Редакцияот 27.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 27-марты № 110

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 29-30-мартында болуучу "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу шарттарын талкуулоо боюнча "Газпром" ачык акционердик коому менен эки тараптуу суйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

 

Оторбаев Жоомарт Каипович*

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Калиев Айбек Рыспекович**

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Мамбеталиева Жылдыз Жээибаевна**

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Касымалиев Адылбек Алешович**

- Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

Саякбаев Данияр Асылбекович**

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин үчүнчү катчысы;

Кулмурзаев Тургунбек  -Насипович**

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Орленко Евгений Васильевич**

- "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).

2. Иш сапарга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Эскертүү:

(*)- 2013-жылдын 29-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилет;

(**) - 2013-жылдын 29-30-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев