Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 2-августу № 189
Трансчек ара аймактарына магистралдык байланыш линияларын куруу жана ишке киргизүү маселеси боюнча талдоо жүргүзүү жана чечим кабыл алуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө:
- трансчек ара аймактарына электр байланыш линияларын куруу жана ишке киргизүү боюнча иштерди жөнгө салуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн;
- белгиленген тартипте трансчек ара аймактарына электр байланыш линияларын куруу жана ишке киргизүү боюнча долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык, методикалык жана уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин -министрдин 2013-жылдын 1-мартындагы № 40 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин -министрдин 2013-жылдын 2.06 № 189 буйругуна тиркеме |
Абдылдаев Дуйшенбек Рыскулбекович
| Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кадыркулов Алмазбек Апандиевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Мамидинова Чинара Кудайбердиевна | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
|
Панкратов Олег Михайлович
| Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Мамбеталиев Искендербек Султанович
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги;
|
Бекболотов Руслан Алтынбекович
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин биринчи катчысы;
|
Баратбаев Аскар Сарбозович
| "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун президента - башкарманын терагасы (макулдашуу боюнча). |