Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 12-октябры № 283
Жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу жана бюджет проблемаларын анализдөө, жер-жерлерде башкаруунун натыйжалуулугун жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча так сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануу максатында:
1. Жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу жана бюджет проблемаларын анализдөө боюнча жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө:
- аймактык бийлик жана башкаруу органдарынын ишине функционалдык анализ өткөрүү менен, бардык аймактык деңгээлдердеги (облус, район, айыл аймагы) башкаруу проблемаларын так иштеп чыксын;
- жергиликтүү деңгээлде бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун анализдесин.
3. Жасалган иштин жыйынтыгы боюнча жер-жерлерде жоопкерчилик чойрөлөрун так чектөөнүн негизинде аймактык башкарууну жакшыртуу зарылчылыгын эске алуу менен башкаруу жана бюджет проблемаларын чечүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу тобуна зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптан көмек көрсөтүшсүн, ошондой эле жумушчу тобунун жетекчисинин сурамы боюнча зарыл болгон маалыматтарды оперативдүү берип турушсун.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |
Тиркеме
Мукамбетов М. К. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кожошев А.О. | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчелөрү:
| |
Касымалиев А.А. | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Тарбинский О.С. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
|
Укаев К.К. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти;
|
Нарусбаева У.Р. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө краштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Кыдыралиев З.Т. | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Калканов К.К. | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Сырдыбаев СМ. | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Чекиров А.А. | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
|