Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-февралы № 52-б
Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-27-февралында өтүүчү "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-февралындагы № 52-б буйругуна тиркеме |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Сариев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Иманалиев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги; |
Турганбаев Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары. |