Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-апрели № 370
Чет мамлекеттердин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына келишин (чыгышын) жана болушун эсепке алуу жана контролдоо маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун макулдашылган сунуштарын иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте автоматташтырылган эсепке алуу жана контролдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды каттоо жол-жобосун киргизүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Мусаев Көлбай Алишерович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Алымбеков Бактыбек Маданбекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Исаев Асеин Кусеинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кожобеков Асылбек Эсенжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Адашпасов Таалайбек Зулкарович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары; |
Абдраев Бектур Асымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Молдогазиев Айбек Бейшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Давлетов Эльдар Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү секторунун башчысы; |
Тотуяев Уланбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин экинчи катчысы. |