Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-февралы № 47-б
1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
АӨЭФтин КАРЫЗЫНЫН НОМЕРИ _______________ АӨЭФтин ГРАНТЫНЫН НОМЕРИ _______________ МЖААПтын ТРАСТТЫК ГРАНТЫНЫН НОМЕРИ ______ |
______ ______ кол коюлду
Долбоордун аталышы: "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" ("Долбоор")
Кыргыз Республикасы ("Карыз алуучу/Алуучу")
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду ("Фонд" же "АӨЭФ")
Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фонду ("МЖААП Траст")
(тараптардын ар бири "Тарап" деп аталат жана эки тарап бирге "Тараптар" деп аталат)
Фонд Карыз алуучу/Алуучу менен Каржылоо жөнүндө макулдашууну түзгөнүн, ал 2013-жылдын 17-июлунда күчүнө киргенин, ага ылайык Фонд Карыз алуучуга/Алуучуга карыз жана грант берерин, мында "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорун" ("МРӨД-Iди каржылоо жөнүндө макулдашуу") ишке ашыруу үчүн алардын суммасы өз-өзүнчө алты миллион беш жүз миң атайын карыз укуктарын (6500000 АКУ) түзөөрүн эске алышып;
Фонддун Аткаруу органы 105-жыйналышта "МЖААП Трастты" түзүүнү жактырганын эске алышып;
Фонд ушул Макулдашууда белгиленген шарттарга ылайык Долбоорду каржылоо максатында Карыз алуучуга/Алуучуга карыз жана грант берүүгө макул экенин эске алышып; жана
МЖААП Траст талкуулардын негизинде, ресурстар бар болгон шартта ушул Макулдашууда белгиленген шарттарга ылайык каржылоону көбөйтүү максатында Карыз алуучуга/Алуучуга грант берүүгө макул экенин эске алышып;
жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
А бөлүмү
1. Бул Макулдашуу төмөнкү документтерди камтыйт: Макулдашуунун өзүн, Долбоордун баяндамасын жана аны ишке ашыруу механизмдерин (1-тиркеме) жана каражаттарды бөлүштүрүү таблицасын (2-тиркеме).