Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2014-жылдын 30-апрели № 75

Бишкек шаарында 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында эки мектеп куруу жөнүндө макулдашуунун алкагында «Самрук-Казына» улуттук жыргалчылык фонду» акционердик коому каржылоочу, Бишкек жана Ош шаарларында мектептерди курууга байланышкан проблемалуу маселелерди изилдөө максатында:

1.  Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.

2.  Ведомстволор аралык комиссия 2014-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди кыргыз тараптын аткаруусун иликтесин, мектептерди курууда пайда болгон проблемалардын себептерине талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тиешелүү корутунду киргизсин.

3.  Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.

4.  Ведомстволор аралык комисснянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

5.  Бул буйруктун аткарьшышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси - министр

 

 

Н.С. Момуналиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2014-жылдын 30 апрелиндеги № 75 буйругуна тиркеме

 

"Самрук-Казына" улуттук жыргалчылык фонду" акционердик коому каржылоочу, Бишкек жана Ош шаарларында мектептерди курууга байланышкан проблемалуу маселелерди иликтөө боюнча ведомстволор аралык комисснянын курамы

Состав

 

Орозов Талайбек Саратанбекович

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комисснянын төрагасы;

 

Мамбетов Турдубек Мамбетович

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комисснянын төрагасынын орун басары;

 

Нурбашев Талайбек Инашевич

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комисснянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

 

Шадыханов Калысбек Токтосунович

 

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

 

Оторбаев Эринес Мотойович

 

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна

 

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Шаимбетов Джекшен Акматович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана боюнча коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;

Умаров Руслан

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коррупциялык бөлүмүнүн кылмыштар начальниги;

 

Имашов Торобек Мырзабекович

- Бишкек шаарынын (макулдашуу боюнча);

Ормонов Жапарбек Туратович

 

- Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча).