Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 16-октябры № 245
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун коргоону камсыздоочу Кыргыз Республикасынын калкын жекечелештирилген эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун түзүү максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын калкын мамлекеттик каттоонун автоматташтырылган тутумун түзүүгө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдесин жана талдасын:
- Кыргыз Республикасынын калкын мамлекеттик каттоонун автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча механизмди, аны менен кошо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка мамлекеттик органдарынын адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматты сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жактардан жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
| Н.Момуналиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2013-жылдын 16-октябрындагы № 245 буйругуна тиркеме |
Мамидинова Чинара Кудайбердиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси; |
Журабаева Гүлнар Курашбековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Сайдахмат Аблезович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:
| ||
Курманбаева Аида Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармасынын начальниги; |
Алыбаева Мария Артельевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн начальниги; |
Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармасынын начальниги; |
Ли Дмитрий Викторович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн директору - башчысы; |
Лебедев Игорь Васильевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башкы уюштуруу-мобилизация башкармасынын начальнигинин орун басары - чакыруу бөлүмүнүн начальниги; |
Орозбаев Пальмир Жанакеевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо башкармасынын начальниги; |
Жуманова Манзура Музретбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын начальниги; |
Осмонов Кыдыкбек Сыдыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы; |
Калыбеков Урмат Анварбекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; |
Калматов Азамат Маматысакович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Үмөталиева Айгүл Кадырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын юристи; |
Шарипова Кундуз Искендеровна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги. |