен жеке өткөрүлөт.
7. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүлөрүн байге орундарына аныктайт.
Конкурстун жыйынтыгы менен үч байгелүү орундар ыйгарылат:
Биринчи орун - бирөө;
Экинчи орун - экөө;
Үчүнчү орун - үчөө.
3. Конкурстун номинациялары
8. "Гезит-журналдарда айылдык кыз-келиндердин эмгеги; алынган насыяларды жумшоонун ийгиликтүү натыйжалары; айылда үй-бүлөлүк бизнести ийгиликтүү жүргүзүү; айылда эмгектенген жаш кыз-келиндердин алдыңкы тажрыйбалары жөнүндө мыкты макала (макалалардын цикли, очерк, сюжет, сереп, интервью)".
9. "Айылдык кыз-келиндердин эмгеги; алынган насыяларды жумшоонун ийгиликтүү натыйжалары; айылда үй-бүлөлүк бизнести үлгүлүү жүргүзүү; айылда эмгектенген жаш кыз-келиндердин алдыңкы тажрыйбалары жөнүндө мыкты теле жана радиосюжет (сюжеттердин цикли, сереп, интервью)".
4. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары
10. Конкурс менчигинин түрүнө карабастан республикалык, шаардык, райондук газеталардын, телеканалдардын жана радиостанциялардын журналисттеринин, анын ичинде штаттан тышкаркы авторлордун арасында өткөрүлөт.
11. Конкурска катышуу ыктыярдуу болуп саналат.
12. Конкурска төмөнкү жанрдагы материалдар кабыл алынат: макала, (макалалардын цикли), теле жана радиосюжет (телеберүүлөрдүн жана радиоуктуруулардын цикли).
13. Конкурска келип түшкөн материалдар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. Жарнамалык материалдар конкурска катышуу үчүн кабыл алынбайт. Автордук укуктун сакталышы жана келип түшкөн материалдарда камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти конкурстун катышуучусу тартат. Конкурстук комиссия эгерде келип түшкөн материалдар бул Жобонун талаптарына жооп бербесе, аларды кароодон баш тартууга укуктуу.
14. Конкурска сунушталган материалдар 2013-жылдын 7-январынан 10-октябрына чейинки мезгилде жарык көрүшү жана эфирден чыгышы керек.
5. Конкурстук иштердин тематикасы
15. Конкурстук иштердин тематикасына төмөнкүлөр кирет:
- айылда эмгектенген бүгүнкү кыз-келиндердин портрети;
- айылда эмгектенген кыз-келиндердин ишиндеги мыкты экономикалык инновациялар;
- алынган насыяларды жумшоонун ийгиликтүү натыйжалары;
- айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлүк бизнес;
- айылда эмгектенген жаш кыз-келиндердин ишинин позитивдүү тажрыйбасы.
6. Конкурстук иштерди баалоонун критерийлери
16. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
- материалдын конкурстун темасына жана милдеттерине дал келүүсү, коюлган теманы терең ачып берүү;
- материалдын мазмунунун коомдук маанилүүлүгү;
- автордун журналисттик-кесипкөйлүк чеберчилиги, материалды берүүдөгү өзгөчөлүгү;
- салыштырма статистикалык маалыматтардын колдонулушу жана талдай билүүсү;
- текстти баяндоодогу тактыгы, ачык-айкындыгы.
17. Иштер ар бир критерий боюнча 10 баллдык шкала менен бааланат. Жыйынтык баалоо барагына киргизилет жана баары кошулуп эсептелинет.
18. Конкурстун жыйынтыгында үч байгелүү орун ыйгарылат. Конкурстук комиссиянын чечими менен кошумча номинациялар жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылышы мүмкүн.
7. Конкурстук иштерди тариздөөдө коюлуучу талаптар
19. Конкурстук иштерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөз журналисттери үчүн:
- эркин түрдө жазылган арыз берилет, анда конкурстун катышуучусунун аты-жөнү, иштеген жери, мобилдик жана кызматтык телефондорунун номерлери, электрондук почтасынын дареги жана почталык дареги көрсөтүлөт.
Арызга мезгилдүү басма сөздө (газета, журнал) жарык көргөн материал жайгашкан орду (бети, тилкеси) көрсөтүлүү менен 2 нускадан кем эмес тиркелет.
Теле жана радиожурналисттер үчүн:
- эркин түрдө жазылган арыз берилет, анда конкурстун катышуучусунун аты-жөнү, иштеген жери, мобилдик жана кызматтык телефондорунун номерлери, электрондук почтасынын дареги жана почталык дареги көрсөтүлөт.
20. Арызга Winamp же WindowsMediaPlayer программалары менен көрүүгө жана угууга мүмкүн болгон CD дискке жазылган материалдардын эки көчүрмөсү, ошондой эле сюжеттин эфирге чыкканын ырастаган маалымкат тиркелет.
21. Конкурска коммерциялык шарттарда даярдалган жарнамалык жана маалыматтык материалдар кабыл алынбайт.
8. Конкурска материалдарды берүүнүн тартиби
22. Ар бир автор конкурска катышуу үчүн өзүнчө арыз берет. Ишке катышууга арыз бергендердин саны чектелбейт.
23. Төмөнкү дарек боюнча "Конкурска" деген белги менен материалдарды тапшырууга жана кошумча маалыматтарды алууга болот: Бишкек шаары, Тыныстанов атындагы көчө-215, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, гендердик саясат бөлүмү (e-mail: mlsp@mlsp.kg).
24. Конкурстун катышуучулары жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарек аркылуу өзүнүн арызынын кабыл алынгандыгы тууралуу ырастоону алууга тийиш.
25. Конкурстук иштерди кабыл алуунун мөөнөтү 2013-жылдын 10-сентябрынан 10-октябрь күнү саат 17.00гө чейин.
26. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар жана материалдар кароого кабыл алынбайт.
9. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо
27. Конкурстун жеңүүчүлөрү уюштуруу комитетинин акчалай сыйлыктары менен сыйланат.
28. Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү жана сыйлыкка ээ болгондору дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.
29. Конкурстун катышуучулары алкыш каттары менен сыйланышат.
30. Конкурстун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий веб-сайтына жана республиканын маалымат агенттиктеринин сайттарына жарыяланат.
31. Конкурстун жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземи 2013-жылдын 16-октябрында - Айылдык аялдардын эл аралык күнүн белгилөөгө арналып өткөрүлөт.
10. Корутунду
32. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрүүнүн орду жана убактысы тууралуу маалымат жогоруда көрсөтүлгөн сайттарга жайгаштырылат.
33. Эгер конкурстун жеңүүчүсү сыйлыктарды тапшыруу аземине катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, акчалай сыйлык акча которуу тутуму аркылуу жөнөтүлөт.
34. Конкурсту өткөрүү маселелери боюнча консультацияларды жана маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 0312 66 39 89.