Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-июну № 219-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен Корея Республикасынын Радиожыштык спектри борбордук башкармалыгынын ортосундагы Радиожыштык спектрин пайдаланууну башкаруунун стационардык тутумун орнотуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - КРӨ МБА) жана Корея Республикасынын Радиожыштык спектри борбордук башкармалыгы (мындан ары - РЖСББ) Тараптар деп аталып, 2011-жылдын 20-июнунда Сеулда, Корея Республикасында кол коюлган КРӨ МБА жана РЖСББ ортосундагы өз ара макулдашуу жөнүндөгү Меморандумдун негизинде, Тараптардын ортосунда кызматташтыкты колдоо үчүн жана Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрин башкаруу чөйрөсүн өнүктүрүү максатында, КРӨ МБА үчүн РЖСББ сунуштап жаткан Радиожыштык спектрин башкаруунун стационардык тутумун орнотуу жана аны пайдалануу ишин ыктыярдуу жана эркин колдоо ниетинде, эки тарап ушул Макулдашууда төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашууда колдонулган атоолор төмөнкүдөй мааниге ээ.
1. «Радиожыштык спектрин башкаруунун стационардык тутуму» (мындан ары «Тутум» деп аталып), ушул Макулдашуунун тиркемесине ылайык баяндалгандай, аталган Макулдашуунун алкагында КРӨ МБА үчүн РЖСББ тарабынан берилүүчү стационардык радиомониторинг жабдуусунун толук топтому экенин билдирет.
2. «Орнотуу» - тутумду тиешелүү максатта колдонуу үчүн орнотуу иши.
3. «Орнотуу пункту» - КРӨ МБА аныктаган, тутум орнотулуп жана иштей турган орун.
1. Аталышы: Радиожыштык спектрин башкаруу стационардык тутуму.
2. Адистик өзгөчөлүгү: Диапазон (20 МГц ~ 3 ГГц), пеленгация тактыгы (3 RMS азыраак).
3. Саны: Бир даана
Ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык РЖСББ жана КРӨ МБА тутумду орнотуу боюнча төмөнкүдөй милдеттенмелерди алууга макулдашышты.
1. РЖСББ ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Ушул Макулдашуунун тиркемесине ылайык көрсөтүлгөн тутумду Корея Республикасынан орнотуу пунктуна чейин жеткирүү.
- Тутумду орнотуу жолу менен анын жарактуу абалда экендигин тастыктоо жана жарамдуулугун орнотуу пунктунда текшерүүдөн өткөрүү.
- Корея Республикасында жана Кыргыз Республикасында, КРӨ МБАнын тиешелүү кызматкерлери үчүн тоскоолдуксуз иштетүү үчүн жана ошондой эле үйрөтүүчү тренингдерди өткөрүү.
- Тутумду орнотуу иши аяктаган соң, тутумду КРӨ МБАнын менчигине өткөрүп берүү жана бир жылдын аралыгында акысыз кепилдик берүү.
2. КРӨ МБА аталган Макулдашуунун алкагында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Тиешелүү мыйзамдарды сактоого жана Кыргызстанда бажы тариздөө (төлөм акыдан тышкары) иштерине жоопкерчилик алат.
- Орнотуу пунктун камсыз кылуу жана тутумду, антенналарды орнотуу үчүн электр кубаттуулугу бар, тутумду орнотууга жана аны кылдат иштетүү боюнча талаптарга дал келген имарат менен камсыз кылуу.
- Тутум КРӨ МБАнын менчигине өткөрүлүп берилгенден кийин, КРӨ МБА тутумдун ишин улантууга жана спектрди башкаруу боюнча маселелерди чечүү үчүн аны жигердүү пайдаланууну камсыз кылууга тийиш.
Эки тарап тең купуялуулукту сактоого тийиш жана ушул Макулдашууну түзгөн тараптардын алдын ала кат жүзүндөгү оз ара макулдугусуз үчүнчү тараптагы мамлекеттерге, ушул Макулдашууга тиешелүү болгон кандай маалымат болбосун ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Эгер тараптардын бири ушул Макулдашууда көрсөтүлген кайсы бир милдеттенмени бузган болсо, экинчи тарап кат жүзүндө берки тарапты өз милдеттенмесин аткарууга чакырат, андан соң тартип бузуулар улантыла берсе, ушул Макулдашууну токтотуу тууралуу кат жүзүндө билдире алат.
3. КРӨ МБА өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, РЖСББ берген тутумду кайра алууга укуктуу.
Тараптардын ортосунда мүмкүн болуучу ушул Макулдашууга байланышкан бардык жана кандай гана талаш маселелер болбосун, пикир келишпестиктер жана айырмачылыктар эки тараптуу достук маанайдагы талкуулоо жолу менен чечилүүге тийиш.
Бул Макулдашуу түзүлүп жаткан предметине тиешелүү болгон эки тараптын толук кандуу макулдугун билдирет жана ага толуктоо жана ондоолорду киргизүүгө эки тараптын колу коюлган жана жазуу жүзүндө гана уруксат берилет.
Кол койгон ыйгарым укуктуу орган:
Корея Республикасынын Радиожыштык спектри борбордук башкармалыгы
Бул Макулдашууга 2014-жылдын 16-июнунда Корея Республикасынын Сеул шаарында англис, корей жана кыргыз тилдеринде экиден түп нускада кол коюлду жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Эгер кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кол койгон ыйгарым укуктуу орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик байланыш агенттиги _______________________________ Чынгыз Бекташев КРӨ МБА директору | Кол койгон ыйгарым укуктуу орган: Корея Республикасынын Радиожыштык спектри Борбордук башкармалыгы ______________________________ Jung-Gu, Lee РЖСББ Башкы директору |