Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-апрели № 120-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги,
кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укуктук тартипти сактоо, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздоо чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүү менен,
Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы өз ара карым-катнашты чыңдоонун эки жакка бирдей каалоосуна негизденүү менен,
эл аралык укуктардын жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Жалпы жоболор
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо, өздөрүнүн компетенциясынын чегинде иш алып баруу менен, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кызматташышат.
2-берене. Кызматташуунун багыттары
1. Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кылмыштарды жана баарынан мурда төмөнкү кылмыштардын алдын алууда, табууда, бөгөт коюуда жана алардын бетин ачууда өз ара карым-катнашты ишке ашырат:
адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине жана кадыр-баркына каршы;
террордук актыларга, ошондой эле экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга каршы;
менчикке каршы;
коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулуктун болушуна;
адамдарды сатууга;
куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, ядролук материалдарды мыйзамсыз жүгүртүү;
баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү;
жасалма акча белгилерин, документтерди, баалуу кагаздарды, ошондой эле насыялык жана эсептөө карталарын жана башка төлөм каражаттарын даярдоо жана сатуу;
адамдын органдарын же ткандарын мыйзамсыз сатуу;
интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга байланышкан;
маданий жана тарыхый баалуулуктарды уурдоого жана контрабандага байланышкан;
унаадагы;
маалымат технологиялар чөйрөсүндөгү;
мыйзамсыз миграцияга байланышкан;
сейрек кездешүүчү жана азайып бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүн мыйзамсыз сатуу.
2. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча да өз ара иш жүргүзүшөт:
коомдук тартипти сактоо;
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
ден соолугунун абалы же жаш курагы боюнча өздүгү тууралуу маалымат берүүгө жөндөмсүз болгон адамдарды жана таанылбаган өлүктөрдү идентификациялоо;
Тараптардын ишин материалдык-техникалык камсыздоо;
илимий-изилдөө иши, маалыматтык жана телекоммуникациялык тутумдарды өнүктүрүү, байланыш каражаттарын жана тутумдарын, атайын каражаттарды, техникаларды жана жабдууларды киргизүү жана пайдалануу;
маалыматтык коопсуздукту камсыздоо;
кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
спорттук жана маданий байланыштарды өнүктүрүү;
Тараптардын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгын дарылоого, санаториялык-курорттук чыңдоого келишимдик негизде көмөк көрсөтүү.
3-берене. Кызматташуунун формасы
1. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү формада кызматташууну ишке ашырышат:
даярдалуучу же жасалган кылмыштар жана ага тиешеси бар адамдар тууралуу кызыкчылык жараткан маалыматтарды алмашуу;
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган прокурордун (соттун) санкциясын жана башка иш-аракеттерди талап кылбаган ыкчам-иликтөө иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сурамдарды аткаруу;
кылмышты тергөөдөн жана өкүмдү аткаруудан качып жүргөн, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөө;
мыйзамсыз жүгүртүүдө пайда болгон баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун жаңы түрлөрү тууралуу, аларды даярдоонун технологиясы жана мында пайдаланылуучу заттар тууралуу, ошондой эле баңги каражаттарын, психотроптук заттарды изилдөөнүн жана идентификациялоонун жаңы методдору тууралуу маалыматтарды алмашуу;
номуру же атайын айырмаланган белгилери бар предметтерди (буюмдарды), анын ичинде автоунаа каражаттары жана ок атуучу куралдар, ошондой эле баалуу кагаздар жана паспортторду (инсандын күбөлүгү) издөө жана белгиленген тартипте кайтарып берүү;
Тараптын чектеш мамлекетинин кызматтарынын иштөөсүн токтото турган же радио байланыш трафигинин сапатын олуттуу начарлаткан, Тараптардын мамлекеттеринин чек арага жакын аймактарындагы ведомстволук станцияларда түзүлгөн радио тоскоолдуктарды табуу жана жоюу жөнүндөгү суроо-талаптарды аткаруу;
өзгөчө кырдаалдардын учурунда (карантин, жапырт баш-аламандык, Тараптардын мамлекеттеринин чек арага жакын райондорундагы табигый кырсыктар) коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрүү тууралуу маалыматтарды алмашуу;
иш тажрыйбаларын алмашуу, анын ичинде такшалмаларды, консультацияларды, семинарларды өткөрүү;
ченемдик укуктук актыларды алмашуу;
Тараптардын ишинин маселелери боюнча өз ара байланыштык негизде илимий-техникалык адабияттарды жана маалыматтарды алмашуу.
2. Бул Макулдашуу кылмыш иши боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана берүү маселелерин козгобойт.
4-берене. Кызматташууну өнүктүрүү
Бул Макулдашуу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аныкталган шарттарды эске алуу менен, кызматташуунун өз ара кабыл алынган ар кандай багыттарын жана формаларын аныктоодо жана өнүктүрүүдө Тараптарга тоскоолдук кылбайт.
5-берене. Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талаптар
1. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу Тараптардын демилгеси боюнча же көмөк көрсөтүү тууралуу кызыкдар Тараптын суроо-талаптарынын негизинде жүзөгө ашырылат, анткени бул көмөк көрсөтүү экинчи Тарапка кызыкчылык жаратат.
2. Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талап жазуу жүзүндө жөнөтүлөт. Кечиктирилгис учурларда суроо-талап оозеки берилиши мүмкүн, бирок 3 суткадан кечиктирбестен, текстти берүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануу менен ал жазуу жүзүндө ырасталышы керек.
Сурамдын мазмунуна же түп нускасына шектенүүлөр пайда болсо, кошумча ырастоолор менен кайра суралышы мүмкүн.
3. Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талап төмөнкүлөрдү камтышы керек:
көмөк көрсөтүүнү суроочу жана суралуучу органдын аталышы, эгер ал белгилүү болсо;
иштин мазмунунун баяндалышы;
суроо-талаптын максатын жана негизин көрсөтүү;
суралуучу көмөктүн мазмунун сүрөттөө;
суроо-талаптын тийиштүү аткарылышы үчүн пайдалуу боло турган башка каалаган маалыматтарды.
4. Берилген же жазуу жүзүндө ырасталган көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талапка суроочу органдын жетекчисинин же анын орун басарынын колу коюлат жана ошол органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6-берене. Көмөк көрсөтүүдөн баш тартуу
1. Ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкү учурларда көмөк көрсөтүүдөн толук же жарым-жартылай баш тартууга болот, эгер суралуучу Тарап суроо-талапты аткарууда анын мамлекетинин эгемендигине, улуттук коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян алып келет деп тапса же болбосо улуттук мыйзамдарына же анын мамлекетинин эл аралык милдеттерине каршы келсе.
2. Эгерде келип түшкөн суроо-талаптар менен байланышкан иштер суралуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдары боюнча кылмыш болуп эсептелбесе, анда көмөк көрсөтүүдөн баш тартуусу мүмкүн.
3. Суралуучу Тарап мүмкүнчүлүккө жараша ушул берененин 1-2-пункттарынын негизинде жардам көрсөтүүдөн баш тартуу тууралуу чечимдерин киргизүүгө чейин суроочу Тарап менен маселелерди кароо боюнча кеңеш берүүлөрдү өткөрөт, суралуучу Тараптар мындай шарттарды сактоодо жардам көрсөтүүнүн болушун зарыл деп эсептейт. Суроочу Тарап өзүнө көрсөтүлгөн жардамдын шарттарын сактайт.
4. Суралуучу Тараптар баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен суроо-талаптарды аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартуусу жөнүндө жазуу түрүндө билдирет.
7-берене. Суроо-талаптарды аткаруу
1. Суралуучу Тараптар суроо-талаптардын тез жана толугураак аткарылышын камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Суроочу Тараптарга суроо-талаптарды аткарууда тоскоол болгон же анын аткарылышын олуттуу кармаган жагдайлар жөнүндө токтоосуз билдирилет.
2. Эгерде суроо-талаптарды аткаруу суралуучу Тараптардын компетенциясына кирбесе, ал суроочу Тараптарга бул жөнүндө токтоосуз билдирет жана анын суранычы боюнча компетенттүү органдарга берилет.
3. Суралуучу Тараптар суроо-талаптарды тиешелүү деңгээлде аткаруу үчүн анын ою боюнча зарыл болгон кошумча маалыматтарды суроого укуктуу.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү зарылчылыкка жараша суралуучу Тараптын макулдугу менен жана анын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык, эгерде бул суралуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына каршы келбесе, суроо-талапты аткаруу учуруна катышышы үчүн Суроочу Тараптын өтүнүчү менен суралуучу Тарап суроо-талапты аткаруунун убактысы жана орду жөнүндө өз убагында билдирет.
4. Эгерде суралуучу Тараптар суроо-талаптарды токтоосуз аткаруу анын мамлекетинде ишке ашырылуучу кылмыш жазасына же башка өндүрүшкө тоскоол болот деп эсептесе, ал суроо-талаптарды аткарууну кийинкиге калтырышы же анын аткарылышын суроочу Тараптардын кеңеш берүүсүнөн кийин зарыл катары аныкталган шарттарды сактоо менен байланыштырышы мүмкүн. Эгерде суроочу Тарап сунушталган шарттарда ага көмөк көрсөтүүгө макул болсо, ал бул шарттарды сакташы же сактабашы керек.
5. Суроочу Тараптар суралуучу Тараптардын өтүнүчү боюнча суроо-талаптардын түшүү фактысынын, бул суроо-талаптардын мазмунунун жана анын коштоочу документтеринин, ошондой эле жардам көрсөтүү фактысынын купуялыгын камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрөт.
Суроо-талаптардын купуялыгын сактабастан аткаруу мүмкүн болбогон учурда, суралуучу Тараптар мындай шарттарда суроо-талаптарды аткаруунун керек же керек эместигин чечүүчү суроочу Тараптарга билдирет.
6. Суроо-талаптарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө суроочу Тараптар суралуучу Тараптарга кыска мөөнөттүн ичинде билдирет.
8-берене. Алынган маалыматтарды жана документтерди колдонууга чек коюу
1. Тараптар Кыргыз Республикасынын же Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн маалыматтарды коргоону жана берүүнү 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматтарды өз ара сактоо жөнүндө макулдашууга ылайык иш жүзүнө ашырат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана (же) Казакстан Республикасынын мамлекеттик сырына кирбеген, бирок аларды жайылтууга жана пайдаланууга чектөө коюлган маалыматтарды коргоону жана берүүнү Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат.
2. Ушул Макулдашуунун негизинде алынган суроо-талаптарды аткаруунун жыйынтыгы аларды берген Тараптардын макулдугусуз суралгандагыдан жана берилгендегиден башка максаттарда колдонулбайт.
3. Ушул Макулдашуунун негизинде бир Тараптан алынган маалыматты үчүнчү тарапка берүү үчүн бул маалыматтарды берген Тараптардын алдын ала макулдугу талап кылынат.
4. Суроо-талаптарды аткаруунун натыйжасында алынган документтерди жана маалыматтарды ачыкка чыгаруу же колдонуу, эгерде бул суроочу Тараптардын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында каралса, ушул берененин жоболору алынып салынбайт. Суроочу Тарап мындай маалыматтарды жана документтерди ачыкка чыгаруунун же колдонуунун мүмкүндүгү жана божомолу тууралуу суралуучу Тараптарга күн мурунтан билдирилет.
9-берене. Чыгымдар
Эгерде ар бир конкреттүү жагдайларга башка тартип макулдашылбаса, алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде, ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды Тараптар өз алдынча тартышат.
10-берене. Тили
Ушул Макулдашуунун негизинде кызматташтыкты ишке ашырууда Тараптар орус тилин колдонушат. Башка тилдерди колдонгон учурларда Тараптар оозеки жана жазуу түрүндө орус тилине которууну камсыз кылат.
11-берене. Кызматташтыкты координациялоо
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташтыгы боюнча иш-чараларды координациялоо кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабына, казак Тараптан - Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Штабына жүктөлөт.
2. Тараптар зарылчылыкка жараша ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн түздөн-түз байланышты жана алардын ортосундагы байланыш каналдарын орнотуучу атайын адистештирилген ыкчам бөлүнүштөрдү аныктайт.
12-берене. Кеңеш берүү жана жумушчу жолугушуулар
Тараптардын өкүлдөрү зарылчылыкка жараша ушул Макулдашуунун негизинде кызматташтыктын натыйжалуулугун чыңдоо жана жогорулатуу максатында жумушчу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрөт.
13-берене. Кайчы пикирлерди чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу менен байланышкан Тараптардын ортосундагы пайда болгон кайчы пикирлер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
14-берене. Башка эл аралык келишимдерге мамиле
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучулары болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
15-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча учурдагы мезгил аяктаганга чейин 6 айдын ичинде анын колдонулушун узартпоо ниети жөнүндө кат жүзүндө маалымат жөнөтпөсө, кийинки 5 жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
2. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
3. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө Тараптардын ортосунда кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
__________ шаарында ____-жылдын "__" _______ ар бири эки нускада түзүлдү, кыргыз, орус жана казак тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |