Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 24-июну № 144
Өнөктештүк өз apa мамилелерди өркүндөтүү, Орто Азиядагы Америка университетинин уюштуруучуларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана Орто Азиядагы Америка университетине берилген администрациялык имаратты натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Орто Азиядагы Америка университети ээлеген имаратты пайдаланууну инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле Орто Азиядагы Америка университети ээлеген администрациялык имаратты натыйжалуу пайдалануу боюнча консультацияларды еткөрсүн.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери ыкчам тартипте жумушчу топтун жетекчисинин суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2013-жылдын 24.06 № 144 буйругуна тиркеме |
Бактыгулов К.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Жоха B.C.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн мамлекеттик мүлк секторунун башчысы (макулдашуу боюнча).
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Исакова М.Ш.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
|
Кабанбаев Т. А. | - Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Аттокуров Э.Э. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги;
|
Мукашев Д.М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү департаментинин директору;
|
Бакчиев Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин талдоо, мониторинг жана укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
|
Истамов Б.С.
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги;
|
Саадабаев Б.М.
| - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департамента" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Үмөталиев Н.С. | – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги;
|
Мураталиев Б.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктү пайдалануу маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги; - Борбордук Азиядагы Америка университетинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
|
| - представитель Американского университета в Центральной Азии (по согласованию).
|