Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2012-жылдын 24-августу ПБ № 118
2013-жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин кезектеги он үчүнчү жыйналышын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин жана расмий делегациялардын башчыларын кабыл алууну камсыз кылуу максатында:
1. 2013-жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин кезектеги он үчүнчү жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) кызмат орду боюнча төмөнкү курамда тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- 2012-жылдын 1-октябрына чейин тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- пландаштырылуучу иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзсүн жана бекитсин;
- № 1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин (ШКУ) башчыларынын Кеңешинин кезектеги он үчүнчү жыйналышын өткөрүүгө арналган администрациялык имаратты долбоорлоо жана курууга байланышкан иш-чараларды координациялоону жүзөгө ашырсын.
3. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин тартууга, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматты сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
"Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы администрациялык имаратты долбоорлоого жана курууга башкы заказчыны аныктасын;
- № 1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында администрациялык имаратты долбоорлоо жана куруу, ага чектеш аймакты ыңгайлаштыруу, келүүчү жолдорду жана инженердик тармактарды төшөө үчүн жер участогунун аянтын белгилесин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- администрациялык имаратты өз убагында долбоорлоону, курууну жана пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- ушул буйруктан келип чыккан башка иш-чараларды жүзөгө ашырсын.