Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-февралы № 54-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сеул шаарында 2009-жылдын 3-ноябрындагы Азиялык азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташуу демилгесин (ААжАКД) өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кошулуусу тууралуу протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Азиялык азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташуу демилгесинин катышуучу тараптары Сеул шаарында 2009-жылдын 3-ноябрындагы Азиялык азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташуу демилгесинин өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга (мындан ары - Меморандум) ылайык, Азиялык азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташуу демилгесинин ишине катышууга жана өнүктүрүүгө кызыкчылыктарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жогоруда аталган Меморандумга кошулууга кызыкчылыгын көңүлгө алып, Меморандумга катышуучу тараптар менен айыл чарба ишин жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу же ААжАКДнын ишин каржылоо үчүн талап кылынуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келүүчү финансылык жана башка жагдайларды кошпогондо макулдашылган милдеттенмелерди сактоого жана аткарууга милдеттенүү менен Меморандумга кошулсун.
2-берене.
Бул Протокол Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
_________________________ шаарында 20__-жылдын "__" _______________________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
| Азиялык азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташуу демилгесинин башкы катчысы |
_________________ |
| __________________ |
Сеул шаары, 2009-жылдын 3-ноябры
Камбоджи Падышачылыгынын, Корея Республикасынын, Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын, Филиппин Республикасынын, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын өкүлдөрү менен Ар бир Азиаттык мамлекеттин өкүлдөрү (мындан ары - "Катышуучу - өлкөлөр" деп атала тургандар):
Региондо туруктуу өнүгүү үчүн Азиат мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу зарылдыгын ЫРАСТОО МЕНЕН; азык-түлүк жана айыл чарба өнөр-жайларына көмөк көрсөтүү үчүн күч-аракет көрүү боюнча жана жалпы кызыкчылыктарды алдыга чыгаруу жана Катышуучу-өлкөлөрдүн өнөр-жай коопсуздугу үчүн өнөр-жай структурасын реформалоо боюнча өз милдеттерин КАЙТАДАН ЫРАСТОО МЕНЕН; жана региондогу жана дүйнөдөгү жакырчылыкты жоюу приоритети жөнүндөгү пикирге КОШУЛУУ МЕНЕН;
ТӨМӨНДӨГҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШЫШТЫ:
1-берене. Уюштуруу жана жайгашкан жери
1. Катышуучу-өлкөлөр муну менен "Азиат азык-түлүк жана айыл чарба кызматташтыгы" деп аталган программаны (мындан ары - Программа) түзүшөт.
2. "Программанын" штаб-квартирасы жана Катчылыгынын Аппараты айыл чарба райондорун өнүктүрүү боюнча башкармалыкта Корея Республикасынын Сувон шаарында (мындан ары - "ROK" деп аталат) жайгашат. "Программанын" аффилирацияланган борборлорун Катышуучу-өлкөлөрдө уюштурууга болот.
2-берене. Максат
"Программанын" максаты - Азиат регионунда экологиялык-багытталган айыл чарба туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү, жакырчылыкты жана ачкачылыкты жоюу жана Катышуучу-өлкөлөрдө азык-түлүк жана айыл чарба тармагында техникалык кызматташуу менен ырааттуулукта экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3-берене. Мүчөлүк
1. Катышуучу-өлкөлөр - Азиат регионундагы өлкөлөр болуп саналат жана алар бул өз ара түшүнүү Меморандумуна (мындан ары - "ӨТМ") кол коюу 15-беренеге ылайык "Программанын" Мүчөлөрү болушат.
2. "ӨТМ" баштапкы ишинен өткөн соң мүчө болууну каалаган өлкө Аткаруу Кеңешинин макулдугун алат жана мүчөлүктү алуу үчүн "ӨТМ" кол коет.
4-берене. Иш-чаралар
"Программа" өз максаттарына жетүү үчүн төмөндөгү чараларды көрөт:
А) Азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба продукциясы жана тамак-аштары үчүн технологияларды өнүктүрүү тармагындагы кызматташуу;
1) азык-түлүк коопсуздугу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүндөгү, дыйканчылыктагы жана мал чарба секторундагы технологияларды өнүктүрүү үчүн;
2) айыл чарба индустриализациясынын илгерилетүү жана структуралык кайра куруу максатында изилдөө саясатын өнүктүрүү үчүн;
3) азык-түлүк ресурстарын өздөштүрүү жана айыл чарба продукциясын жана азык-түлүк өнөр-жайын кеңейтүүдө алардын иш-аракетин баалоо;
4) тамактанууну жана тамактануу режимин жакшыртуу программаларын өнүктүрүү үчүн;
5) "Азиат тамактануу маданият борборун" түзүү жана башкаруу үчүн Азиат маданиятын жайылтуу жана илгерилетүү үчүн, жана
В. Туруктуу айыл чарба чөйрөсү үчүн технологияларды өнүктүрүү тармагындагы жана ресурстарды сактоо жана керектөө тармагындагы кызматташуу;
1) Органикалык дыйканчылык жана коопсуз продукция үчүн экологиялык оңтойлуу технологияларды өнүктүрүү үчүн;
2) климатикалык өзгөрүүлөрдү жеңүү менен жаңы азык-түлүк жана энергетикалык ресурстарды өздөштүрүү үчүн;
3) экологиялык-багытталган өсүү жана энергия технологиясынан кирешени өнүктүрүү жана алуу үчүн;
4) айыл чарба генетикалык ресурстарын биргеликте табуу жана Катышуучу-өлкөлөрдүн иш-аракеттеги укуктук ченемдери боюнча иш жүзүндө ишке ашыруу көлөмүндө керектөө технологиясын өнүктүрүү үчүн; жана
5) айыл чарба экосистемасы үчүн сактоо технологиясын өнүктүрүү үчүн.
С) Айыл чарба жана азык-түлүк өнөр-жайын өнүктүрүү үчүн жөндөмдүүлүктү көтөрүү жана технологиялар менен алмашуу;
1) айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы кадрларды өнүктүрүү үчүн программаларды берүү үчүн;
2) "Катышуучу-өлкөлөр" ортосундагы технологиялар менен алмашуу ишин илгерилетүү үчүн; жана
3) кароодо турган маселелер боюнча семинарларды жана конференцияларды колдоо үчүн.
5-берене. Түзүлүшү
1. "Программа" Генералдык Ассамблеяны түзөт.
2. "Программа" Генералдык Ассамблеяга колдоо көрсөтүү үчүн Аткаруучу Кеңешти жана Катчылыкты түзөт.
3. Катчылык жайгашкан "Катышуучу-өлкөлөр" ортосундагы айыл чарба технологиялары жаатындагы кызматташуу үчүн активдүү колдоо көрсөтүп турат.
4. "Программа" Илим жана Технология боюнча Комитет сыяктуу кеңешме комитетин түзө алат, Аткаруу Кеңешинин макулдугу менен жумушчу топту түзө алат же иш милдети боюнча атайы жумушчу топ түзөт.
6-берене. Генералдык Ассамблея жана Аткаруучу Кеңеш
1. Ар бир "Катышуучу-өлкө" Генералдык Ассамблеяда көрсөтүү үчүн башкарма башчысы катары ылайыктуу өкүлүн көрсөтөт. Генералдык Ассамблея начальниктердин бирин Төрага кылып дайындайт. Төрага өз кызматында эки жыл турат, кайталап дайындалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
2. Генералдык Ассамблея эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат.
3. Генералдык Ассамблея "Катышуучу-өлкөлөрдүн" ичинен Аткаруу Кеңешинин катышуучу-өлкөсүн тандап алат.
4. Аткаруу кеңеши Катышуучу-өлкөлөрдүн Кеңешинин начальниктеринен турат (мындан ары - Аткаруучу Директор деп аталат) жана Кеңештин Төрагасы Генералдык Ассамблеянын Төрагасынын кызматын ээлейт.
5. Аткаруу Кеңеши бир жылда бир жолудан көп кеңешме өткөрөт.
6. Аткаруу Кеңеши өз укугунун чегинде ар кандай маселелер боюнча убактылуу комитет түзө алат жана зарылдыгына жараша иштетет.
7-берене. Катчылык
1. Катчылыктын курамына Генералдык Катчы жана "Катышуучу-өлкөлөрдүн" жарандарынан турган персонал кирет.
2. Генералдык Катчынын кызматынын мөөнөтү үч жыл, кайталап дайындалуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ал Аткаруу Кеңеши чечим чыгарса, кызматынан бошотулат.
3. Генералдык Катчы жылдык жумушчу программанын долбоорун түзөт, жылда бюджетке баалоо жүргүзөт, жылына өткөрүлүүчү Аткаруу Кеңешинин отурумуна макулдашууга жылдык отчет даярдайт.
4. Генералдык Катчы аталган "ӨТМ" менен ага берилген укуктарды аткаруу менен, жумушчу программанын жана жылдык бюджеттин жылына аткарылышына, ошондой эле Аткаруу Кеңешинин көзөмөлү жана Кеңеши менен Комитеттердин чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылат.
5. Генералдык Катчы өзүнө берилген укуктарды жана иштерди аткаруу үчүн Аткаруу Кеңеши тарабынан жактырылган тийиштүү түзүмдүк бирдиктерди түзөт. Ар бир түзүмдүк бирдиктин милдети бул "ӨТМ"га Кошумчада сүрөттөлөт.
6. Түзүмдүк бирдиктердин башчылары Генералдык Катчынын сунушу менен Аткаруу Кеңеши тарабынан дайындалат. Катчылыктын калган персоналы Генералдык Катчы тарабынан дайындалат.
7. Персоналдык кызматкерлерин ишке тартуунун мөөнөттөрү жана шарттары Аткаруу Кеңеши тарабынан жактырылган персонал жөнүндөгү жободо баяндалат.
8-берене. Расмий тил
"Программанын" расмий тили - англисче.
9-берене. Финансы
1. "Катышуучу-өлкөлөр" өздөрүнүн тийиштүү мамлекеттик мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык Аткаруу Кеңешинин чечими боюнча "Программанын" иши үчүн макулдашылган зарыл акчалай суммасын "Программага" киргизүүгө күч-аракетин жумшашат.
2. Катчылыктын жайгашкан жеринде "ROK" каражаттары жана материалдык баалуулуктары төмөндөгүдөй формада болот:
(a) "Программага" каралган бюджеттин чегинде кызматташуу долбоорун ишке ашыруу боюнча долбоорго чыгымдар;
(b) Катчылык ээлеп турган "ROK" аймагында офистердин ижарасына чыгымдар;
(с) эмгек акы, камсыздандыруу төлөмдөрү жана "ROK" жарандарынын ичинен персоналды ишке тартууга керектүү башка чыгымдар; жана
(d) "ROK" аймагында аткарыла турган өздөрүнүн тийиштүү иштерин аткарууда "Программа" үчүн керектелүүчү башка чыгымдар.
3. "Катышуучу-өлкөлөр" эмгек акы, камсыздандыруу төлөмдөрү жана "ROK" жарандарынын ичинен персоналды ишке тартууга керектүү башка чыгымдарды тартышат.
4. "Демилге" Аткаруу Кеңештин макулдугу менен "Демилгенин" мүчөлөрү болбогон өлкөлөрдөн жана уюмдардан гранттык негизде жардам ала алат.
10-берене. Талаш-тартышты чечүү
Бул "ӨТМ" жоболорун которууда жана/же аткарууда жана/же колдонууда келип чыккан "Катышуучу-өлкөлөрдүн" ортосундагы талаштар жана келишпестиктер үчүнчү жакка шилтеме жасалбастан же эл аралык сот органдарына кайрылбастан эле дипломатиялык каналдар менен өз ара кеңешүү жана/же сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
11-берене. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо
1. Ар бир "Катышуучу-өлкөнүн" интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо ар бир "Катышуучу-өлкөнүн" мамлекеттик мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. Ар бир "Катышуучу-өлкө" өзү катышуучу болуп эсептелген интеллектуалдык менчикке тиешелүү эл аралык макулдашуулардын шарттарын кайрадан ырастайт.
2. "ӨТМ" тарабынан иштелип чыккан жана берилген кандай болбосун жарыялоодо, документте жана/же катта каалаган "Катышуучу-өлкөнүн" аталышы, логотиби жана/же расмий мамлекеттик герби бул "Катышуучу-өлкөлөрдүн" макулдугу жок "Демилге" тарабынан пайдаланууга уруксат берилбейт.
3. Жогорудагы № 1-пунктка карабастан, "Катышуучу-өлкө" тарабынан жеке өз алдынча иштелип чыккан технологияны өркүндөтүүгө, жана продукцияны жана кызматтарды өркүндөтүүгө "Катышуучу-өлкө" интеллектуалдык менчикке укуктуу болот. Эгерде бир же андан көп "Катышуучу-өлкө" бул "ӨТМга" ылайык кандай болбосун иш-чараларды көрүшсө, бул "Катышуучу-өлкөлөр" интеллектуалдык менчик маселелерин так сүйлөшүп алышат, ал маселелер жогоруда айтылган иш-чараларга байланыштуу чыгышы мүмкүн, мисалы, жогоруда айтылган иш-чаралардын жыйынтыгында чыккан кандай болбосун ойлоп табууларга интеллектуалдык менчик укуктары.
12-берене. Конфиденциалдуулук
1. Ар бир "Катышуучу-өлкө" "Катышуучу-өлкөдөн" алынган же башка "Катышуучу-өлкөгө", бул "ӨТМга" ылайык берилген документтердин, маалыматтын жана "ӨТМнын" маалыматына ылайык түзүлгөн башка каалаган келишимге ылайык башка макулдашууга ылайык конфиденциалдуулукту жана сырдуулукту сактайт.
2. Бул берененин жоболору баш тартканына, же бул "ӨТМны" бузганына карабастан, бардык "Катышуучу-өлкөлөргө" колдонула берет.
13-берене. Баш тартуу
1. Кайсы болбосун "Катышуучу-өлкө" каалаган учурда "ӨТМга" катышуудан Катчылыкка кат жүзүндө кабарлоо менен баш тарта алат.
2. Катышуудан баш тарткан "катышуучу-өлкө" баш тартуу арызы берилген фискалдуу жылдын аягына чейин өз милдеттери боюнча байланышта болот. Ал ошондой эле "Демилге" алдында кандай болбосун башка финансылык карыздарын жөнгө салат.
14-берене. Оңдоолор
1. Каалаган "Катышуучу-өлкө" бул "ӨТМга" оңдоолорду сунуштай алат. Сунушталган түзөтүү Генералдык Катчыга жеткирилет, ал өз кезегинде аны Аткаруучу Кеңеш караганга эң аз дегенде алты ай калганча башка "Катышуучу-өлкөлөргө" жеткирет. Ошентсе да бул "ӨТМнын" Тиркемесине түзөтүүлөр Аткаруучу Кеңеш караганга үч ай калганча "Катышуучу-өлкөлөргө" жеткирет.
2. Бул "ӨТМга" түзөтүүлөр Аткаруу Кеңеши тарабынан кабыл алынат жана аны "Катышуучу-өлкөлөр" кабыл алгандан тартып күчүнө кирет.
3. "Катышуучу-өлкөлөр" тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөр Катчылык жактырганы тууралуу документтерди берген убакыттан тартып күчүнө кирет.
15-берене. Кол коюу, ратификациялоо жана макулдашуу
Бул ӨТМ "Катышуучу-өлкөлөр" кол коюусу үчүн ачык болот. Ал кол койгон тараптардын ратификациялоосуна жана жактыруусуна таандык.
16-берене. Күчүнө кирүүсү
Бул "ӨТМ" жок дегенде беш же андан көп өлкөлөр тарабынан ратификациялоо жана жактыруу жөнүндөгү документтери берилгенден тартып 30 күн өткөн соң күчүнө кирет. Ал бул "ӨТМнын" 17-беренесине ылайык иш-аракетин токтотконго чейин күчүндө болот.
17-берене. Иш-аракетин токтотуусу
Бул "ӨТМ" "Катышуучу-өлкөлөрдүн" саны бештен азайып кетсе иш-аракетин токтотот. Мындай баш тартуу менен иш-аракетин токтотуусу фискалдык жылдын аягына чейин күчүнө кирет.
18-берене. Депозитарий
1. Кол коюлгандан тартып бул "ӨТМ" Катчылыкка жөнөтүлөт. Андан соң Генералдык Катчы тиешелүү түрдө тийиштүү ырасталган көчүрмөсүн "Катышуучу-өлкөлөргө" жөнөтөт.
2. 16-беренеде айтылган ратификациялоо жөнүндөгү документтер Катчылыктын Аппарат Жетекчисине жөнөтүлөт.
19-берене. Кийинкиге калтыруу
Ар бир "Катышуучу-өлкө" мамлекеттик коопсуздук, мамлекеттик кызыкчылык, коомдук тартип же коомдук саламаттык сактоо себептери менен бул "ӨТМ"нын аткарылышын толугу менен же жарым-жартылай убактылуу токтотуп кое алат. Мындай токтотуу Катчылыкка кабар берилери менен күчүнө кирет. Катчылык "Катышуучу-өлкөлөргө" токтоосуз кабар жеткирет.
Мына ушуларды ырастоо менен тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу төмөндөгү кол койгон өкүлдөр бул "ӨТМга" кол коюшту.
Камбоджия Падышачылыгынын атынан
Тонг Ив Чан
Мамлекеттик Катчы, Айыл чарба жана балык уулоо министрлиги
Корея Республикасынын атынан
Жай-Су Ким
Башкарма, Алыскы региондорду башкаруу
Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын атынан
Тай Фомасак
Министрдин орун басары, Айыл жана токой чарба министрлиги
Филиппин Республикасынын атынан
Бернадет Ромуло Пуат
Министрдин орун басары, Айыл чарба бөлүмү
Шри-Ланка Социалисттик Демократиялык Республикасынан
Сирисена Амарсекара
Катчы, Айыл чарба өндүрүшү министрлиги
Вьетнам Республикасынын атынан
Ван Бо Нгуен
Президент, Вьетнам Айыл чарба илимдери Академиясы
"AFACI" "Катышуучу-өлкө" катары толук укуктуу мүчөлүккө кирүү үчүн 2010-жылдын 8-апрелинде Улан-Батор шаарында кол коюлган.
Монголиянын атынан
Гантулга Тудемкхуу
Мамлекеттик катчы, Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр-жай министрлиги
"AFACI" "Катышуучу-өлкө" катары толук укуктуу мүчөлүккө кирүү үчүн 2010-жылдын 16-апрелинде Филиппинде Тагайтай шаарында кол коюлган.
Непал мамлекетинин атынан
Мырза Фулген Прадхан
Кошумча катчы, Айыл чарба жана кооперативдер министрлиги
Непал өкмөтү
"AFACI" "Катышуучу-өлкө" катары толук укуктуу мүчөлүккө кирүү үчүн 2012-жылдын 3-майында Корея Республикасынын Сувон шаарында кол коюлган.
Бангладеш Элдик Республикасынын атынан
Медицина Илимдеринин доктору Абдул Хамид, Айыл чарба министрлиги, Катчынын жардамчысы
Индонезия Республикасынын атынан
Харионо
Генералдык директор, Индонезиялык айыл чарбасын изилдөө жана өнүктүрүү агенттиги
Таиланд Падышачылыгынын атынан
Джиракорн Косайсаве
Генералдык директор, Айыл чарба бөлүмү
Тиркеме
1-берене.
Бул Тиркеменин максаты Генералдык Катчынын дайындоого, Катчылыктын түзүмүнө жана милдеттерди бөлүштүрүүгө байланышкан жоболорду бул "ӨТМнын" 6-беренесине ылайык аныктоо болуп саналат.
2-берене. Генералдык Катчынын дайындоо
1. Генералдык катчы андан мурунку Катчы кызматынан бошогонго үч ай калганда тааныштырылат. Бирок бул пункт Биринчи Генералдык Катчыга колдонулбайт.
2. Генералдык катчылыкка талапкерлер бир "Катышуучу-өлкөнүн" жараны болуп саналып, англис тилин эркин билиши керек, төмөндөгү критерийлердин жок дегенде бирөөнө тура келүүсү керек. Ал:
(а) эл аралык уюмдарда же илимий-изилдөө институттарында жок дегенде бир жылдык стажы болушу керек;
(б) "Катышуучу-өлкөнүн" өкмөтүндө улук илимий кызматкердин кызматына тең же андан жогорку кызматта аз дегенде үч жылдык стажы болушу керек, же жалпыга таанылган компаниянын директору, башкаруучусу болууга тийиш;
(с) тиешелүү ишмерликте жоопкерчилик менен медициналык даражасы бар же саясат таанууда, эл аралык мамилелерде, эл аралык укукта, айыл чарба илиминде жана башка окшош тармактарда ага тең келген даражада аз дегенде жети жыл алдыңкы тажрыйбага ээ болушу керек.
3. Ар бир "Катышуучу-өлкө" Генералдык Катчынын кызматына талапкерлерге сурамжылоо жүргүзүү үчүн бир жакты дайындашат (мындан ары - "Сурамжылоо жүргүзүүчү жак" деп аталат). Аткаруучу Кеңеш сурамжылоо жүргүзгөн жактардын иштерин аткара алат.
4. Аткаруучу Кеңеш 3-пунктта каралган аңгемелешүүдөн биринчи орунду алган жакты келерки Генералдык Катчы катары көрсөтөт.
3-берене. Катчылыктын түзүмдүк бирдиктери
1. Иштин башталышында Катчылык эки түзүмдүк бирдикти түзөт: (а) Пландоо жана Иш башкаруу түзүмдүк бирдиги, жана (б) Маалымат түзүмдүк бирдиги.
2. Генералдык катчы Генералдык Ассамблеянын макулдугу менен бул "ӨТМга" ылайык иш-чаралардын масштабына жараша кошумча түзүмдүк бирдиктерди түзө алат.
3. Ар бир түзүмдүк бирдик өз курамында жок дегенде бирден "Катышуучу-өлкөнүн" жаранын камтыйт.
4-берене. Пландоо жана Иш башкаруу түзүмдүк бирдиги
1. Аткаруу Кеңеши Генералдык Катчынын сунушу менен Пландоо жана Иш башкаруу түзүмдүк бирдигинин Башчысын дайындайт.
2. Пландоо жана Иш башкаруу түзүмдүк бирдигинин милдеттери төмөнкүдөй:
(а) жылдык иш программасын иштеп чыгуу;
(б) иш программасынын жыйынтыктарын баалоо;
(в) жалпы бюджеттин ишмерлигин аткаруу; жана
(г) калган Түзүмдүк бирдиктердин милдеттер категориясына кирбеген иштерге жетекчилик кылуу.
5-берене. Маалымат түзүмдүк бирдиги
1. Аткаруу Кеңеши Генералдык Катчынын сунушу менен Маалымат түзүмдүк бирдигинин Башчысын дайындайт.
2. Маалымат түзүмдүк бирдигинин милдеттери төмөнкүдөй:
(а) басылмаларды, анын ичинде "Демилгенин" жылдык отчетторун жана коомдук маселелерге арналган брошюраларды чыгаруу.