Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-декабры № 496-б
Кыргыз Республикасынын жана Румыниянын жарандарынын өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Румыния Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө Макулдашуунун долбоору, принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Румыния Республикасынын Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
мындан ары да эки мамлекеттин ортосунда эки тараптуу мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенип,
дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимдин шарттарын жеңилдетүүгө даярдыгын билдирип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Эки Тараптын тең мамлекеттеринин жарандары, дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери ушул Макулдашууда каралган шарттарда, эки Тараптын тең визасынан бошотулат.
2-берене.
1) Тараптар дипломаттык жана/же кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарына өздөрүнүн аймактары аркылуу кирүү визасыз эле кирүүгө, чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат беришет.
2) Эки Тараптын тең мамлекеттеринин жарандары, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлери экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күнгө чейин кире алышат, транзиттик өтө алышат же боло алышат.
3) Румыния тарабынан Шенген эрежелери толук ишке ашырылган күндөн баштап, Румыния аймагында болуунун көрсөтүлгөн мезгили Кыргыз Республикасынын жарандарына, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлерине да, алар Румыниянын аймагына жана/же чек араларда текшерүүлөрдү бара-бара алып салуу жөнүндө 1985-жылдын 14-июнундагы Шенген макулдашуусун колдонуу жөнүндө Конвенциянын аракети таралган ар кандай башка мамлекеттин аймагына келген күндөн баштап таратууга тийиш.
3-берене.
1) Эки Тараптын тең мамлекеттеринин жарандары, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлери, башка Тараптын аймагында аккредитацияланган дипломатиялык миссиянын жана консулдук мекемелердин өкүлдөрү, экинчи Тараптын аймагына визасыз кире алышат, чыга алышат, анда боло алышат.
2) Адамдардын жогоруда саналган категорияларынын үй-бүлө мүчөлөрү, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлери да визалык режимден бошотулат.
3) Мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же анын консулдук мекемеси (1) жана (2) - пункттарда көрсөтүлгөн адамдардын рангы жана келген датасы тууралуу, ошондой эле алардын расмий миссиясынын аяктагандыгы жана кабыл алган мамлекеттин аймагынан чыгып кеткен датасы тууралуу мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине маалымдашы керек.
4-берене.
Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлери экинчи Тараптын аймагына эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуулар үчүн арналган чек ара пункттары аркылуу гана кире алышат.
5-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин жарандарына таандык болгон дипломаттык жана/же кызматтык паспортторду колдонуу мөөнөтү, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирген күндөн баштап 6 (алты) айдан кем болбоого тийиш.
6-берене.
1) Тараптардын мамлекетинин ар биринин жарандары, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээлери, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын жана эрежелерин Тараптардын аймагында болгон бардык мөөнөт ичинде урматтоого жана сактоо тийиш.
2) Тараптар экинчи мамлекеттин жаранына, дипломаттык жана/же кызматтык паспорттордун ээсине, коомдук укук тартиби, калктын саламаттыгы, улуттук коопсуздук түшүнүктөрүнөн улам же келүүсү орунсуз деп жарыяланган адамдарга өз мамлекетинин аймагына кирүүдө баш тартуу же болуу мөөнөтүн кыскартуу укугун сактап калышат.
7-берене.
1) Тараптар ушул Макулдашууга кол койгон күндөн баштап 30 (отуз) күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн алмашууга тийиш.
2) Жаңы дипломатиялык жана/же кызматтык паспорттор киргизилген учурда Тараптар бул паспорттордун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу мындай паспортту берүү жана колдонуу башталганга чейин кеминде 30 күн мурда алмашууга тийиш.
8-берене.
1) Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында дипломаттык жана/же кызматтык паспорт жоготулган, бузулган же уурдалган учурда, анын ээси бул фактыларды расмий ырастап бере алчу кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органдарына маалымдоого тийиш.
2) Документтери жоголгон, бузулган же уурдалган адамдар, алар жарандары болуп саналган Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан берилген жарандын инсандыгын ырастаган жана чек арадан визаларсыз жана башка уруксаттарсыз өтүүгө укук берген чыныгы жол кире документтеринин негизинде аймактан чыгып кете алат.
9-берене.
1) Ушул Макулдашуу белгиленбеген мөөнөткө түзүлдү.
2) Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аякталгандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн баштап 30 (отуз) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү ушул Макулдашуунун 9 (2) - беренесинде аныкталган тартипте күчүнө кирет.
11-берене.
1) Тараптардын ар бири коомдук тартипти сактоо, калктын саламаттыгы, улуттук коопсуздук түшүнүктөрүнөн улам бул Макулдашууну колдонууну жалпысынан же жарым-жартылай убактылуу токтото алат.
2) Макулдашууну колдонууну токтото туруу тууралуу чечим экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча мындай чечим күчүнө киргенге чейин кеминде 48 саат мурда билдирилүүгө тийиш. Бул Макулдашууну колдонууну токтото туруучу Тарап, экинчи Тарапка бул Макулдашууну токтото туруучу себептердин мындан ары жоктугун токтоосуз билдирүүгө тийиш.
12-берене.
1) Тараптардын ар бири ушул Макулдашууну колдонууну экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүү менен токтото алат. Ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун экинчи Тараптан мындай билдирүү алган учурдан баштап 30 (отуз) күн өткөндөн кийин токтотот.
2) Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан ар кандай пикирлер же талаштар Тараптар ортосунда консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
____________________ шаарында 201__-жылдын "__" ____________ эки нускада, кыргыз, орус, румын жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Түшүндүрүүдө айырмачылыктар чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Румыния Өкмөтү үчүн |