Редакцияот 13.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 13-марты № 71-б

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:

1. Иманалы Айдарбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин, аны ишке ашырууну камсыз кылсын.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-мартындагы № 71-б буйругуна тиркеме

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

 

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев Султан Акимович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Джумалиева Эльмира Бусурманкуловна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Лаврова Ольга Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кулматов Кубанычбек Кеңешович

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Икрамов Санжар Икрамович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;

Сатвалдиев Нурбек Сатвалдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясындагы, ЕврАзЭСтин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);

Ахмедов Орунбай Козубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору;

Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Саккараев Марс Намарбекович

-

Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;

Айдарбекова Зифаргуль Мусулманкуловна

-

Иманалы Айдарбеков атындагы коомдук фонддун директору (макулдашуу боюнча);.

Оторбаев Кубат Табылдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Саалаев Жедигер Ибраимович

-

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редактору (макулдашуу боюнча);

Слащева Тамара Михайловна

-

"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн башкы редактору (макулдашуу боюнча).