Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну ПБ № 90
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы (мындан ары - Тараптар аталышып), эгемендикти, теңдикти өз ара урматтоонун негизинде жана жазык-укук чөйрөсүндө эки мамлекеттин кызматташтыгын чыңдоодо жана соттолгон адамдарга өздөрү жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөөгө мүмкүнчүлүк берүүдө, ошондой эле соттолгондорду коомго кайтышы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында төмөнкүлөр туурасында келишим түзүштү:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Келишимдин максатына жетүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдердин чечмелениши:
(a) "Өткөрүп берүүчү тарап" - соттолгон адамды өз аймагынан өткөрүп берип жаткан же өткөрүп берген Тарап;
(b) "Кабыл алуучу тарап" - соттолгон адамды өз аймагына кабыл алып жаткан же кабыл алган Тарап;
(c) "Соттолгон адам" - Өткөрүп берип жаткан тараптын соту тарабынан эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаланууга соттолгон адам.
2-берене. Жалпы жоболор
Тараптар соттолгон адамдарды Өткөрүп берүүчү тарап дайындаган Кабыл алуучу тараптын аймагында жазасын өтөө үчүн ушул Келишимдин жоболоруна ылайык өз ара өткөрүп бере алат.
3-берене. Борбордук органдар
1. Ушул Келишимдин максаттарын аткаруу үчүн Тараптар борбордук органдар аркылуу бул максат үчүн бири-бири менен байланышты жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кытай Эл Республикасынан КЭРдин Юстиция министрлиги ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн борбордук орган болуп саналат. Тараптардын биринин борбордук органы өзгөргөн учурда дипломатиялык байланыштар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлап коюусу зарыл.
4-берене. Өткөрүп берүүнүн шарттары
1. Төмөнкү шарттар сакталган учурда гана соттолгон адамды өткөрүп берүү мүмкүн:
(a) соттолгон адам Кабыл алуучу тараптын жараны болуп саналса;
(b) соттолгон адамдын жасаган жосуну Кабыл алуучу тараптын мыйзамдары боюнча кылмыш болуп саналса;
(c) өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап түшкөн учурда соттолгон адамды камоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу юридикалык күчүнө кирсе жана соттолгон адамдын өтөй элек жаза мөөнөтү бир жылдан кем болбосо;
(d) өткөрүп берүүгө соттолгон адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу болсо же соттолгон адамдын жаш курагына, ден-соолугуна, психикалык абалына байланыштуу анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу болсо;
(е) эки Тарап өткөрүп берүү жөнүндө макулдукка жетишсе.
2. Айрым бир учурларда жаза мөөнөтү ушул берененин 1 (с) - пунктунда белгиленген мөөнөткө ылайык келбеген учурда да Тараптардын борбордук органдар өткөрүп берүү жөнүндө макулдукка жетише алышат.
5-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
1. Соттолгон адамды өткөрүп берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
(a) эгер Тараптардын бири соттолгон адамды өткөрүп берүү анын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартибине зыян келтирсе же анын мыйзамдарынын эң негизги принциптерине, карама каршы келсе;
(b) соттолгон адамга карата мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирген кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоо өкүмү чыгарылса;
(c) соттолгон адамдын Өткөрүп берип жаткан тараптын аймагында соттолгон адамга карата биротоло өкүм чыгарыла элек башка жазык иши козголсо.
2. Ушул берененин 1-пунктунда каралбаган башка учурларда Тараптардын ар бири экинчи Тараптын өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчүнө макулдугу же баш тартуусу жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
6-берене. Өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч жана ага жооп
1. Ушул Келишимге ылайык соттолгон адам өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч менен Тараптардын бирине кайрыла алат.
2. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты Тараптардын ар кимиси билдире алат. Өтүнүчтү алган тарап соттолгон адамды өткөрүп берүүгө макулдугу же соттолгон адамды өткөрүп берүүдөн баш тарта тургандыгы жөнүндө өтүнүч билдирген тарапка кыска мөөнөттө кабарлайт.
3. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жана анын жообу ушул Келишимдин 3-беренесинде көрсөтүлгөн каналдар боюнча жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш.
7-берене. Зарыл документтер
1. Тараптардын биринин өткөрүп берүүгө макул болбогон учурларын кошпогондо, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап түшкөндө Өткөрүп берүүчү тарап Кабыл алуучу тарапка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
(a) өкүмдүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле ага негизделип өкүм чыгарылган ченемдик-укуктук актылардын тийиштүү жоболорунун тексттери;
(b) жазанын түрү, мөөнөттөрү жана жаза өтөө мөөнөтүнүн башталгандыгы жөнүндөгү маалыматтар;
(c) соттолгон адамдын жаза өтөгөн учурдагы мүнөздөмөсү жана алдын ала камакка алуу, мөөнөттөрүн кыскартуу жөнүндө, өтөлө элек мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды кошкондо, жазанын өтөгөн мөөнөтү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жазаны аткарууга тиешеси бар башка маалыматтар кирет;
(d) ушул Келишимдин 4-беренесинин 1-пунктунун (d) пунктчасында көрсөтүлгөн соттолгон адамдын өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу;
(е) соттолгон адамдын саламаттык абалы жөнүндө маалым кат.
2. Кабыл алуучу тарап Өткөрүп берүүчү тарапка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
(a) соттолгон адам Кабыл алуучу тараптын жараны болуп санала тургандыгын далилдөөчү документтер;
(b) соттолгон адамга карата чыгарылган өкүм боюнча анын жосуну кылмыш экендиги тууралуу Кабыл алуучу тараптын ченемдик - укуктук актыларынын жоболорунун тексттери;
(c) Өткөрүп берген тарап дайындаган жазаны Кабыл алган тараптын мыйзамдарына ылайык аткаруу жол-жобосу жана тартиби жөнүндө маалыматтар.
8-берене. Соттолгон адамга кабарлоо
1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык алар өткөрүп берилиши мүмкүн экендиги жөнүндө Тараптар өз аймагынын чегиндеги ушул Келишим колдонулуучу соттолгон адамдарга кабарлоого тийиш.
2. Тараптар ушул Келишимдин 5-6-беренесине ылайык Кабыл алуучу же Өткөрүп берүүчү Тарап кабыл алган өткөрүп берүү жөнүндөгү суроо-талап боюнча чаралар же чечим жөнүндө соттолгон адамга жазуу жүзүндө кабарлайт.
9-берене. Соттолгон адамдын макулдугу жана макулдук берүү
шарттарынын сакталышын текшерүү
1. Өткөрүп берүүчү Тарап соттолгон адам же анын мыйзамдуу өкүлү өткөрүп берүүнүн юридикалык натыйжасын толук түшүнүү менен ага макулдугун ыктыярдуу түрдө билдиришин жана өткөрүп берүүгө макул экендиги жөнүндө өзүнүн арызында муну ырастоосун камсыз кылууга тийиш.
2. Кабыл алуучу тараптын өтүнүчү боюнча Өткөрүп берүүчү тарап Кабыл алуучу тарап дайындаган расмий адамдарга ушул берененин 1-пунктунда каралган соттолгон адамдын өткөрүп берүүгө макулдук берүү шарттарынын сакталышын текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
10-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүү
Өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга жетишилген учурда Тараптар ушул Келишимдин 3-беренесинде көрсөтүлгөн каналдар аркылуу соттолгон адамды өткөрүп берүүнүн убактысы, орду жана тартиби жөнүндө макулдашышат.
11-берене. Жазаны аткаруу
1. Кабыл алуучу тарап соттолгон адамды кабыл алгандан кийин өзүнүн мыйзамдарына, ошондой эле Өткөрүп берүүчү тарап дайындаган жазанын түрүнө жана мөөнөтүнө ылайык жазанын аткарылышын улантууну камсыз кылат.
2. Эгерде Өткөрүп берген тарап дайындаган жазанын чаралары же мөөнөтү, Кабыл алып жаткан тараптын мыйзамдарына ылайык келбесе Кабыл алып жаткан тарап Өткөрүп берген тараптын өкүмүн бул сыяктуу кылмыштар үчүн Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарында каралган жазага ылайык келтире алат. Жазаны ушундайча ылайык келтирүү учурунда:
(a) Кабыл алуучу тарап Өткөрүп берүүчү тараптын өкүмүндө белгиленген факты жүзүндөгү иш жагдайларына негизденүүгө тийиш;
(b) Кабыл алуучу тарап эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мүлктүк жаза тарттыруу менен алмаштырбоого тийиш;
(c) ылайык келтирилген жаза Өткөрүп берүүчү тараптын өкүмүндө аныкталган жазага максималдуу ылайык келүүгө тийиш;
(d) ылайык келтирилген жаза Өткөрүп берүүчү тараптын өкүмүндө аныкталгандардан оор болушу, ошондой эле мөөнөтү боюнча Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарында колдонулуучу өкүмдүн ушундай эле кылмыш үчүн өкүмдүн максималдуу жаза мөөнөтүнөн ашпоого тийиш;
(е) ылайык келтирилген жаза Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарында каралган ошондой эле кылмыш үчүн минималдуу жаза тарттыруу менен чекттелбөөгө тийиш; жана
(f) соттолгон адамдын жазасынын Өткөрүп берүүчү тараптын аймагында өтөгөн бөлүгү камак мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.
3. Ушул берененин 2-пунктуна ылайык жаза өзгөргөн учурда Кабыл алуучу тарап Өткөрүп берүүчү тарапка жазанын өзгөртүлүшү жөнүндө Соттун чечиминин көчүрмөсүн жөнөтөт.
4. Кабыл алган тарап өзүнүн мыйзамдарына ылайык соттолгон адамга карата жазанын мөөнөтүн кыскартуу, шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чараларды, ошондой эле жазаны аткаруу жагынан колдонулуучу башка чараларды колдонууга укуктуу.
12-берене. Юрисдикцияны сактоо
1. Өткөрүп берүүчү тарап айыптоо өкүмдөрүн жана соттор чыгарган өкүмдөрдү өзгөртүү же бузуу укугун сактайт.
2. Кабыл алуучу тарап ушул беренеге ылайык Өткөрүп берүүчү тараптын сотунун чечимине ылайык өкүмдү ар кандай өзгөртүү же бузуу жөнүндө маалымат алары менен жазаны ага токтоосуз ылайык келтирүүгө же жазанын аткарылышын токтотууга тийиш.
13-берене. Мунапыс жана ырайым кылуу
Тараптардын ар бири өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык өткөрүп берилген соттолгон адамга карата мунапыс жана ырайым кылуу чараларын колдоно алат, ушул Келишимдин 3-беренесинде белгиленген каналдар аркылуу бул туурасында экинчи Тарапка өз учурунда кабарлоого тийиш.
14-берене. Жазанын аткарылышы жөнүндө маалымат
Кабыл алган тарап Өткөрүп берген тарапка төмөнкү учурларда жазанын аткарылышы жөнүндө өз учурунда маалымат берет:
(a) жаза толугу менен аткарылса;
(b) соттолгон адам жазасын өтөп бүткөнгө чейин качып кетсе же өлсө;
(c) өткөрүп берүүчү тарап өзгөчө түшүнүк берүүнү сураса.
15-берене. Транзит
1. Эгерде Тараптардын бири соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө үчүнчү мамлекет менен жетишилген макулдашууну аткаруу үчүн башка Тараптын аймагы аркылуу транзиттик алып өтүүгө муктаж болсо, ал тарап башка тарапка транзиттик алып өтүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө тийиш.
2. Соттолгон адамды аба жолдору аркылуу алып кеткен учурда же башка Тараптын аймагына конуу пландаштырылбаса транзиттик алып өтүү жөнүндө уруксаттын кажети жок.
3. Суроо талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарына карама каршы келбесе, ал Тарап суроо-талап жөнөткөн Тарапка транзиттик жеткирүүгө макулдук берет.
16-берене. Тилдер
Ушул Келишимди аткаруу менен байланышкан кат алышуу жүргүзүүдө, Тараптар өзүнүн мамлекеттик тилин пайдаланып, башка Макулдашкан Тараптын мамлекеттик тилиндеги же англис тилиндеги котормосун тиркейт.
17-берене. Түп нусканы текшерүүдөн бошотуу
Ушул Келишимди аткаруу максатында Тараптардын компетенттүү органдары түзгөн жана 3-беренеде көрсөтүлгөн каналдар аркылуу берилген жана бир Тараптын колу коюлуп же мөөрү басылып бекитилген документтер башка Тараптын аймагында мыйзамдаштырылбастан колдонулушу мүмкүн.
18-берене. Чыгымдар
Соттолгон адамды өткөрүп бергенге чейинки иш-аракеттер менен байланышкан чыгымдарды аймагында бул аракеттер жасалган Тарап тартат. Соттолгон адамды жеткирүү жана өткөрүп бергенден кийин жазанын аткарылышын улантуу менен байланышкан чыгымдарды Кабыл алып жаткан Тарап тартат.
19-берене. Талаштарды чечүү
Ушул Келишимди чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан, талаш-тартыштар кеңешүү жолу менен чечилет.
20-берене. Келишимди күчүнө киргизүү, өзгөртүү киргизүү жана
колдонулушунун токтотулушу
1. Бул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталарды алмашкан датадан тартып отузунчу күнү күчүнө кирет.
2. Тараптардын ортосунда консультация жүргүзүү аркылуу бул Келишимге өзгөртүү киргизилиши мүмкүн.
3. Тараптардын ар кимиси бул Келишимдин колдонулушун каалаган убагында токтотуп жана токтотуу жөнүндөгү кабарды дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлай алат. Бул келишимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлгөн убакыттан тартып 180 күндүн ичинде ал өзүнүн колдонулушун токтотот.
4. Бул Келишим күчүнө киргенге чейин жазыктык жазага өкүм чыгарылган адамдарды өткөрүп берүү үчүн да бул Келишим колдонулат.
Төмөндө кол койгон адамдар бул Келишимге кол коюу үчүн тараптан тийиштүү тартипте ыйгарым укуктарга ээ.
201___ жылдын "___" ____________________ _________________________
шаарында кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестик пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негизге алынат.
Кыргыз Республикасы үчүн | Кытай эл Республикасы үчүн |