Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-марты № 62-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясынын ортосундагы Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртууга грант (MDTF № TF013478) берүү жөнүндө макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоо киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Расмий эмес котормо
2013-жылдын 29-июлу
Финансы министри
Ольга Лаврова айымга
б-р Эркиндик, 58
Бишкек, 720040
Кыргыз Республикасы
"Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу" долбоору
Урматтуу айым,
Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын (Алуучу) суроо-талабына жооп иретинде Сизге төмөнкүлөрдү билдиргендигине кубанычтамын: Европа жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Донорлордун көп жактуу максаттуу фондунун программасы менен берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тиркемеде (Долбоор) баяндалган Долбоорду каржылоого көмөк көрсөтүү максатында, тиркемени кошо алганда ушул Макулдашуу-катта берилген же эскертилген шарттарда, Алуучуга алты жүз сексен төрт миң АКШ долларынан (684000 $) ашпаган өлчөмдө грант берүүнү сунуштайт.
Бул Грант жогоруда аталган максаттуу фонддун каражаттарынан каржыланат, мында мезгилдүү мүчөлүк акыны Дүйнөлүк банк Донорлордон алат. Стандарттуу шарттардын 3.02-бөлүмүнө (ушул Макулдашуунун тиркемесиндеги аныктамаларга) ылайык Дүйнөлүк банктын төлөө милдеттенмелери ушул Макулдашууга байланыштуу жогоруда аталган максаттуу фонддон ага Донорлор берген каражаттардын суммасы менен чектелет, ал эми Грант каражаттарын чыгарып алууга Алуучунун укугу мындай каражаттардын болушу менен шартталган.
Алуучу төмөндө өз макулдугун ырастоо менен, ал ушул Макулдашууну түзүүгө ыйгарым укуктуу экендигин жана ушул Макулдашууда берилген же эскертилген шарттарга ылайык Долбоорду ишке ашырары жөнүндө билдирет.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан датасы жана колу коюлган Макулдашуунун тиркелген көчүрмөсүн Дүйнөлүк банкка кайтаруу менен жогоруда баяндалгандарга Алуучунун макулдугун ырастооңузду өтүнөбүз. Кол коюлган нусканы алгандан кийин, Алуучунун мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирүүнү Дүйнөлүк банк алган күндөн тартып бул Макулдашуу күчүнө кирет, ошентсе да, шарттарда каралгандай, эгерде Дүйнөлүк банк бул жол-жоболор үчүн өтө кеч мөөнөт белгилебеген болсо, Дүйнөлүк банк аталган Макулдашууга кол койгондон тартып ушул Макулдашуунун кол коюлган нускасын жүз жыйырма (120) күндүн ичинде Дүйнөлүк банк албаса, анда бул Макулдашуунун сунуштары кайта чакыртылып алынды деп эсептелет.
Урматтоо менен, ЭЛ АРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫ Александр Кремер Регионалдык директордун милдетин аткаруучу Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык башкармалык
МАКУЛДАШЫЛДЫ:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Колу: ____________________________
Ыйгарым укуктуу өкүл
Аты-жөнү: ________________________
Кызмат орду: ______________________
Датасы: __________________________
Тиркеме
Грант MDTF № TF013478
I берене. Стандарттуу шарттар. Аныктамалар
1.01. Стандарттуу шарттар. 2012-жылдын 15-февралындагы редакцияда ар башка фонддордон Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнүүчү гранттар үчүн Стандарттуу шарттар ("Стандарттуу шарттар").
1.02. Аныктамалар. Эгерде контексттен башкача маани берилбесе, ушул Макулдашууда баш тамга менен белгиленген терминдер Стандарттуу шарттарда же ушул Макулдашууда аларга бекитилген тиешелүү мааниге ээ болот.
II берене. Долбоорду ишке ашыруу
2.01. Долбоордун максаты жана баяндоосу. Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун борборлоштурулган тутумун түзүү жана маалымдарды чогултуу үчүн бирдиктүү ченемдерди жана үлгүлөрдү аныктоо аркылуу мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана көзөмөлдөөнү жогорулатуунун эсебинен Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну жакшыртуу. Долбоор төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
А бөлүгү: Мамлекеттик мүлктү идентификациялоо жана классификациялоо: жөнгө салуу жана саясат
(i) Техникалык жардам берүү аркылуу мамлекеттик мүлктү идентификациялоонун жана классификациялоонун ченемин, критерийин жана жол-жоболорун иштеп чыгуу;
(ii) Техникалык жардам берүү аркылуу мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга багытталган саясатты жана стратегияны түзүү үчүн механизмдерди (инструменттерди жана моделдерди) иштеп чыгуу;
(iii) Техникалык жардам берүү аркылуу бардык ченемдик базаны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды кошуу менен мамлекеттик мүлктү башкарууну жөнгө салуучу укуктук базаны баалоо.
В бөлүгү: Мамлекеттик мүлк маселелери боюнча кадрдык потенциалды окутуу жана өнүктүрүү
Окутуу жолу менен Долбоордун А бөлүгүнүн алкагында иштелип чыккан, мамлекеттик мүлктү идентификациялоо жана классификациялоо үчүн стандартташтырылган ченемдерди жана инструменттерди пайдалануу, кабыл алуу бөлүгүндө ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик менчиктин үлүшү менен башка субъекттердин потенциалын жогорулатуу.
С бөлүгү: Маалыматтык технологияларды сактоочу жай (МТ-репозиторийи)
(i) Техникалык жардам жана товарларды берүү жолу менен Долбоордун А бөлүгүнүн алкагында иштелип чыккан методикаларды жана инструменттерди пайдалануу менен чогултулган мамлекеттик мүлк жөнүндө маалымдардын жана маалыматтардын МТ-репозиторийин иштеп чыгуу жана орнотуу;
(ii) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана башка министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик ишканалардын штаттык кызматкерлери үчүн МТ-репозиторийди башкаруу боюнча окуу иш-чараларын өткөрүү.
D бөлүгү: Мамлекеттик мүлктү пилоттук инвентаризациялоо
Долбоордун А бөлүгүнүн алкагында иштелип чыккан ченемдерди, үлгүлөрдү жана методикаларды жана Долбоордун С бөлүгүнүн алкагында иштелип чыккан техникалык инструменттерди пайдалануу менен мамлекеттик мүлктү чогултуу жана классификациялоо аркылуу пилоттук инвентаризациялоону камсыздоо.
Е бөлүгү: Долбоорду башкаруу
Грантты көзөмөлдөөнү жана аудит жүргүзүүнү кошо алганда долбоорду башкаруу боюнча консультанттардын кызматы.
2.02. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы аспектиси. Алуучу Долбоордун максатына жетүүдөгү өзүнүн кызыкчылыгы жөнүндө билдирет. Ушул максатта Алуучу: (а) ушул Макулдашуунун; (b) Стандарттуу шарттардын II беренесинин; (с) 2006-жылы 15-октябрда жарыяланган жана 2011-жылы январь айында кайра каралган "Реконструкциянын жана өнүгүүнүн эл аралык банкынын (РӨЭБ) зайымдарынын каражаттарынан, Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясынын (ӨЭА) насыяларынын жана гранттарынын эсебинен каржыланган долбоорлорунда алдамчылыкка жана коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча колдонмонун" жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ("Ишке ашыруучу уюм'') аркылуу Долбоорду ишке ашырат.
2.03. Институционалдык жана башка механизмдер. Долбоорду ишке ашыруу аралыгынын кайсы убагында болсо да, Алуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ДИБ) иштешине колдоо көрсөтөт. Алуучу ДИБди тиешелүү акча каражаттары, жайгашуу жайы, кызмат көрсөтүүлөр жана башка ресурстар менен жеткиликтүү көлөмдө, ошондой эле Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган тиешелүү квалификациядагы кызматкерлер менен жетишерлик санда камсыздайт.
2.04. Донорлордун ишин чагылдыруу жана Долбоорго донорлордун катышуусу.
(a) Донордун жардам бергендиги жөнүндө маалыматты коомчулукка жеткирүүнү Дүйнөлүк банк негиздүү талап кылгандан кийин, Алуучу өз алдынча чара көрөт же зарыл чаралардын көрүлүшүн камсыздайт.
(b) Стандарттуу шарттардын 2.09-бөлүмүнүн максаттары үчүн Алуучу Дүйнөлүк банктын талаптары боюнча Алуучунун мыйзамдарына ылайык Долбоорго байланышкан максаттарды аткаруу үчүн Алуучунун аймагынын каалаган бөлүгүнө Донорлордун өкүлдөрүнүн бара алышы үчүн Алуучу жак зарыл болгон бардык чараларды көрөт.
2.05. Мониторинг, отчеттуулук жана Долбоорду баалоо.
(а) Алуучу Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жана баалоону ишке ашырат, ошондой эле Дүйнөлүк банк үчүн алгылыктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде жана Стандарттуу шарттардын 2.06-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык Долбоор боюнча отчетторду түзүүнү камсыздайт. Долбоор боюнча ар бир отчет бир календардык кварталга созулган мезгилди камтыйт жана отчет камтыган мезгил бүткөндөн кийин кырк беш (45) күндүн ичинде Дүйнөлүк банкка берилиши керек.
(b) Алуучу Стандарттуу шарттардын 2.06-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык Долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчет түзөт. Долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчет Долбоордун бүткөн датасынан кийин алты айдан кеч эмес Дүйнөлүк банкка берилиши зарыл.
2.06. Финансылык башкаруу.
(a) Алуучу Стандарттуу шарттардын 2.07-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык финансылык башкаруу тутумунун киргизилишин камсыздайт.
(b) Алуучу формасы жана мазмуну боюнча ӨЭАнын талаптарын канааттандырган, мындай кварталды камтыган, Долбоор боюнча аралык кварталдык финансылык отчетту ар бир календардык квартал бүткөндөн кийин кырк беш (45) күндүн ичинде түзүүнү жана ӨЭАга берүүнү камсыздайт.
(с) Алуучу Стандарттуу шарттардын (b). 2.07-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык өзүнүн финансылык отчетторунун аудитин камсыздайт. Мындай Финансылык очеттордун аудити Гранттын эсебинен каражаттарды алууну ишке ашыруунун бардык мезгилин камтыйт. Бул мезгилдин ичинде текшерилген Финансылык отчеттор көрсөтүлгөн мезгил аяктагандан кийин алты айдын ичинде Дүйнөлүк банкка берилиши керек.
2.07. Сатып алуулар.
(а) Жалпы жоболор. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Гранттык каражаттардан каржыланууга тийиш болгон бардык керектүү товарларды, консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу төмөндө берилген же эскертилген талаптарга ылайык жүргүзүлөт:
(i) I бөлүмдө товарларды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда - 2011-жылдын январындагы "Колдонмо: РӨЭБдин зайымдарынын жана ӨЭАнын насыялары менен гранттарынын алкагында Дүйнөлүк банктын зайым алуучуларынын товарларды, жумуштарды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулары" (Сатып алуулар боюнча колдонмо);
(ii) I жана IV бөлүмдөрдө консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу учурунда - 2011-жылдын январындагы "Колдонмо: РӨЭБдин зайымдары жана ӨЭАнын насыялары менен гранттарынын алкагында Дүйнөлүк банктын зайым алуучуларынын консультанттарды тандоосу жана жалдоосу" (Консультанттар боюнча колдонмо);
(iii) Сатып алуулар боюнча колдонмонун 1.18 параграфына жана Консультанттарды тандоо боюнча колдонмонун ("Сатып алуулар планы") 1.25 параграфына ылайык Долбоордун максаттары үчүн Алуучу тарабынан түзүлүүчү жана мезгил-мезгили менен жаңыланып туруучу сатып алуулар планынын чегинде иштелип чыгуучу ушул бөлүмдүн жоболорунда.
(b) Аныктамалар. Сатып алуулардын айрым методдорун же Дүйнөлүк банк тарабынан айрым контракттарды карап чыгуунун методдорун сүрөттөө үчүн бул бөлүмдүн кийинки пункттарында колдонулуучу баш тамгалар менен белгиленген терминдер жагдайга жараша Сатып алуулар боюнча колдонмонун II жана III бөлүмдөрүндө же Консультанттарды тандоо боюнча колдонмонун II, III, IV жана V бөлүмдөрүндө баяндалган тиешелүү методдорго кирет.
(c) Товарларды жана консультациялык эмес кызматтарды сатып алуунун жеке методдору.
(i) Эл аралык конкурстук тоорук. Эгерде ушул пункттук (ii) пунктчасында башкасы каралбаса, товарлар жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөр Эл аралык конкурстук тооруктук негизинде ыйгарылган контракттар боюнча сатып алынат;
(ii) Эл аралык конкурстук тооруктан айырмаланган төмөнкү методдор Сатып алуулар планында көрсөтүлгөн контракттар боюнча товарларды жана консультациялык эмес кызматтарды сатып алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн: (А) ушул Макулдашуунун тиркемесинде берилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Улуттук конкурстук тоорук; (В) Эркин соодада сатып алуулар (шопинг); жана (С) Контракттарды тикелей түзүү.
(d) Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуунун жеке методдору.
(i) Эгерде ушул пункттун (ii) пунктчасында башкасы каралбаса, консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү Сапат жана нарк боюнча тандоонун негизинде аныкталган контракттар боюнча сатып алынат;
(ii) Сатып алуу планында көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн төмөнкү методдор пайдаланылышы мүмкүн: (А) Сапаттын негизинде тандоо; (В) Белгиленген бюджеттик шарттарда тандоо; (С) Эң төмөнкү нарк боюнча тандоо; (О) Консультанттардын квалификациясы боюнча тандоо; (Е) Бирдиктүү булактан тандоо; жана (F) Жеке консультанттарды тандоо.
(е) Сатып алуулар жөнүндө чечимдерди Дүйнөлүк банктын кароосу. Сатып алуулар планында Дүйнөлүк банктын алдын ала кароосуна тийиш болгон контракттар көрсөтүлөт. Калган бардык контракттар факт боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан каралууга тийиш.
III берене. Гранттык каражаттарды тандап алуу
3.01. Мүмкүн болуучу чыгашалар. Алуучу төмөндөгүлөрдүн жоболоруна ылайык Гранттык каражаттарды тандайт: (а) Стандарттуу шарттардын; (b) ушул бөлүмдүн; жана (с) төмөнкү таблицада берилген Мүмкүн болуучу чыгашаларды каржылоо үчүн Алуучуга эскертүү формасында Дүйнөлүк банк тарабынан өзүнчө белгиленген кошумча нускамалардын (бул нускамаларга ылайык ушул Макулдашууга карата колдонулуучу жана Дүйнөлүк банк менен мезгил-мезгили менен кайра каралуучу, 2006-жылдын май айында датасы коюлган "Долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды берүү боюнча Дүйнөлүк банктын Колдонмосун" кошо алганда). Төмөнкү таблицада Гранттык каражаттардан ("Категория") төлөнүүсү мүмкүн болгон Мүмкүн болуучу чыгашалардын категориялары, ар бир категория боюнча Гранттык сумманы бөлүштүрүү, ошондой эле ар бир категория боюнча каржылоо каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн болгон чыгашалардын пайыздык үлүшү көрсөтүлгөн:
Категория | Бөлүнгөн Гранттык сумма (АКШ доллары менен) | Чыгашаларды каржылоого тийиштүү пайыз |
(1) Товарлар, консультанттардын кызмат көрсөтүүсү, окутуу жана кошумча операциялык чыгашалар | 684000 | 100% |
Жалпы суммасы | 684000 | 100% |
Ушул Бөлүмдүн максаты үчүн:
(а) "Кошумча операциялык чыгашалар" - Алуучунун же ДИБдин кошумча чыгашаларды жабуу үчүн келтирген чыгымдары, алар: Алуучунун кызмат адамдарына же мамлекеттик кызматтын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү, ошондой эле ошол кызмат адамдарынын же кызматкерлердин Социалдык фондго бардык чегерүүлөрүн кошпогондо, Долбоорду ишке ашырууга, башкарууга жана мониторингдөөгө байланышкан кызматкерлердин жумуш убагындагы чыгымдарды кошо алганда коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, жумшалчу материалдарды сатып алууга чыгымдар, байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө, техникалык тейлөө чыгашалары, жарнама чыгашалары, Социалдык чегерүүлөрдү төлөө, банк жыйымдарын төлөө, транспорттук чыгымдарды төлөө жана ДИБдин кызматкерлерине суткалык төлөмдөрдү төлөө, жардамчы персоналдардын эмгек акысын төлөө.
(b) ''Социалдык чегерүүлөр" - оору, жумушсуздук, эмгекке жарамсыздык учурларга камсыздандыруу боюнча бардык чегерүүлөр же камсыздандыруу мүчөлүк акыларына төлөмдөр же жөлөкпулдар, кызматкерлерге компенсацияларды төлөө, пенсиялык жашка келгендиги боюнча пенсиялар (пенсия же социалдык камсыздоо) жана иштеген кызматкерлер үчүн келечектеги жеңилдиктерди бара-бара пайдалануу үчүн төлөмдөрдү түзүүчү жеке камсыздандыруу.
(с) "Үйрөтүү" - Алуучунун же ДИБдин Долбоордун алкагында такшалмадан өткөрүүгө, окутуу курстарына, семинарларга, конференцияларга жана башка окуу иш-чараларына байланыштуу тарткан чыгымдары, катышуучулардын, инструкторлордун жана окуучулардын транспорттук жана суткалык төлөмдөрүн, инструкторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү, окуу жайларынын ижарасын төлөөнү, окуу материалдарын түзүүгө жана көчүрүүгө кеткен чыгымдарды, ошондой эле окуу иш-чараларын жүргүзүүгө жана даярдоого байланышкан башка иш-чараларга кеткен чыгымдарга төлөөнү кошуу менен.
3.02. Каражаттарды тандап алуу шарттары. Ушул Макулдашуунун 3.01-бөлүмүнүн жоболоруна карабастан, ушул Макулдашууга Алуучу кол койгон датага чейин ишке ашырылган төлөмдөрдү каржылоо үчүн каражаттарды тандап алууга жол берилбейт.
3.03. Каражаттарды тандап алуу мезгили. (с) Стандарттуу шарттардын 3.06-бөлүмүндө эскертилген жабылуу датасы 2015-жылдын 30-апрели.
IV берене. Алуучунун өкүлү, даректери
4.01. Алуучунун өкүлү. Стандарттуу шарттардын 7.02-бөлүмүндө эскертилген Алуучунун өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын финансы министри саналат.
4.02. Алуучунун дареги. Стандарттуу шарттардын 7.01-бөлүмүндө эскертилген Алуучунун дареги:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Эркиндик бульвары, 58
Бишкек, 720040
Кыргыз Республикасы
Телекс: |
| Факс: |
245-156 NUR KH |
| (996-312) 661645 |
4.03. Дүйнөлүк банктын дареги. Стандарттуу шарттардын 7.01-бөлүмүндө айтылган Дүйнөлүк банктын дареги:
International Development Association
1818 H Street, N.W.
Washington, D.C. 20433
United States of America
Телеграф: | Телекс: | Факсимиле: |
INDEVAS Washington, D.C. | 248423 (MCI) же 64145 (MCI) | 1-202-477-6391 |
Тиркеме
Улуттук конкурстук тооруктардын (УКТ) жол-жоболорундагы өзгөрүүлөр
(1) Улуттук конкурстук тооруктарды жүргүзүүдө сакталуучу сатып алуу жол-жобосу болуп "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында берилген чектелбеген катышуу методу боюнча өткөрүлүүчү тендер эсептелет, мындай жол-жобо 2011-жылдын январындагы РӨЭБдин зайымдарынын жана ӨЭАнын насыялары менен гранттарынын алкагында Дүйнөлүк банктык зайымчыларынын товарларды, жумуштарды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулары" (Сатып алуулар боюнча колдонмо) боюнча колдонмонун I бөлүмүнүн, 3,3 жана 3.4-параграфтарынын жоболоруна жана төмөнкү жоболорго баш ийген шартта:
1. Укуктуулук: Сатып алуу процессинде тоорукка катышуучулардын катышуу жана Ассоциация тарабынан каржылануучу контрактты түзүү укуктуулугу Сатып алуулар боюнча колдонмонун I бөлүмүнө ылайык аныкталат; ошондуктан, тооруктун анык же потенциалдуу катышуучүсунун ичинен бирөө да, Сатып алуулар боюнча колдонмонун I бөлүмүндө көрсөтүлгөндөн башка себептер боюнча Банк же Ассоциация тарабынан каржылануучу контракттар үчүн укуксуз деп жарыялашы мүмкүн эмес.
2. Жергиликтүү преференциялар: Подрядчиктин жарандыгынын негизине, товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн же жумушчу күчүнүн, жана/же преференциялык программалардын келип чыгышына улуттук артыкчылык берүүгө жол берилбейт.
3. Каттоо жана уруксаттамалоо: Каттоо тооруктун катышуучуларынын квалификациясын баалоо үчүн колдонулбайт. Тооруктун чет элдик катышуучусу өз арызын берүү үчүн шарттардын бири катары катталууга же уруксаттама алууга милдеттүү эмес, ошондой болсо да контрактты ыйгарууга сунушталган тооруктун чет элдик катышуучусуна контрактка кол койгонго чейин Зайымчынын негизделген көмөк көрсөтүүсү менен катталууга же уруксаттама алууга акылга сыярлык мүмкүнчүлүк берилиши керек.
4. Тендердик документтер: Сатып алуучу уюмдар Ассоциациянын талаптарын канааттандыруучу тиешелүү типтүү тендердик документтерди пайдаланууга милдеттүү, алар сарамжалдуулукту, натыйжалуулукту, ачыктыкты жана Сатып алуу боюнча колдонмонун I бөлүмүнүн жоболоруна жалпы шайкештикти камсыздагыдай даярдалышы керек.
5. Арыздын колдонулуу мөөнөтү: Тендердик документтерде талап кылынган арыздын колдонулуу мөөнөтү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык контрактты жактыруу жана каттоо үчүн талап кылынган бардык мезгилдин эсебин алууга жетиштүү болушу керек. Тендердик арыздын колдонулуу мөөнөтүн узартуу, эгерде бул өзгөчө жагдай деп негизделсе, контрактты баалоону же түзүүнү аяктоо жана/же контрактты каттоо процессин аяктоо үчүн талап кылынган минималдык мөөнөттү гана камтыган шартта баштапкы арыздын мөөнөтү бүткөнгө чейин тооруктун бардык катышуучулары тарабынан жазуу жүзүндө суралышы мүмкүн. Ассоциациянын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз арыздын мөөнөтүн андан ары узартууну талап кылууга жол берилбейт.
6. Квалификация: Тендердик документтерде квалификациялык критерийлер так аныкталышы керек. Мындай шартта аныкталган критерийлердин бардыгы тооруктун катышуучуларынын квалификациясын аныктоо үчүн пайдаланылат. Квалификация "'өттү/өткөн жок" деген негизде бааланат, бул жерде баллдык система колдонулбайт. Мындай баалоо объективдүү жана ченелүүчү факторлорду эске алуу менен контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон тооруктардын катышуучусунун же потенциалдуу катышуучусунун мүмкүнчүлүгүнө жана ресурстарына толук негизделет, анын ичинде: (а) тиешелүү жалпы жана жеке тажрыйба, ошондой эле мурдагы канааттандырарлык иш жана ошол мезгилдеги окшош контракттарды ийгиликтүү аяктоо; (б) финансылык абал; жана тиешелүү учурларда (с) куруу өндүрүмдүүлүгү жана/же өндүрүштүк кубаттуулугу.
7. Ассоциация үчүн алгылыктуу алдын ала квалификациянын жол-жоболору жана документтери ишти аткарууга түзүлгөн ири, татаал жана/же атайын контракттар үчүн колдонулушу керек. Маалыматты текшерүү контрактты түзүү учурунда ишке ашырылат, ал маалыматтын негизинде тооруктун катышуучусу персонал жана жабдууларга карата учурдагы милдеттерин жана тооруктун катышуучусунун мүмкүнчүлүгүн камтуу менен алдын ала квалификациядан өтөт.
8. Алдын ала квалификациялоо колдонулбаган учурда товарларды жана ишти сатып алууда контракт түзүүгө сунушталган тооруктун катышуучусунун квалификациясы тендердик документтерде көрсөтүлгөн квалификациялык критерийлерди колдонуу менен постквалификациялоо аркылуу бааланат.
9. Чыгымдардын сметасы жана мамлекеттик өздүк нарк: Чыгымдардын сметасы жашыруун болуп саналат жана анын мазмунун тооруктун потенциалдуу катышуучуларына жарыялоого болбойт. Ассоциациянын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз чыгымдардын сметасын жана/же бюджеттин чектик өлчөмүн салыштыруунун негизинде арызды четке кагууга жол берилбейт. Мамлекеттик чанда болчу баалоолор бюджетти түзүү жана/же курулуш иштерине контрактты баалоого карата колдонулбайт.
10. Арыз берүү жана аны ачуу: Тооруктун потенциалдуу катышуучуларына арыздарды даярдап жана берүүгө. эң аз дегенде: тоорукка катышууга чакыруу жарыяланган учурдан же тендердик документтерди берген күндөн, жагдайлардын кайсынысы кечирээк болгондугуна жараша 30 (отуз) күн берилет. Арыздар аларды берген күндүн мөөнөтү келер замат эл алдында ачылат. Аларды ачып жатканда арызды четке кагууга жол берилбейт. Арыздарды ачуу протоколунун көчүрмөсү кечиктирилбестен бардык арыз берген тооруктун жана Ассоциациянын катышуучуларына берилет - Ассоциация тарабынан алдын ала каралууга тийиш болгон контракттарга ылайыктуу.
11. Арызды четке кагуу жана кайта тендер өткөрүү: Арыздарда көрсөтүлгөн нарк сметалык баадан ашып кеткендигинин гана негизинде арызды четке кагууга жол берилбейт. Ассоциациянын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугусуз бардык арыздарды (же бир арызды - эгерде бир эле арыз түшкөн учурда) четке кагууга, сатып алуу процессин жокко чыгарууга жана жаңы арыз берүү үчүн чакырууга жол берилбейт.
12. Арызды баалоо: Тендердик документтерде баалоо критерийлери так аныкталышы керек. Арыздарды баалоо тендердик документтерде көрсөтүлгөн баалоо критерийлерине ылайык катуу жүргүзүлөт. Баасынан тышкары арыздарды баалоонун бардык критерийлери акчалай түрдө өлчөнүшү керек. Арыздарды баалоодо баллдык система колдонулбайт жана баанын маанилүүлүгү үчүн минималдуу балл же пайыздык маани ыйгарылбайт. Зайымчылар кичинекей, маанилүү эмес четтөөлөрдүн негизинде чыгарылбайт.
13. Контракттар тооруктун квалификациялуу катышуучулары менен түзүлөт, эгерде алардын арыздары төмөнкүдөй деп эсептелсе: (i) тендердик документтерге карата белгиленген талаптарды канааттандыруучу; жана (ii) минималдуу баалоо наркын сунуштоочу. Арыздарды баалоо маселеси же контрактты каттоо процесси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
14. Кепилдиктер: Кепилдик тендердик документте көрсөтүлгөн формада берилет. Арыздын кепилдигинин колдонулуу мөөнөтү арыздын баштапкы колдонулуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же кандайдыр бир узартуу мөөнөтү (эгерде мындай талап кылынса) бүткөндөн кийин 28 (жыйырма сегиз) күндү түзөт.
15. Контракттагы өзгөрүүлөр: Ассоциациянын алдын ала кароосуна тийиш болгон контракттарга карата, Зайымчы каршы болбогон учурда төмөнкүлөргө макулдук берүүдөн мурда: (i) контрактты аткарууга белгиленген мөөнөттү бир кыйла узартууга; (ii) контракт менен каралган кызмат көлөмүнө кандайдыр бир олуттуу өзгөртүү, же контракттын шарттарына башка маанилүү өзгөртүү киргизүүгө; (iii) кошумча иштер жөнүндө буйрук же өзгөрүүлөр (өзгөчө шашылыш учурлардан тышкары) кошумча иштер жөнүндө өзүнчө же бардык мурда берилген буйруктардын жыйындысында же өзгөрүүлөр менен контракттын баштапкы наркын 15 пайыздан ашыкка көбөйтүүгө; же (iv) сунушталган контрактты бузууга Ассоциациянын макулдугу менен эсептешет. Ассоциацияга контракттагы бардык өзгөрүүлөрдүн көчүрмөсү берилет.
16. Алдамчылык жана коррупция: Ассоциация үчүн алгылыктуу деп эсептелген тендердик документте жана контрактта Сатып алуулар боюнча колдонмодо берилген аныктамага ылайык алдамчылыкка жана коррупцияга кириптер болгондугу белгиленген фирмалар же башка адамдарга карата санкцияларды колдонуу жөнүндө Ассоциациянын саясатын баяндаган жоболор камтылышы керек.
17. Текшерүү жана аудит жүргүзүүгө укук: Сатып алуулар боюнча колдонмого ылайык тендердик документтер жана контракттар менен каржыланган каражаттардан ар бир каржылануучуга каралышы керек, тооруктун катышуучулары, жеткирип берүүчүлөр жана подрядчиктер, ошондой эле алардын субподрядчиктери, агенттери, персоналдары, консультанттары, кызмат аткаруучулары же жеткирип берүүчүлөр Ассоциацияга бардык эсептерин, эсеп-кысап документтерин жана башка арыз берүүгө жана контракты аткарууга байланышкан документтерге текшерүү жүргүзүүгө уруксат беришет, ал эми аудитти уюштурууну - Ассоциация дайындаган аудиторлор ишке ашырат. Сатып алуулар боюнча колдонмодо каралган текшерүү жана аудит жүргүзүүгө өз укугун Ассоциациянын ишке ашыруусуна олуттуу тоскоол болууга багытталган аракеттер Сатып алуулар боюнча колдонмодо берилген аныктамага ылайык обструкционисттик практиканы түзөт.