Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-январы № 18-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Афган Ислам Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Афган Ислам Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Тараптар деп аталат), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү тармагындагы мамилелерди колдоо жана өнүктүрүү боюнча тараптардын ниетин эске алып,
табигый кырсыктарды башкаруу тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү каалап,
өз ара урматтоо, эгемендүүлүк, теңдик жана өз ара пайдалуулук принциптерине негизденип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Ушул Меморандумду аткаруу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенциясынын алкагында төмөнкү чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты жүзөгө ашырышат:
- өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу;
- кабарлоо, байланышты камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат алмашуу;
- коркунуч жөнүндө эрте кабарлоо тутумун өнүктүрүү, табигый кырсыктардан кийин чара көрүү жана калыбына келтирүү;
- мезгилдүү басылмаларды, методикалык илимий жана техникалык адабияттарды, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, видео жана фотографиялык материалдарды, өзгөчө кырдаалдарды башкаруунун бардык чөйрөсүндөгү техникалык эксперттерди алмашуу;
- заманбап технологияларды алмашуу жана колдонуу;
- биргелешкен долбоорлорду бирге пландаштыруу, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- биргелешкен семинарларды, конференцияларды, курстарды, илимий изилдөөлөрдү бирге пландаштыруу, иштеп чыгуу жана өткөрүү, жер-жерлерде табигый кырсыктарга байланышкан техникалык программаларды колдоо;
- табигый кырсыктар учурунда жардам көрсөтүү;
- экинчи Тараптын билим берүү мекемелеринде адистерди окутуу, адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, стажерлорду, окутуучуларды, окумуштууларды, адистерди жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, ошондой эле алдын алуу, азайтуу, даярдык, куткаруу, калыбына келтирүү чөйрөсүндөгү жана башка өкүлдөрдү алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен машыгууларды өткөрүү;
- зарыл учурда тиешелүү сурамдын негизинде үчүнчү өлкөгө биргелешкен жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
- Тараптардын компетенциясынын алкагындагы башка иш-чаралардагы кызматташтык.
3-берене.
Ушул Меморандум Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
4-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды Тараптар сүйлөшүү жана консультациялар аркылуу төлөшөт.
5-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча пайда болгон ар кандай кайчы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу аркылуу чечилет.
6-берене.
Ушул Меморандум, ага кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат, Ушул Меморандумду колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда бир Тарап аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, аны колдонуу автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
____-жылдын "___" _______________________________________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, дари, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бирок бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.
Эгерде ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө боюнча кайчы пикирлер пайда болсо, тексттин англис тилиндеги варианты артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн |
| Афган Ислам Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн |
Кубатбек Боронов |
| Мохаммад Даим Какар |