Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-декабры № 509-б
Эмгек ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокованын күтүүсүз дүйнөдөн кайткандыгына жана сөөгүн коюу зыйнатын уюштурууга байланыштуу:
1. Сөөк коюу зыйнатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аза күтүү зыйнаты өткөрүлүүчү жер Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын Дүйшөнкул Шопоков атындагы музейи;
- аза күтүү зыйнатын еткөрүү күнү 2013-жылдын 25-декабры, саат 10:00;
- сөөк коюулуучу жер Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын көрүстөнү.
2. Керимбүбү Шопокованын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- сөөк коюу зыйнатына катышуучуларды ташуу үчүн автоунаа берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан гүлчамбар даярдасын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- сөөк коюу зыйнатын өткөрүүнү үн күчөткүч аппаратура менен камсыздасын;
- эмгек ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокованын өмүрү жана иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын коопсуз кыймылын камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги сөөк коюу зыйнатын өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун жана уйлөме аспаптар оркестринин катышуусун камсыз кылсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алпаратынын бил им берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын "24" декабрындагы № 509-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр;
Узакбаев Чынгысбек Макишович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Суранчиев Абдулда Шергазиевич - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Коеналиев Туруспек Кармышевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;
Эргешов Алтынбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Муратов Абдиманнап Аттокуровнч - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Орозалиев Акылбек Атабекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрлар иштери бөлүмүнүн инспектору;
Кенжебаев Аманкан Баатырбекович - Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Султанбаева Айнура Жолдошбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
Акималиев Жамин Акималиевич - Кыргыз илим-изилдөө дыйканчылык институтунун башкы директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);
Алымкулов Карыпбек Алымкулович - техника илимдеринин доктору, профессор, эмгек ардагери (макулдашуу боюнча);
Кубатбеков Курман Кубатбекович - Керимбүбү Шопокованын уулу (макулдашуу боюнча).