Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 14-марты № 75-б

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Улуттук суу ресурстарын башкаруу - I фаза" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 75-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Улуттук суу ресурстарын башкаруу - I фаза" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору  боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

 

Лаврова О.В.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;

Дыйканбаев К.С.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Исаков Э.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Сакебаев Э.А.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шыкмаматов А.Н.

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Сариев Т.А.

-

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Айдаралиев Т.А.

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Жумабеков Ж.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;

Байгончоков М.К.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Таштаналиев К.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору;

Мурзаев К.С.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги;

Турганбаев Т.С.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары.