Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 2-декабры № 473-б
1. "Ош" эл аралык аэропортун кайра конструкциялоо же жаңыдан куруу жөнүндө маселени изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө "Ош" эл аралык аэропортун кайра конструкциялоо же Ош облусунун аймагында (Ош шаарына жакын жерде) жаңыдан куруу жөнүндө маселени изилдесин жана иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 473-б буйругуна тиркеме |
Дыйканов Максатбек Дыйканович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Абдиев Маматазим Табалдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 36717 аскер бөлүгүнүн штабынын начальниги; |
Баатыров Жаныбек Маришович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальниги; |
Бабак Елена Александровна | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэродромдорду пайдаланууга берүү боюнча директору (макулдашуу боюнча); |
Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович | - | Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун өндүрүштү башкаруу боюнча вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Карибеков Жеңиш Ташенович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун сатуу бөлүмүнүн менеджери (макулдашуу боюнча); |
Кеңешов Төлөбай Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин курулуш, аймактарды өнүктүрүү жана долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги; |
Матазимов Искандербек Токтобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин түштүк башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Махаммадов Ахматжан Махаммадович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Өмүралиев Медербек Өмүралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун илим боюнча директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Рахманов Улукбек Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Сулайманов Нургазы Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар башкармалыгынын инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башкы адиси; |
Токтобеков Мураталы Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары; |
Турдумамбетов Алмазбек Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары; |
Турсунбаев Бахтияр Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин аэродромдорду тастыктоо бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Шевченко Кирилл Олегович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Инвестициялык өнүктүрүү департаментинин директору (макулдашуу боюнча); |
Эшназаров Наби Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин геология башкармалыгынын начальниги. |