Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-февралы № 46-б
Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада, анын ичинде банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөө үчүн өбөлгөлөөчү чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада, анын ичинде банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөө үчүн өбөлгөлөөчү чаралар боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 46-б буйругуна тиркеме |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Абдыкаимов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Айдаралиев К.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Бажы жана салык саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Алымбеков И.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кирешелердин эсебин алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу башкармалыгынын ыкчам талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Лелевкина Э.В. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Ташиева З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банктык тейлөө бөлүмүнүн башчысы; |
Чокенова Ж.С. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансы башкармалыгынын начальниги; |
Урустамова Н.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун киреше башкармалыгынын башчысы; |
Ким Ин Сен | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Санарбек уулу Алишер | - | Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар ассоциациясынын аткаруучу президенти (макулдашуу боюнча); |
Сарыбаев Р. | - | "Кыргызстан банктарынын союзу" долбоорлору боюнча менеджер (макулдашуу боюнча). |