Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 547-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 12-февралы № 44-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана Иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө отчеттун бирдей форматын жана формасын киргизүү максатында:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Коррупцияга каршы туруу боюнча ведомстволук программаны жана иш-чаралар планын иштеп чыгуунун жана аткаруунун Методикасы;
- Коррупцияга каршы мониторингдин жана баалоонун Методологиясы.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан коррупцияга карши чаралардын ишке аширылышынын натыйжалуулугуна комплекстүү баалоо жүргүзүү боюнча колдонмо.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул буйрукту ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга карши саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор жана принциптер
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ведомстволук программаны жана иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча методика (мындан ары - Методика) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - Коррупцияга каршы күрөшүүчү субъекттер) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ведомстволук программаларды жана иш-чаралар пландарын (мындан ары - ведомстволук программа) даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча жардам көрсөтүү үчүн арналган.