Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-февралы № 50-б
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер кабинетинин ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине ушул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер кабинети,
эки элдин ортосундагы достуктун тарыхый терең тамырына таянып, кыргыз-украин салттык байланыштарын эске алып, тең укуктуу кызматташтыктагы өз ара кызыкчылыкты моюнга алып жана билим берүү, илим жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоого жана өнүктүрүүгө умтулуп,
өз ара мамилелерде жана жалпы билим берүү саясатында жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыктарын таанып,
билим берүү жана илим тутумдарын, маданият чөйрөсүн эки мамлекеттин жарандарынын этностук таандыгына, саясий жана диний көз карашына, ишенимине карабастан, толук кандуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүчү бир бүтүн тутум катары карап,
илимий, уюштуруу-методикалык жана маалыматтык кызматташтыкка даярдыгын билдирүү менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык билим берүү жана илим жаатында тең укуктуулук жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү уюмдары менен мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт жана колдошот.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн күч аракеттерин кызматташтыктын төмөнкүдөй багыттарына жумшашат:
- жогорку билим берүүнү кошкондо, билим берүү жаатында өнүктүрүүнүн, башкаруунун жана пландаштыруунун эң маанилүү багыттары боюнча тажрыйба алмашуу;
- эки Тарап үчүн тең алгылыктуу болуп саналган адистиктер боюнча студенттерди, аспиранттарды, стажерлорду эквиваленттүү жиберишүүнүн негизинде адистерди даярдоо;
- илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- өз ара кызыкчылыкты жараткан, өзгөчө эки элдин өткөн тарыхына, маданиятына тиешелүү гуманитардык, табигый, техникалык, педагогикалык илимдер чөйрөсүндө биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын университеттеринде украин тилин жана Украинанын университеттеринде кыргыз тилин зарылдыкка жараша үйрөтүүнү камсыз кылуу.
3-берене.
Тараптар алардын мамлекеттеринен 1992-жылдын 1-январына чейин берилген билими, кадрларды кайра даярдоо, ыйгарылган окумуштуу (илимий) даражалары жана наамдары жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди өздөрүнүн аймактарында мөөнөтсүз таанууга кепилдик беришет.
4-берене.
Тараптар эки мамлекеттин окуу мекемелери тарабынан 1992-жылдын 1-январынан кийин берилген билими жана квалификациясы жөнүндө документтерди өз ара таануу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүү жөнүндө макулдашты.
5-берене.
Ар бир Тарап өз ара макулдашуунун негизинде экинчи Тараптын мамлекетинин чет өлкөлүк дипломатиялык мекемелеринин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн (күйөөсү, аялы, балдары) аккредитацияланган мөөнөттүн ичинде мамлекеттик окуу жайга акысыз билим алууга кабыл алышат. Өзүн камсыздоого кеткен чыгымдарды жабууну ушул жобону пайдаланган адамдар өздөрүнө алышат.
6-берене.
Тараптар узак мөөнөттөгү педагогикалык иш, квалификациясын жогорулатуу, тил семинарларына катышуу үчүн украин жана кыргыз тилдери мугалимдерин жиберишүү аркылуу Кыргыз Республикасынын окуу жайларында украин тилин жана Украинанын окуу жайларында кыргыз тилин үйрөтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Украинанын Билим берүү, илим, жаштар жана спорт министрлигине баш ийген жогорку окуу жайларына "бакалавр" жана "магистр" билим берүү-квалификациялык деңгээлдери боюнча окууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Украинанын, анын ичинде чет өлкөлүк украиндерди жана теги кыргыз Украинанын жарандарын аспирантурага окууга кабыл алууга мамлекеттик квоталарды белгилешет.
Тараптар жыл сайын бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу окуу үчүн стипендиялардын зарыл болгон саны жөнүндө сунуштарды адистиктерин көрсөтүү менен беришет.
8-берене.
Жиберүүчү Тарап ушул жылдын 1-апрелине чейин кабыл алуучу тарапка төмөнкүлөрдү жиберет:
а) адистиктерин көрсөтүү менен, "бакалавр" жана "магистр" билим берүү-квалификациялык деңгээлдери боюнча окуу үчүн стипендиялардын зарыл болгон саны жөнүндө сунуштарды;
б) аспирантурада окуу үчүн стипендиялардын зарыл болгон саны жөнүндө сунуштарды жана билим алууга талапкерлердин келечектеги илимий изилдөө темасы боюнча рефераттарды.
Кабыл алуучу тарап жиберүүчү Тарапка анын сунуштарын канааттандыруу жөнүндө төмөнкү мөөнөттөрдө билдирет:
а) 1-майга чейин - "бакалавр" жана "магистр" билим берүү-квалификациялык деңгээлдери боюнча окуу үчүн стипендиялардын зарыл болгон саны жөнүндө;
б) 1-майга чейин - аспирантурада окуу үчүн стипендиялардын зарыл болгон саны жөнүндө.
Кабыл алуучу Тарап стипендия алуучуларды өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык бекер билим алуу, ай сайын берилүүчү стипендия жана студенттик жатакана менен камсыз кылат.
Зарыл болгон учурда талапкерлер даярдоо бөлүмүнө окууга акы төлөп кириши мүмкүн.
9-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Украинанын жарандарына эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынан акы төлөө шарттарында билим алууга мүмкүндүк беришет.
10-берене.
Тараптар билим берүү жаатындагы эл аралык программаларга жана долбоорлорго, гуманитардык илим, алсак кыргыз тили жана адабияты, украин тили жана адабияты, ошондой эле эки өлкөнүн тарыхы менен маданияты жаатындагы семинарларга, конференцияларга, дарстарды окууга жана башка иш-чараларга илимий-педагогикалык кызматкерлердин биргелешкен катышууларын кеңейтүүгө умтулушат.
11-берене.
Тараптар жогорку окуу жайларда гуманитардык, табигый жана техникалык илимдер жаатындагы педагогикалык ишке адистерди жиберишүү, Кыргыз Республикасы менен Украинанын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт.
12-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарына жараша, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кызматташтык жөнүндө өзүнчө макулдашуу түзүүгө мүмкүн болгон эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын түздөн-түз кызматташтыгын жөнгө салууга жана өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
13-берене.
Зарыл болгон учурда ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдуктары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол менен таризделет. Ушул Макулдашууну колдонууда же чечмелөөдө пайда болгон бардык талаш маселелерди Тараптар консультация жана сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
14-берене.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы кат жүзүндөгү билдирүүнү дипломаттык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эгерде, Тараптардын бири кезектеги беш жылдык мезгил аяктаганга чейин алты айдан кем эмес мөөнөттө ушул Макулдашууну денонсациялоо ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, бул Макулдашуунун колдонулушу автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узарат.
Ушул Макулдашууга кандай болбосун өзгөртүү киргизүү же колдонулушун токтотуу мындай өзгөртүүлөр же Макулдашууну колдонууну токтотуу күчүнө киргенге чейин бул Макулдашуунун алкагында пайда болгон укуктарга жана милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
________________ шаарында 2014-жылдын "__" _____________ эки нускада, ар бири кыргыз, украин жана орус тилдеринде түзүлгөн, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө түшүнбөстүктөр болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Украинанын Министрлер кабинети үчүн |