Загрузка документа…
2010-жылы 12-июлу № 11-т
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын ченемдерин ишке ашыруу жана колдонуудагы мыйзамдарды анын мазмуна ылайык келтирүү максатында:
1.Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын ченемдерин практикада ишке ашырууну даярдоого жана колдонуудагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүүгө байланыштуу маселерди иштеп чыгуу үчүн тиркемеге ылайык курамдагы жумушчу топ (мындан ары – жумушчу топ) түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу А.Ж. Салянова жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары С.С. Касмамбетов жана Конституциялык кеңешминин Катчылыгынын жетекчиси Д.И.Нарымбаев жумушчу топтун жетекчисинин орун басарлары болуп аныкталсын.
2.Жумушчу топко консультациялык, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү үчүн Европа бирлигинин жана БУУӨПнын консультациялык жана парламенттик реформаны колдоо боюнча долбооруна кайрылуу жасалсын.
3.Жумушчу топтун жетекчиси:
-2010-жылдын 16-июнуна чейин жумушчу топтун секцияларынын курамын бекитсин;
-Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги мыйзам долбоорлорунун тизмегин иштеп чыксын жана бекитсин;
-зарыл болгондо жумушчу топко техникалык, эксперттик жана башка жардам көрсөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасында иштеп жаткан эл аралык уюмдар жана долбоорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
4.Зарыл болгон учурда жумушчу топтун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча ишке катышууга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын, министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
5.Жумушчу топ 2010-жылдын 1-ноябрына чейин ченемдик укуктук акылардын долбоорлорун тизмекке ылайык иштеп чыксын жана жумушчу топтун ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын.
6.Жумушчу топтун уюштуруучулук жана техникалык камсыз болуусу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын конституциялык реформалар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7.Ушул тескеме 2010-жылдын 12-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары: |
Ө.Текебаев |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Орун басары Ө.Текебаевдин 2010-жылдын 12-июлундагы № 11-т тескемесине тиркеме |
Салянова Аида Женишбековна | -Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу, жумушчу топтун жетекчиси; |
Касмамбетов Суюнбербек Сапарбекович | -Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Нарымбаев Данияр Ильич | -Конституциялык кеңешменин Катчылыгынын жетекчиси, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Алымбеков Эркин Жумабаевич |
|
Алысбаев Нурлан Сатылканович |
|
Исмаилов Анарбек Касымович |
|
Кадырбеков Ишенбай Дюйшембиевич |
|
Камчыбекова Жылдыз Самидиновна |
|
Летова Ирина Витальевна |
|
Мамединовна Чинара Кудайбердиевна |
|
Маматкеримова Гульмира Рысбековна |
|
Майчиев Шамарал Юсупович |
|
Мусабекова Чинара Абдыбакасовна |
|
Осконбаев Эмил Жолдошевич |
|
Сыдыков Нурлан Берикович |
|
Тюрер Айчурек Калыбековна |
|
Сатаров Улан Мелисович |
|
Сергеева Наталья Дмитриевна |
|
Турдалиев Курманбек Абдыкеримович |
|
Укушов Мурат Каниметович |
|
Усупашвили Давид |