Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2013-жылдын 6-ноябры № 441-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Статенскартверк - Норвегиянын Картографиялык кызматынын ортосундагы "Жерге болгон менчик укугун коргоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене. Тараптар
Бул Макулдашуунун Тараптары:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, мындан ары - МКК;
Норвегия тараптан - Норвегиянын Картографиялык кызматы - Статенскартверк, мындан ары - СК,
Долбоордун аткаруучусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти (мындан ары - Кадастр департаменти).
2-берене. Долбоордун негиздери
Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги "Жерге болгон менчик укугун коргоо" KGZ-13/0001 долбооруна Норвегиянын Өкмөтүнүн атынан 2013-жылдын 17-июнунда он бир миллион норвегия крону (11000000 НК) өлчөмүндө төмөндө көрсөтүлгөн продуктулар түрүндө грант бөлдү.
"Жерге болгон менчик укугун коргоо" долбоору KGZ-13/0001 (мындан ары - Долбоор) Кыргыз Республикасында жер ээлери жана өнүгүп келе жаткан жер рыногу үчүн каттоо кызматтарын жакшыртуу маселелерин чечүүгө багытталган.
Долбоор буга чейинки долбоорлордун жетишкендиктерине негизделет (тактап айтканда, Дүйнөлүк банк каржылаган "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" долбоору), аларда менчиктештирилген жер участокторун документтештирүүнүн методологиясы эл аралык тендерлер аркылуу жалданган бир нече компаниялар тарабынан иштелип чыккан жана менчиктештирилген мүлктүн 80% изилденип, карталарга документтештирилген.
Мурдагы долбоорлордун алкагында спутниктик технологияларды (GPS) натыйжалуу пайдалануу үчүн, негизинен, жер участоктордун чек араларын изилдөө үчүн бир нече таяныч станцияларды түзүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл аймактарын камтуу үчүн дагы 6 станция орнотуу жана Кадастр департаментинин жергиликтүү каттоо органдарын спутниктен изилдөөчү жабдуулар менен камсыздоо үчүн колдоо көрсөтүү керек, алар менчиктештирилген кыймылсыз мүлктүн калган 20%ын изилдөө жана картага түшүрүү үчүн натыйжалуу негиздерди камсыздоого шарт түзөт.
3-берене. Долбоордун аткаруучусу
МКК өзүнүн функцияларын кыргыз тараптан түз тартылган аткаруучу орган жана бенефициар болуп эсептелген, бул Макулдашуунун 4-беренесинде көрсөтүлгөн продукттар түрүндө берилүүчү Долбоордун жыйынтыктарынын бирден-бир ээси болуп эсептелүүчү Кадастр департаменти аркылуу ишке ашырат.
Кадастр департаменти сакталган маалымат сактагычтын көлөмүн, кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо тутумун техникалык жаңылоону камсыздоо менен; техникалык спецификацияларды жана талаптарды иштеп чыгууга катышуу, кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо тутумунун жана Долбоор боюнча бериле турган башка продуктулардын сапатын тестирлөөгө жана контролдоого катышуу менен Долбоорго өз салымын кошот.
4-берене. Долбоордун иши
Жогоруда белгиленген жетишкендиктердин негизинде өнүгүү менен, Долбоор өзүнө үч негизги компонентти камтыйт:
1-компонент: GPS тартуулар үчүн туруктуу референцтик станциялардын тармагын кеңейтүү.
Участоктордун чек араларын кошумча станциялар менен тартууда спутниктик технологияларды пайдалануу үчүн керектүү таяныч станциялардын тармагын кеңейтүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууда артыкчылыкка ээ болуу жана геодезиялык жогорку тактыкка жетишүү максатында Кадастр департаментинин каттоочу органдары үчүн спутниктик геодезиялык жабдууларды сатып алуу.
2-компонент: Кыймылсыз мүлктүн калган карталарын даярдоо.
Баардыгынын менчикке болгон укуктарынын коопсуздугун жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүнүн натыйжалуу кызматтарын камсыздоо максатында менчиктештирилген кыймылсыз мүлктүн баарын тиешелүү түрдө бирдиктүү реестрде документтештирүү үчүн менчиктештирилген кыймылсыз мүлктүн калган 20%ын изилдеп жана картага түшүрүү.
3-компонент: Кыймылсыз мүлктү каттоо тутумун өнүктүрүү жана жакшыртылган тутумун орнотуу.
Кадастр департаментинин жергиликтүү каттоо органдары жана тышкы пайдалануучулар интернет аркылуу байланыша алуучу карталар менен байланыштуу тексттик маалыматтары бар борбордук маалымат базасын түзүү аркылуу кыймылсыз мүлктү каттоо тутумун жакшыртуу. Борбордоштурулган тутум түзүү сакталып турган маалыматтардын коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыздайт жана маалыматты Интернет аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берүү менен натыйжалуу ачыктыкты камсыздайт. Бул салык кызматы сыяктуу башка мамлекеттик институттар менен маалымат алмашууга шарт түзөт.
5-берене. Тараптардын ролдору жана милдеттери
СК долбоорду контролдойт жана көзөмөлдөйт. СК долбоордун дыкат планын түзөт, тендер өткөрөт, сатып алууларды жүргүзөт, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын контролдойт жана максимум катышууну жана менчик укугу кепилденишин камсыздоо үчүн Кадастр департаменти менен тыгыз кызматташтыкта төлөп берүүлөрдү ишке ашырат.
Долбоор үчүн бириккен Жетектөөчү Комитет түзүлөт, ал баардык негизги чечимдерди кабыл алат.
Долбоор менен байланыштуу ишти камсыздоо үчүн товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү эл аралык тендерлер аркылуу сатып алынып, муну менен сапаттын жана баалардын пайдалуу сунушталышы камсыздалат. СК техникалык колдоону жана СК тийиштүү кесиптик компетенцияга жана тажрыйбага, мыкты практикага, анын ичинде региондогу норвегиялык башка долбоорлордун тажрыйбасына ээ болгон билимдерди берүүнү камсыздайт.
Долбоор Макулдашуунун Тараптары болгон мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Тактап айтканда, СК:
- Кыргыз Республикасында Кадастр департаменти уюштура турган сатып алуулардан тышкары баардык сатып алуулар боюнча тендердик жана макулдашуучу тарап катары аракеттенет;
- төлөп берүүлөрдү жана финансылык отчетту ишке ашырат;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө боюнча Кадастр департаменти менен иштейт;
- окутууну жана билим берүүнү ишке ашырат;
- Жетектөөчү Комитетке 2 мүчөнү өкүл кылып жиберет.
Тактап айтканда, Кадастр департаменти:
- техникалык колдоо жана окутууга байланыштуу көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучу катары тыгыз кызматташат;
- Кыргыз Республикасына тийиштүү маалыматтар, байланыштар жана администрациялык жол-жоболор менен колдоо көрсөтөт;
- Долбоорду ишке ашыруу үчүн, ошондой эле тийиштүү талаа жумуштары, окутуу жана долбоор боюнча башка иштер үчүн жумушчу топту дайындайт;
- Жетектөөчү Комитетке 2 мүчөнү өкүл кылып жиберет.
Буларга кошумча Кадастр департаменти төмөндөгү иштер үчүн жооптуу жана аларда анын салымы пайдаланылат:
1-компонент: KYRPOS тармагынын жаңы кошумча таяныч станцияларын түзүү, иштетүү жана техникалык колдоо үчүн укуктук жана техникалык механизмдерди камсыздоо.
| Иштер/иш-чара | Мөөнөтү |
1 | Жабдууну коопсуз жана автордук пайдалануу мүмкүндүгүн камсыздап, станциялар орнотула турган имараттардын ээлери менен антенналарды жана имараттын ичинде кабылдагычтарды орнотуу боюнча макулдашуу | Станцияларды орнотуу подрядчынын графиги менен алдын ала макулдашылышы керек |
2 | KYRPOS тармагы үчүн бөлүнгөн жайды берүү | Станцияларды орнотууну подрядчынын графиги менен алдын ала макулдашуу керек |
3 | Станциялар жайгашкан орунду электр менен камсыздоо | Станцияларды орнотууну подрядчынын графиги менен алдын ала макулдашуу керек |
4 | Станция жайгашкан орун үчүн керектүү ылдамдыктагы жана кубаттуулуктагы өзүнчө интернет линияны жана модемдер кызматын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын интернет провайдерлеринин бири менен макулдашуу | Станцияларды орнотууну подрядчынын графиги менен алдын ала макулдашуу керек |
2-компонент: Кыймылсыз мүлктөрдүн карталарын даярдоо компоненти боюнча иш-чараны жана иштерди жүргүзүү.
| Иштер/иш-чара | Мөөнөтү |
5 | Маалыматтардын сапатын контролдоо | Подрядчынын графигине шайкеш келүүсү керек |
3-компонент: Кыймылсыз мүлктү каттоонун жакшыртылган тутумун иштеп чыгуу жана орнотуу боюнча төмөндөгү чараларды көрүү жана иштерди аткаруу.
| Иштер/иш-чара | Мөөнөтү |
6 | Маалыматтардын эс-тутум көлөмүн жана сактагычын сатып алуу жана тутумду техникалык жаңылоо | Подрядчынын графигине шайкеш келүүсү керек |
7 | Техникалык спецификацияларды даярдоого салым, сапатты контролдоо. Тутумду орнотуу, тестирлөө жана жайылтуу | Подрядчынын графигине шайкеш келүүсү керек |
6-берене. Сатып алуулар жана төлөмдөр
Норвегиянын 11000000 НК жалпы финансылык колдоосу Долбоордун иши үчүн төмөнкүдөй алдын ала бөлүштүрүү менен берилет:
Продуктулар үчүн 4000000 НК суммасына барабар төлөмдөр - 2013-жылы.
Продуктулар үчүн 3000000 НК суммасына барабар төлөмдөр - 2014-жылы.
Продуктулар үчүн 4000000 НК суммасына барабар төлөмдөр - 2015-жылы.
СКге берилген жана кабыл алынган Норвегиянын каражаттары Долбоордун бюджетине ылайык колдонулат. Бардык өзгөртүүлөр Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жактырылууга тийиш.
Долбоор менен байланыштуу ишти камсыздоо үчүн товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү эл аралык тендерлер аркылуу сатып алынып, муну менен сапаттын жана баалардын пайдалуу сунушталышы камсыздалат.
Кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу төлөмдөр алар көрсөтүлгөнгө чейин эки Тараптан кабыл алынат.
Долбоордун каражатынын белгилүү суммасын Норвегиянын Өкмөтүнүн атынан Долбоорду башкарууну жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн СКда сактоого жол берилет.
Норвегиянын каражаттары долбоордун ишинин бир бөлүгү катары аныкталган пункттардан башка учурларда Кадастр департаментинин персоналы, имараттары жана башка жалпы ички чыгымдары үчүн пайдаланылбайт.
Норвегиянын Өкмөтү коррупцияга каршы багытын катуу карманат, жана коррупцияга шектенүү болгон учурларда СК Норвегиянын Тышкы иштер министрлигине токтоосуз түрдө маалымат берүүгө милдеттенет.
Кадастр департаменти Долбоор ишке ашырылгандан кийин аппараттык, программалык иштетүүнү камсыздоо жана аларга байланыштуу чыгымдар үчүн жоопкерчиликте болот.
7-берене. Жетектөөчү Комитет
Жетектөөчү Комитет 4 мүчөдөн турат - ар бир тараптан 2ден адам. Жетектөөчү Комитет жыйынга жылына эки жолу, же Тараптардын бирөөнүн өтүнүчү менен чогулат. Подрядчылардан жолугушууга катышууну суранууга болот. Жетектөөчү Комитеттин төрагасы болуп кадастр департаментинин директору эсептелет.
8-берене. Отчеттуулук
СК гранттык каттын талаптарына ылайык Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин отчетторун түзүүгө жоопкерчиликтүү:
- Долбоорду ишке ашыруунун жаңыртылган планы жана долбоордун каражаттарын колдонуу жөнүндө отчет, анын ичинде бюджеттин акыркы жактырылган жалпы долбоору; пайдаланылган долбоордук каражаттар; отчеттук мезгилдеги жактырылган бюджет ар бир жылдын 1-мартына карата берилет;
- долбоордун жүрүшү жөнүндө отчет - Долбоордун иши жана финансылык абал жөнүндө толук отчет биринчи жылдан (2013-жыл) башка ар бир жылдын 1-сентябрында берилет жана Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жактырылууга тийиш;
- Долбоор аяктагандан кийинки 3 айдын ичинде долбоор боюнча финалдык отчет берилет.
9-берене. Мониторинг
СК долбоордун ишин Норвегиянын Өкмөтүнүн атынан башкарат жана мониторингдейт. СК өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн керектүү баардык маалыматтарды жана документтерди алууга укуктуу.
10-берене. Байланышуучу адамдар
Кадастр департаментинин байланышуучу адамдары:
Нарынбек Исабеков, Кадастр департаментинин Директору
Тел.: +996312665012
E-mail: isabekovn@,mail.ru
Долбоордун жетекчиси:
Бакытбек Жусупбеков, Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси
Тел.: +996312621353
E-mail: bakvtbek@yandex.ru
СК байланышуучу адамдары:
Хелге Онсруд, Директор, Өнүктүрүү жана Кыймылсыз Мүлккө Укук борбору
Тел.: + 47 32 11 83 56
Email: helge.onsrud@kartverket.no
Долбоордун жетекчиси:
Елена Буш, Улук Инженер, Өнүктүрүү жана Кыймылсыз Мүлккө Укук борбору
Тел.: + 47 32 11 85 12;
Email: elena.busch@kartverket.no
11-берене. Мөөнөтү
Долбоор кол коюлган учурдан тартып башталат жана 2015-жылдын 31-декабрына карата ишке ашырылат. Мөөнөт эки Тараптын өз ара макулдашуусу боюнча узартылышы жана Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жактырылышы мүмкүн.
12-берене. Талаштарды чечүү
Бул Макулдашууну аткарууга же чечмелөөгө байланыштуу талаштар чыккан учурда Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыздоо максатында СК менен Кадастр департаментинин ортосунда өз ара консультациялар өткөрүлөт.
Бул Макулдашууга байланыштуу, достук мамиле менен чечүүгө мүмкүн болбогон баардык талаштар макулдашылган башка жолдордун жардамы менен чечилет.
13-берене. Күчүнө кириши
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Эки Тараптын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилүүсү мүмкүн, алар өзүнчө протокол менен таризделет жана Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
___________ шаарында 2013-жылдын "__" ______ кыргыз, англис жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү жана баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
| Статенскартверк Норвегиянын Картографиялык кызматы |
_____________________________ Эрлан Сапарбаев Төрага |
| _____________________________ Хелге Онсруд Директор |
Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти |
|
|
_____________________________ Нарынбек Исабеков Директор |
|
|