Редакцияот 10.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 10-декабры № 483-б

Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор тарабынан чыгарылган, Кыргыз Республикасынын Өкметунөн карыздын суммасын өндүрүү жөнүнде арбитраждык чечимди таануу жана аткаруу женүндө "Систем Мюхендислик Иншаат Санайи ве Тиджарет А.Ш." түрк компаниясынын доосу боюнча Америка Кошмо Штаттары, Нью-Йорк шаарынын Округдук сотунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн кызыкчылыктарын укуктук коргоо жана көздөө максатында:

1.  Америка Кошмо Штаттары, Нью-Йорк шаарынын Округдук сотунда "Систем Мюхендислик Иншаат Санайи ве Тиджарет А.Ш." түрк компаниясынын доо арызын кароодо тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн жумушчу тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү дайындалсын.

2. Жумушчу топтун жетекчисине жана мучөлөрүне ишти кароонун бардык стадияларында аталган иш боюнча сот жыйындарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.

3. Жумушчу топ "Систем Мюхендислик Иншаат Санайи ве Тиджарет А.Ш." түрк компаниясынын доо талаптарын дыкаттык менен изилдеп чыксын жана Америка Кошмо Штаттары, Нью-Йорк шаарынын Округдук сотунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырсын.

4. Жумушчу топтун жетекчисине адистерди жана эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Систем Мюхендислик Иншаат Санайи ве Тиджарет А.Ш." түрк компаниясынын доо арызы боюнча угууларга катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттары, Нью-Йорк шаарына жумушчу топтун ишине жана баруусуна байланышкан чыгымдарга каражат издеп тапсын.

6. Жумушчу топту уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.

7. Контроль за исполнением настоящего распоряжения возложить на соответствующие отделы Аппарата Правительства Кыргызской Республики.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын "10" декабоындагы № 483-б буйругуна тиркеме

 

"Систем Мюхендислик Иншаат Санайи ве Тиджарет A.III." түрк  компаниясынын доосу боюнча Америка Кошмо III гапары. Нью-Йорк  шаарынын Округдук сотунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  кызыкчылыктарын коргоо жана көздөө боюнча жумушчу топтун

курамы

Байгөнчөков Мирланбек Конушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Молдоканова Динара - Кыргыз Республикасынын Финансы Нурлановна     министрлигинин укуктук колдоо көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси;

Касымов Нурбек Исанбекович - Нью-Йорк шаарындагы БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкулчүлүгүнүн биринчи катчысы;

Шатенов Айбек Аубекирович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун директорунун орун басары;

Шарабидинов Нурбек Шарабидинович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук            коопсуздук комитетинин Коррупцияга карты кызматы бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Умаркулов Нурлан Нарзиллаевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүктөрү боюнча башкармалыгынын ага прокурору (макулдашуу боюнча).