Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 2-декабры № 472-б
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү,
Туруктуу узак мөөнөттүү негизде экономикалык жана техникалык кызматташтык жаатында өз ара мамилелерди кеңейтүүнү каалап,
Экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө Тараптарды байланыштыруучу эл аралык макулдашуулардын жоболорун көңүлгө алуу менен,
Өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө өзүнүн кызыкчылыгын ырастап,
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
(1)-берене: Макулдашуунун максаты
Макулдашуунун максаты болуп Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык теңчиликтин жана өз ара пайданын негизинде экономика, соода чөйрөлөрүндө жана техникалык тармакта кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
(2)-берене: Кызматташуу тармактары
1. Тараптардын ортосундагы кызматташтык төмөнкү тармактарды камтыйт, бирок булар менен эле чектелбейт:
а) өнөр жай;
б) телекоммуникация;
в) транспорт;
г) интеллектуалдык менчикти коргоо;
д) соода жана инвестициялар;
е) саламаттык сактоо;
е) туризм;
ж) инфраструктура;
з) айыл чарба;
и) энергетика;
й) илим жана технологиялар;
к) өз ара макулдашуусу мүмкүн болгон экономикалык, техникалык жана соода кызматташтыгынын башка чөйрөлөрү.
2. Тараптар эки тараптуу мамилелердин үзгүлтүксүз өнүгүүсүн жана Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык саясаттарынын артыкчылыктарын эске алуу менен көбүрөөк пайдасы тийиши мүмкүн болгон башка чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө чечим кабыл ала алышат.
(3)-берене: Кызматташуу механизми
Эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча башка пайдалуу чараларга тоскоолдук кылбастан жана эки тараптуу экономикалык мамилелерди чыңдоо максатында Тараптар:
1. Өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкка дем берүүгө жана өнүктүрүүгө арналган жармаңке, көргөзмө, симпозиумдар сыяктуу демилгелерге жана башка жолугушууларга Тараптардын жеке жана юридикалык жактарынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт;
2. Мыйзамдар, экономикалык программалар, бизнес боюнча эки өлкөдөгү экономикалык абал жөнүндө маалымат жана өз ара кызыкчылыкты жараткан башка маалымат менен алмашууга бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт;
3. Эки тараптуу соодага, техникалык жана экономикалык кызматташтыкка тоскоол болгон көйгөйлөрдү аныкташат, ошондой эле бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды сунушташат;
4. Эки өлкөдө инвесторлор үчүн атайын мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды, мындай чаралар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттемелерине канчалык ылайык келсе, ошончолук узак мөөнөткө беришет.
(4)-берене: Энергетика тармагындагы кызматташтык
Энергетика чөйрөсүндө, тактап айтканда энергиянын жаңыланма булактарына жана энергетикалык натыйжалуулукка карата кызматташууну кеңейтүү максатында Тараптар:
1. Энергиянын жаңыланма булактарына жана энергетикалык натыйжалуулукка инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ылайыктуу саясаттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшөт;
2. Жаңыланма энергетика жана энергетикалык натыйжалуулук жаатындагы ченемдик укуктук база жөнүндө маалымат алмашат;
3. Тараптардын энергетика секторундагы профессионалдык ассоциациялардын, өнөр жай ээлеринин жана инвесторлордун ортосундагы байланыштарды бекемдешет;
4. Инвестицияларды көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында пландар жана энергетикалык долбоорлор жөнүндө маалымат алмашууга демилге көрсөтүшөт;
5. Энергияны туруктуу өндүрүүнү жана пайдаланууну камсыз кылууга багытталган технологияларды берүүгө көмөк көрсөтүшөт;
6. Жаңыланма энергетика жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча тажрыйба алмашуу максатында конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
(5)-берене: Интеллектуалдык менчик
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын жана эл аралык милдеттенмелердин алкагында Тараптар интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылышат жана чыңдашат.
(6)-берене: Биргелешкен экономикалык комиссияны уюштуруу
1) Тараптардын өкүлдөрүнөн жана зарыл болгон учурда Тараптардын мамлекеттеринин ишканаларынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен экономикалык комиссия ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аныкталган экономикалык, соода жана техникалык кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу координациялоо жана алдыга жылдыруу үчүн түзүлөт.
1. Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу.
2. Ушул Макулдашууда каралган же Тараптардын ортосунда кийинчерээк башкача түрдө макулдашылган чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү.
3. Чектөөлөрдү аныктоо жана экономикалык, соода жана техникалык кызматташтыкты өз убагында камсыз кылуу, ошондой эле аларды жеңүү үчүн чечимдерди сунуштоо.
2) Биргелешкен экономикалык комиссия Тараптардын биринин суроо-талабы жана экинчи Тарап менен макулдашуу боюнча эки өлкөдө кезеги менен жыйындарды өткөрөт.
3) Ар бир Тарап өз тарабынын Төрагасын ("Теңтөрага" деп аталуучу) дайындайт жана ар бир Теңтөрага Комиссиянын тиешелүү бөлүгүнүн Катчысын дайындайт.
4) Кабыл алуучу Тарап жыйын болуучу күндү жана анын Күн тартибин сунушташы керек, анын катчысы Протоколду даярдоого жооптуу болот.
5) Конкреттүү маселелерди талкуулоо үчүн Комиссия жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимди алардын милдеттерин белгилөө менен кабыл алышы мүмкүн.
6) Ар бир Тарап өзүнүн делегацияларынын Биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйынына катышууга кеткен чыгымдарын өзүнө алат.
(7)-берене: Региондук жана эл аралык макулдашуулар
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын мамлекеттеринин укуктарына жана милдеттенмелерине, ошондой эле Тараптардын региондук жана эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыккан укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
(8)-берене: Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана аны пайдаланууда келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү же консультацияларды жүргүзүү жолу аркылуу чечилет.
(9)-берене: Оңдоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирген өзүнчө Протоколдор менен таризделет.
(10)-берене: Күчүнө кирүү, колдонуу мөөнөтү, жаңыртуу жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу беш жыл күчүндө болот жана эгерде Тараптардын бири анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө экинчи Тарапка аны колдонууну токтотуу жөнүндө ниетин билдирбесе, ал ушундай эле мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
3. Ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган учурда, эгер Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, жоболорго ылайык түзүлгөн жана ишке ашырыла элек келишимдерден келип чыккан милдеттенмелер мындай келишимдер толук ишке ашырылганга чейин күчүндө калат.
________________ шаарында 201__-жылдын "__" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлгөн, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилдеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн |