Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-апрели № 402
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 7-сентябрындагы № 420 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансылык полиция)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатору - Координациялык штабдын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Баткен облусу боюнча башкармасынын начальниги - Координациялык штабдын начальнигинин орун басары.
Координациялык штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин командачысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облустук бажыканасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоочу иш башкармасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк региондор аралык башкармасынын начальниги;
Баткен облусунун Ички иштер башкармасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансылык полициянын) Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча региондор аралык башкармасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармасынын начальнигинин орун басары - Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкарманын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча коррупцияга каршы башкармасынын начальниги.