Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-декабры № 498-б
Заманбап кампа бажылык-логистикалык комплекстерди куруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө "Эркеч-Там" жана "Торугарт" чек ара өткөрүү пункттарынын жанында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында заманбап кампа бажылык-логистикалык комплекстерин куруу жөнүндө маселени иликтеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери алардын ишинин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматты тоскоолсуз беришсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 498-б буйругуна тиркеме |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Маматалиев Г.С. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Алымкулов Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Асылбеков Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын начальниги; |
Алышбаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажы жол-жоболору башкармалыгынын начальниги; |
Бекташев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Жайчиев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары; |
Жумалиев З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түндүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги; |
Калманбетов У.К. | - | Нарын облусунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги; |
Кулмамбетов С.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Махаммадов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Маматов И.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түштүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги; |
Тентимишов Ж. | - | Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Төлөгенов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Токтоналиева Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмунүн башчысы; |
Үсөнбаев Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары; |
Өскөмбаев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү талдоо жана тобокелдиктерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Исаков Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы салмакты-габаритти контролдоо жана тоннелдик кызмат башкармалыгынын-начальнигинин орун басары; |
Шалтаев Ы.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. |