Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-февралы № 38-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Метеорология жагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түрк Республикасынын Өкмөтү,
мындан ары "Макулдашуу" деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Метеорология жагындагы кызматташтык боюнча макулдашуунун алкагында,
кыргыз жана түрк элдеринин жалпы тилинин, маданиятынын, салты менен тарыхынын негизинде достук мамилени чыңдоону каалап,
Тараптардын ортосунда метеорология жагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого умтулуу менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптардын метеорологиялык ишин жакшыртуу максатында, өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын негизинде теңдик, тең укуктуулук, өз ара пайда принциптеринде маалымат, тажрыйба жана технология алмашуу жолу менен кызматташтыкты ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташтыкты ишке ашырышат:
- аба ырайынын кыска жана орто мөөнөттүү болжолдоолору жана климаттын, айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу;
- аба ырайын болжолдоодо сандык үлгүлөрдү жана метеорологиялык болжолдоодо спутниктерди жана метеорологиялык радарларды пайдаланууну кошкондо заманбап методдорду колдонуу;
- күн мурунтан кабарлоонун жана табигый кырсыктардын опурталын жоюунун гидрометеорологиялык системасын өнүктүрүү;
- метеорологиялык өлчөөчү приборлорду калибрлөө;
- метеорологиялык тажрыйбаларды иштеп чыгуу бөлүгүндө изилдөөлөр жана иши боюнча илимий-техникалык маалыматтарды, документтерди алмашуу;
- эксперттерди, изилдөөчүлөрдү, кеңешчилерди жана кызматкерлерди алмашуу;
- биргелешкен жумушчу кеңешмелерди, жолугушууларды, семинарларды, окутуу программаларын жана таанышуу сапарларын уюштуруу;
- биргелешкен долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу.
3-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында кызматташууну натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо үчүн төмөнкүдөй мүнөздө иштөөчү Тараптардын Биргелешкен Комитети түзүлөт:
- ар бир Тарап бул Макулдашуунун алкагында ал күчүнө киргенден кийин 3 (үч) айдын ичинде кызматташтык боюнча ишти ишке ашырууга жоопкер болуучу Улуттук Координаторду дайындайт, Улуттук Координатор Тараптардын метеорология жагындагы ыйгарым укуктуу органынын түзүмдөрүндө жок дегенде бөлүмдүн башчысы кызмат ордун ээлеши керек;
- Тараптар дайындалган Улуттук Координатор тууралуу бири-бирине кабарлашат. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка кат түрүндөгү билдирүү менен кабарлап, каалаган убакта Улуттук Координаторун алмаштыра алат;
- улуттук координаторлор 2-беренеде көрсөтүлгөн маселелер боюнча ишти камтыган Биргелешкен Жумушчу Программаларын даярдоо багытында кызматташышат;
- улуттук координаторлор бул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн ишти талкуулоо үчүн зарылдыкка жараша чакырылуучу Биргелешкен Комитеттин жолугушууларында тең-төрагалык кылышат жана Биргелешкен Комитет кабыл алган сунуштамалардын ишке ашышын көзөмөлдөшөт.
4-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында кызматташтык боюнча ишти жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды Тараптар ар бир конкреттүү учурда өз ара чечүү аркылуу тартышат.
5-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен Тараптар аркылуу чечилет.
6-берене.
Тараптар жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуу боюнча өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык үчүнчү тараптар менен бул кызматташтыктын жыйынтыктарын алмашуу жөнүндө макулдашышат.
7-берене.
Ушул Макулдашуу башка эл аралык макулдашуулардагы Тараптардын укуктары менен милдеттерин козгоп, чечмеленүүгө тийиш эмес.
8-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучусу болгон эл аралык келишимдерге ылайык, бул Макулдашуунун алкагында берилүүчү жана түзүлүүчү интеллектуалдык менчикке болгон укукту натыйжалуу коргоону камсыздоого тийиш. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн интеллектуалдык менчик Стокгольм шаарында 1967-жылдын 14-июлунда кол коюлган Интеллектуалдык менчиктин Дүйнөлүк уюму жөнүндөгү конвенциянын 2-беренесинде аныкталган мааниде түшүндүрүлөт.
9-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун 10-беренесинде көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу аталган документтин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон өздөрүнүн ички мамлекеттик жол-жоболорунун аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык жолдор аркылуу Тараптар бири-бирине билдирген жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүлөрдү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш (5) жыл бою колдонулат. Тараптардын бири мөөнөтү бүткөнгө алты (6) ай калганга чейин дипломатиялык жолдор аркылуу Макулдашууну токтотуу жөнүндө ниетин экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирмейинче, анын мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки беш (5) жылга узартылат.
Ушул Макулдашуунун токтотулушу аталган Макулдашуунун негизинде сүйлөшүлгөн жана Макулдашуунун колдонулушу токтогонго чейин башталган долбоорлордун жана иш-чаралардын мөөнөтүнө жана узактыгына таасирин тийгизбеши керек.
Макулдашуу кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде эки нускада _________________ кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түрк Республикасынын Өкмөтү үчүн |