Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 22-июну № 126
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматчыларды колдоо фондунун квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча окутуусунан өткөн мамлекеттик кызматчылардын долбоордук сунуштарын даярдоо максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматчыларды колдоо фондунун линиясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун консультанты болуп Третьяков Александр Викторович аныкталсын.
3. Жумушчу топ долбоорлорду иштеп чыгууну уюштурсун жана аны ишке ашыруунун төмөнкү мөөнөттө камсыз кылсын:
- долбоорлорду иштеп чыгуу - 2011-жылдын 1-августуна чейин;
- долбоорлорду ишке ашыруу - 2011-жылдын 1-ноябрына чейин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору жумушчу топко долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл уюштуруучулук жана башка көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Министр - Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |
Тиркеме
Акматов М.С. | - регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Скобеев Е.Л. | - коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмдүн маалыматтык-аналитикалык камсыздоо секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Третьяков А.В. | - көз карандысыз эксперт, жумушчу топтун консультанты (макулдашуу боюнча);
|
Сатыбекова А.Э. | - мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти, жумушчу топтун катчысы. |
Абдылдаев Д.Б. | - региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн эксперти;
|
Амерканов К.А. | - транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн «электрондук өкмөт» системасын киргизүү секторунун эксперти;
|
Ажигулова З.Б. | - социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн эксперти;
|
Ахметов У.Т. | - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
|
Бараканова Э.А. | - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;
|
Давлетов Э.К. | - транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн «Электрондук Өкмөт» системасын киргизүү секторунун башчысы;
|
Жумаев Н.К. | - агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
|
Кабанбаев Т.А. | - экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Керимкулов К.А. | - финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти;
|
Коңурбаева И.Ж. | - регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
|
Кудабаев Т.З. | - финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти;
|
Кузнецов Е.Ю. | - уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Мурзабеков Э.Р. | - социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Самаган Карыя | - мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти;
|
Султанбаева А.Ж. | - билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;
|
Ташбаев И.А. | - мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти;
|
Ташкулов Т.Д. | - коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмдүн маалыматтык-аналитикалык камсыздоо секторунун эксперти;
|
Уезбаев У.К. | - транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;
|
Урманбетов З.К. | - уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Үсөналиев М.Ж. | - билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Шамурзаев Т.Н. | - экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун эксперти;
|
Эсеналиев Т.К. | - финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы. |