Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-марты № 61-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Армения Республикасынын Борбордук банкынын Финансылык мониторинг борборунун ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Армения Республикасынын Борбордук банкынын Финансылык мониторинг борбору,
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого, ошондой эле алар менен байланышкан кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өз ара кызыкчылыктарды жетекчиликке алып,
кызматташтыкты кыйла натыйжалуу ыкма менен жүзөгө ашыруу зарылдыгын көңүлгө алып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, өз компетенциясынын алкагында аракеттенип, Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен эриш-аркак иштешүүнү, анын ичинде маалымат алмашууну жүзөгө ашырышат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн тескөөсүндө турган акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, бенефициардык менчик ээси жана пайда табуучу боюнча, аларга карата кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), терроризмди каржылоо жана ушул кылмыштуу иш менен байланыштуу деген шектенүүлөрдү туудурган маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана талдоо баскычтарында эриш-аркак иштешүүнү, анын ичинде маалымат алмашууну, ошондой эле ошол операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого катышкан жеке жана юридикалык жактардын иштери тууралуу маалымат алмашуу боюнча эриш-аркак иштешүүнү жүзөгө ашырышат.
3-берене.
1. Маалымат алмашуу жазуу жүзүндө, анын ичинде текстти берүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануу аркылуу Тараптардын макулдугу менен, Тараптардын демилгеси боюнча же суроо-талаптарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Маалымат алууга суроо-талап жазуу жүзүндө "Эгмонт" тобунун коопсуз тарамы боюнча, ал эми шашылыш учурларда же техникалык себептерге байланыштуу факс аркылуу жөнөтүлөт.
3. Зарыл болгон учурда суралган Тарап сураган Тараптан суроо-талабынын талаптагыдай аткарылышы үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты сурап ала алат.
4. Суроо-талапты алган Тарап ошол суроо-талап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине шайкеш келер-келбесин аныкташы үчүн маалымат алууга суроо-талап анын кыскача негиздемесин, суроо-талаптын себебин, маалыматты колдонуу максаттарын жана башка маалыматты, ошондой эле Тараптын суроо-талабын алган мамлекет менен байланышынын негиздемесин камтышы керек.
4-берене.
1. Эгерде суроо-талаптын аткарылышы суралган Тараптын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу таламдарына зыян келтире турган болсо суралган Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана (же) эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келсе, ошондой эле суралган Тараптын мамлекетинде суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатса же суроо-талапты аткаруу ишти тергөөгө тоскоол болсо, аны аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
2. Эгерде суралган Тарап суроо-талапты аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу чечим кабыл алса, анда ал мындай чечимди кабыл алгандыгынын себептерин көрсөтүү менен бул тууралуу сураган Тарапка "Эгмонт" тобунун стандарттарында белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө билдирет.
5-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбейт же ачыкка чыгарылбайт же болбосо ал суралган жана берилген максаттардан башка максаттарда колдонулбайт.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат жана ага улуттук булактардан алынган ушундай маалыматка карата алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган коргоо режими жайылтылат.
3. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алуу менен ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты кокустан же мыйзамсыз түрдө жок кылуудан, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан, ошондой эле ар кандай башка мыйзамсыз колдонуудан коргоого багытталган зарыл уюштуруу-техникалык чараларды жүзөгө ашырышат.
4. Тараптар алынган маалыматтын же документтердин аларды берген Тараптын алдын ала макулдугусуз ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн максаттардан бөлөк максаттарга пайдаланылышына же ачыкка чыгарылышына жол беришпейт.
Эгерде сот процессинин жүрүшүндө маалыматты алган Тарапта аны шардана кылуу зарылдыгы келип чыкса, андай процесске тартылган Тарапка маалыматты берген Тарапка ошондой зарылдык жөнүндө дароо билдирүүгө жана талап кылынган маалыматты шардана кылууга макулдук алууга милдеттүү. Маалыматты шардана кылууга макулдук берилбеген учурда маалыматты үчүнчү жакка бербей тургандыгын кепилдик кылуу же маалыматты шардана кылууга тийиштүү чектөөлөрдү кепилдик кылуу үчүн туура чаралар көрүлүшү керек.
5. Купуялуулук бузулган учурда жабыр тарткан Тарап кайчы көз караштарды чечүү үчүн "Эгмонт" тобунун стандарттарында каралган жол-жоболорго кайрылууга укуктуу.
6-берене.
Ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн маалымат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо менен байланышкан иштерге, ошондой эле ушулар менен байланышкан кылмыш ишине карата гана соттук максаттарда пайдаланылышы мүмкүн.
7-берене.
1. Тараптар суроо-талабы же жеке демилгеси боюнча кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдары тууралуу маалыматты алмаша алышат.
2. Тараптар өз ара келишүү боюнча тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелерди талкуулоо үчүн биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрүшөт, ошондой эле техникалык көмөк көрсөтүшөт.
3. Ушул Макулдашуу кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу формаларын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.
8-берене.
Тараптардын ортосундагы өз ара иш алып баруу жана маалымат алмашуу орус тилинде жүзөгө ашырылат.
9-берене.
Тараптардын өз ара келишүүсү боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда Таралтарда келип чыккан талаш маселелер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорунун Кыргыз Республикасы жана Армения Республикасы катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге тиешеси болбойт.
12-берене.
1. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө колдонулат.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын биринин бул Макулдашууну токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып колдонулушун токтотот.
3. Ушул Макулдашуунун мурда алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздоону караган жоболору Макулдашуунун колдонулушу токтотулгандан кийин да күчүндө кала берет.
_____________ шаарында 201__- жылдын "___" ________________ эки түп нускада, кыргыз, армян жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы көз караштар келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Армения Республикасынын Борбордук банкынын Финансылык мониторинг борбору үчүн |