Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-июну № 213-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Коопсуздук жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги,
кылмыштардын олуттуулугун жана алардын коомдун экономикалык, социалдык жана саясий өңүттөрүнө зыяндуу таасир этүүсүн таанып,
кылмыштардын бардык түрүнө бөгөт коюуда, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти, адамдын укугун жана эркиндигин камсыз кылууда Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөө менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, өздөрүнүн компетенциясынын чегинде иштөө менен ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык кызматташышат.
Тараптар кылмыштардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу максатында маалымат алмашуу жаатында кызматташышат, анын ичинде:
1. Инсандын жана менчиктин эркиндигине, ар-намысына жана аброюна каршы оор кылмыштар;
2. Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция;
3. Куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч жана уулуу заттарды жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз ташуу, ошондой эле аларга байланыштуу технологияларды берүү;
4. Адамдарды сатуу жана сойкулукту пайдалануу;
5. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз ташуу;
6. Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар;
7. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу);
8. Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар;
9. Жасалма акча белгилерин, расмий же юридикалык документтерди, баалуу кагаздарды же финансы каражаттарын даярдоо жана сатуу, ошондой эле аларды жайылтуу;
10. Интеллектуалдык менчикке байланыштуу кылмыштар;
11. Маданий баалуулуктарды уурдоо жана контрабанда;
12. Унаа каражатын уурдап качуу жана контрабанда;
13. Алдамчылык.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптардын мыйзамдарына ылайык Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташышат:
1. Пландалган же жасалган кылмыштар жөнүндө маалымат алмашуу;
2. Издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон адамдар жөнүндө маалымат алмашуу;
3. Иштин жаңы методдору, кылмыштарды кылуу ыкмалары жана кылмыштар менен күрөшүүнүн жаңы методдору жөнүндө маалымат алмашуу;
4. Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу жана контрабанда, ошондой эле шектүү адамдар же кылмыштуу топтор маселелери боюнча; контрабандада колдонулуучу баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун шектүү ыкмалары жөнүндө; аларды жашыруу методдору жана контрабанданын багыттары; баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын жаңы түрлөрү; өндүрүштө колдонулуучу материалдар, өндүрүштө жана баңги заттарды даярдоодо колдонулуучу заманбап методдор, ошондой эле баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды табуу жана экспертиза жүргүзүү үчүн колдонулуучу методдор жана заманбап түзүлүштөр боюнча маалымат алмашуу; .
5. Илимий жана техникалык маалыматтарды, ошондой эле иш тажрыйбаларды алмашуу;
6. Мыйзам долбоорлорунун тексттерин алмашуу;
7. Өз ара макулдашууга тийиш болгон башка бардык маселелер боюнча маалымат алмашуу.
Бул Меморандум ушул Меморандумдун 1-беренесинин жоболорун эске алуу менен кызматташтыктын өз ара кабыл алынган башка формаларын белгилөөдө жана өнүктүрүүдө Тараптарга тоскоол болбойт.
1. Ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык, Тараптардын биринин суроо-талабынын негизинде же демилгеси боюнча кызматташтык ишке ашырылат.
2. Кызматташтык жөнүндө расмий суроо-талап жазуу жүзүндө болушу керек, бирок шашылыш учурларда, факс боюнча же 3 күндүн ичинде расмий өтүнүч менен ырасталган шартта өз ара макулдашылышы керек болгон байланыштын кандай болбосун корголгон каражаттары аркылуу суралышы мүмкүн. Эгер суроо-талаптын аныктыгына же мазмунуна байланышкан кандайдыр бир күмөн саноолор жаралса, аны кошумча ырастоо талап кылынат.
3. Кызматташтык жөнүндө расмий суроо-талаптар төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
a. суроочу органдын аталышы жана суралуучу органдын аталышы, эгер ал белгилүү болсо;
b. фактылар жана иштин толуктугу;
c. суроо-талаптардын максаттары жана себептери;
d. суралган көмөктөшүүнүн сүрөттөлүшү;
e. кызматташтык жөнүндө суроо-талаптардын аткарылышына түрткү боло турган каалаган кошумча маалымат.
4. Кызматташтык жөнүндө расмий суроо-талапка талап кылган органдын жетекчиси же анын орун басары кол коюшу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүшү керек.
1. Суралуучу Тарап ушул Меморандумга ылайык жасалган кайсы суроо-талап болбосун аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тарта алат, эгер мындай суроо-талапты аткаруу эгемендүүлүккө, коопсуздукка, коомдук тартипке же башка ар кандай улуттук кызыкчылыкка зыян алып келсе же мыйзамдарды же эл аралык милдеттенмелерди бузса.
2. Эгерде суралып жаткан жосун Суралуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жазага тартылбоочу иш болуп эсептелсе, анда кызматташтык жөнүндө суроо-талапты аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.
3. Суралуучу Тарап баш тартуунун себептери жөнүндө кечиктирбестен Суроочу Тарапка билдирет.
1. Суралуучу Тарап суроо-талаптын тез жана толук аткарылышына кепилдик берүү үчүн зарыл жол-жоболорду жүргүзүшү керек. Суроочу Тарап суроо-талапты аткарууну токтотушу же кандайдыр бир мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга алып келиши мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө тиешелүү түрде маалымдалып турушу керек.
2. Суралуучу Тарап суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча маалымат алууга кайрыла алат.
3. Суралуучу Тарап эгер себептери болсо, суроо-талапты аткаруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыра алат же аны аткаруу үчүн өзгөчө шарттарды аныктай алат. Эгерде Суроочу Тарап мындай шарттарга макул болсо, анда аны аткарышы зарыл.
4. Суралуучу тарап Суроочу Тараптын суроо-талабы боюнча суроо-талаптын купуялыгына, анын мазмунуна жана ошондой эле кызматташтык фактысынын купуялыгы сыяктуу эле тиркемесине да кепилдик берүү үчүн бардык керектүү жол-жоболорду жүргүзүшү керек. Суроо-талапты аткарууда купуялыкты сактоого мүмкүн болбогон учурда, Суралуучу тарап Суроочу Тарапка маалымдап, анын натыйжасында мындай шарттарда суроо-талапты аткарууга жол берилерин же берилбестигин чечет.
5. Суралуучу Тарап биринчи эле мүмкүнчүлүктө суроо-талапты аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Суроочу Тарапты маалымдашы керек.
1. Тараптар ушул Меморандум боюнча алынган кандай маалыматты жана документтерди болбосун Тараптардын жазуу жүзүндөгү алдын ала .макулдугусуз суроо-талапта көрсөтүлбөгөн максаттар үчүн колдонууга жана үчүнчү Тарапка берүүгө жол бербеши керек.
2. Эки Тараптын биринен алынган маалымат экинчи тараптын алдын ала макулдугусуз кандайдыр бир үчүнчү Тарапка ачык болбошу керек.
Суралуучу Тарап ушул Меморандум боюнча кызматташтык үчүн суроо-талапты аткаруу боюнча күнүмдүк чыгымдарды телөөгө тийиш. Эгерде мындай суроо-талапты аткаруу өзгөчө мүнөздөгү чыгымдарды талап кылса, Тараптар суралуучу кызматташтык өткөрүлүшү мүмкүн болгон төлөмдөрдү жана шарттарды белгилөөнү талкуулашы керек.
Ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташтык боюнча суроо-талап кыргыз, араб же орус тилинде англис тилине которуу менен жүргүзүлүшү керек.
1. Ушул Меморандумду аткаруу максатында кызматташтык төмөнкү органдардын деңгээлинде өткөрүлүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасы үчүн:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Бириккен Араб Эмираттары үчүн:
Федералдык криминалдык полициянын генералдык администрациясы; Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн органдар боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгон учурларда Тараптар бири-бирин токтоосуз кабардар кылышы керек.
3. Зарылчылык болгондо Тараптар түз байланышты орнотуу максатында атайын оперативдүү бөлүнүштөрдү, ошондой эле коммуникациялык каналдарды аныкташы керек.
Зарыл болгон учурларда эки Тараптын өкүлдөрү ушул Меморандумду ишке ашыруу боюнча жолугушууларды жана кеңеш берүүлөрдү еткөрүшөт.
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш маселелер Тараптардын сүйлөшүүлөрү жана кеңеш берүүлөрү аркылуу тынчтык жолу менен чечилиши керек.
1. Ушул Меморандум кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча экстрадициялоодо жана өз ара укуктук көмөктөшүүдө Тараптардын ортосундагы укуктук кызматташууга зыян келтирбеши керек.
2. Ушул Меморандум Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттерин чектебейт.
1. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана беш жылга чейин колдонулат. Анын колдонулушу эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапты дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумду денонсациялоо боюнча өзүнүн каалоосун жазуу жүзүндө билдирмейинче, автоматтык түрдө ушундай эле мөөнөткө узартылат. Мындай учурда билдирүү алган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин Меморандум өзүнүн колдонулушун токтотот. Бирок башталган кызматташтык ал аяктаганга чейин ушул Меморандум менен улантылышы жана жетекчиликке алынышы керек.
Ушул Меморандумга дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын өз ара кол коюлган макулдашуусу менен каалаган убакта түзетүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Далил катары темөндө кол койгондор, өздөрүнүн тийиштүү министрликтери тарабынан бул үчүн ыйгарым укук берилгендер ушул Меморандумга кол коюшту.
20_____-жылдын "____"_______________ ___________________шаарында эки нускада
ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде аткарылды. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишиестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын иштер министрлиги үчүн | Ички Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги үчүн |