Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 9-сентябры № 214
2013-жылдын 5-июлунда өткөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын жетекчисин (ректорун) шайлоого байланыштуу келип чыккан кырдаалды изилдөө максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректорун шайлоону даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү жол-жобосунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тиешелүү маалыматты берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн,
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2013-жылдын 9.09 № 214 буйругуна тиркеме |
Турганова З.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана cuopi болүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комисснянын жетекчиси;
|
Айдарбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперт, ведомстволор аралык жумушчу комисснянын жетекчисинин орун басары;
|
Ведомстволор аралык жумушчу комисснянын мүчөлөрү:
| |
Исаев Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар секторунун башчысы;
|
Шадыханов К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
|
Исакова М.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
|
Курбанова Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эксперти;
|
Садиров Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү башкармалыгынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу.
|