Редакцияот 14.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 14-ноябры № 453-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмаштыруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

            Биринчи вице-премьер-министр,             Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

Ж.Оторбаев

 

Долбоор

 

Расмий эмес котормо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмаштыруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Корея Республикасынын Өкмөтү эки өлкөнүн аймагында жол кыймылын жеңилдетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Корея Республикасында берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну жана алмаштырууну камсыздоо ниетинде төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

1. Тараптар алмаштырууну жүргүзүү максатында бир Тараптын компетенттүү органы тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанышат. Айдоочулук күбөлүктөр бул Макулдашуунун тиркемесинде берилген эквиваленттик таблицага ылайык теориялык же практикалык сынактардан өтпөстөн алмаштырылууга тийиш.

2. Башка Тараптын аймагында жашап турууга уруксаты бар, бир Тараптын компетенттүү органы берген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлери бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык башка Тараптын компетенттүү органына алардын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн башка Тараптан берилген өзүнүн айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн каалаган убакта кайрыла алышат.

3. Тараптар өзүнүн тийиштүү улуттук мыйзамдарынын негизинде арыз ээсинин транспорттук каражатты башкаруу жөндөмүн тастыктоо үчүн арыз ээлеринен текшерүүдөн өтүүнү талап кылбастан, бул берененин 2-пунктуна ылайык улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырышат.

4. Бул берененин 3-пункту Тараптардын ар биринин айдоочулук күбөлүк алуу үчүн арыз ээсинин курагына, ден соолугуна же психикалык абалына карата башкарууга коюлган чектөөлөргө тийиштүү улуттук мыйзамдарына таасир тийгизбейт.

2-берене.

1. Алмаштыруучу Тараптын компетенттүү органы арыз ээсинен башка Тараптан берилген айдоочулук күбөлүктүн түп нускасын ошол Тараптын мамлекеттик же расмий тилине же англис тилине котормосун күбөлөндүрүү менен берүүнү талап кыла алат.

2. Алмаштыруучу Тараптын компетенттүү органы арыз ээсинен улуттук мыйзамдарга ылайык башка керектүү документтерди же жыйымдарды төлөгөнү тууралуу документтерди берүүнү талап кыла алат.

3-берене.

1. Бир Тараптын компетенттүү органы башка Тараптын айдоочуларын каттоо үчүн өзүнүн улуттук мыйзамдарын колдоно алат.

2. Тараптар бул Макулдашуунун күчү ушул Макулдашуунун тиркемесинде берилген эквиваленттик таблицага ылайык айдоочулук күбөлүктөрдүн тийиштүү категорияларына жана класстарына карата колдонулушуна макул.

4-берене.

Алмаштыруу үчүн берилген айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугуна же аныктыгына байланыштуу шектенүү пайда болгон учурда алмаштыруучу компетенттүү орган айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын же жарактуулугун текшерүү үчүн башка Тараптын компетенттүү органына кайрыла алат.

5-берене.

1. Алмаштыруу максатында Тараптардын биринин компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган айдоочулук күбөлүктөрдүн түп нускалары компетенттүү органда сакталууга тийиш жана барган өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүн тапшыргандан кийин ээсине кайра берилүүгө тийиш.

2. Айдоочулук күбөлүк алмаштырылгандан кийин, алмаштыруучу Тараптын компетенттүү органы айдоочулук күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсүн экинчи Тараптын компетенттүү органына жиберип, айдоочулук күбөлүктүн түп нускасынын жарактуулугу жана аныктыгы жөнүндө маалыматты сурай алат. Экинчи Тараптын компетенттүү органы мындай өтүнмөнү алганда айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугу жана аныктыгы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш.

6-берене.

1. Бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине төмөнкү маалыматтарды беришет:

а) өздөрүнүн компетенттүү органдарынын толук аталышын, дарегин, телефондорунун жана факсынын номурларын, электрондук даректерин;

б) бул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн.

2. Тараптар айдоочулук күбөлүктөрдөгү ар кандай өзгөртүүлөр жөнүндө же өздөрүнүн улуттук мыйзамдарында болгон жана бул Макулдашууну ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон кандайдыр бир өзгөртүүлөр же оңдоолор тууралуу, ошондой эле өздөрүнүн компетенттүү органдарынын байланыш маалыматтарындагы ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча дароо маалымдашат.

7-берене.

Тараптардын ортосунда бул Макулдашуунун 4, 5 жана 6-беренелеринде аталган байланыш англис тилинде жүргүзүлөт.

8-берене.

1. Бул Макулдашуу Тараптардын алар катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасир бербейт.

2. Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.

3. Бул Макулдашуу үчүнчү өлкөлөр тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууга байланыштуу Тараптардын компетенттүү органдары беришкен айдоочулук күбөлүктөргө карата колдонулбайт.

9-берене.

1. Бул Макулдашуу Тараптар мамлекет ичиндеги баардык жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө акыркы билдирүү алынган күндөн кийин отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.

2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Тараптардын ар бири өзүнүн бул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча кат жүзүндө билдирүү бере алат. Макулдашуу башка Тарап андай билдирүүнү алгандан кийин отузунчу (30) күнү өзүнүн жарактуулугун токтотот.

3. Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү, ушул берененин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирүүчү тиешелүү протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

Муну тастыктоо үчүн тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилгендер бул Макулдашууга кол коюшту.

 

201_-жылдын "__" _________________ кыргыз, орус, корей жана англис тилдеринде түзүлдү, баардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкча күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

 

Корея Республикасынын Өкмөтү

 

 

 

Тиркеме

Эквиваленттик таблица

1. Кореялык айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга мүмкүн болгон кыргыз айдоочулук күбөлүктөрү.

Кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүнүн категориялары

Ылайык келген айдоочулук күбөлүктөр

В - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун отургучунан сырткары, сегизден ашпаган отуруучу орундары бар автомобилдер ("А" категориясына кирген унаа каражаттарынан сырткары), жана/же

С1 - "D" категориясына киргендерден сырткары, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан жогору болгон, бирок 7500 килограммдан ашпаган автомобилдер, жана/же

С - "D" категориясына киргендерден сырткары, уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 килограммдан жогору болгон автомобилдер, жана/же

D1 - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары сегизден он алтыга чейин отуруучу орундары бар автомобилдер, жана/же

D - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары сегизден ашык отуруучу орундары бар автомобилдер, жана/же

ВЕ - уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашык жана жүгү жок автомобилдин салмагынан жогору болгон чиркегич менен чиркелген "В" категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан жогору болгон чиркегич менен чиркелген "В" категориясындагы автомобилдер, ал эми мындай курамдын уруксат берилген жалпы максималдуу салмагы 3500 килограммдан ашык, жана/же

С1Е - уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашык, бирок жүгү жок автомобилдин салмагынан жогору болбогон чиркегич менен чиркелген "С1" категориясыңдагы автомобилдер, ал эми мындай курамдын уруксат берилген жалпы максималдуу салмагы 12000 килограммдан ашпайт, жана/же

СЕ - уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашык болгон чиркегич менен чиркелген "С" категориясындагы автомобилдер, жана/же

D1Е - уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашык, бирок жүгү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган чиркегич менен чиркелген "D1" категориясындагы автомобилдер, ал эми мындай курамдын уруксат берилген жалпы максималдуу салмагы 12000 килограммдан ашпайт, жана/же

DЕ - уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашык болгон чиркегич менен чиркелген "D" категориясындагы автомобилдер.

 

 

 

Экинчи класс стандарттык айдоочулук күбөлүктөр:

- жеңил автомобилдер (10 жүргүнчүдөн аз автобустарды кошкондо);

- 4 тоннага чейинки жүк ташуучу автомобилдер;

- кыймылдаткычтын көлөмү 125 куб.см төмөн мотоциклдер (мопеддер).

2. Кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга мүмкүн болгон кореялык айдоочулук күбөлүктөр.

Айдоочулук күбөлүктөр

Кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүнүн ылайык келген категориялары

Биринчи класстагы Атайын айдоочулук укуктар Биринчи класстагы айдоочулук укуктар (чоң жүк ташуучу авто үчүн) Биринчи класстагы стандарттык айдоочулук укуктар Экинчи класстагы стандарттык айдоочулук күбөлүктөр:

- жеңил автомобилдер (10 жүргүнчүдөн аз автобустарды кошкондо);

- 4 тоннага чейинки жүк ташуучу автомобилдер; - кыймылдаткычтын көлөмү менен 125 куб.см төмөн мотоциклдер (мопеддер).

В - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун отургучунан сырткары, сегизден ашпаган отуруучу оруну бар автомобилдер ("А" категориясына кирген унаа каражаттардан сырткары), жана/же

С1 - "D" категориясына киргендерден сырткары, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан жогору болгон, бирок 7500 килограммдан ашпаган автомобилдер