Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-апрели ПБ № 57
Араб Мамлекеттеринин Лигасы, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумдун англис тилинде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
Долбоор
Араб Мамлекеттеринин Лигасы, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан (Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы) - мындан ары Тараптар деп аталып,
Тарыхый, маданий жана цивилизациялуу мамилелердин тереңдигин таанып, ошондой эле Тараптардын саясий, экономикалык, соода, финансылык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуусунун өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп,
Мамлекеттердин эгемендигине, аймактык бүтүндүккө зыян болтурбоо, ошондой эле алардын ички иштерине кийлигишпөө принциптерин жактап,
Араб Мамлекеттеринин Лигасы менен Азербайжан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарды ишке ашыруу максатында,
Саясий консультациялардын, экономиканын жана кызматташууну өнүктүрүүнүн кыйла кеңири контекстинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын катышуусу менен экономиканын жана кызматташуунун Араб форумун түзүү жактырылган Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан Республикасы менен кызматташууну чыңдоо боюнча 2008-жылдан баштап өздөрүнүн андан аркы сессияларында (2008-жылдын 8-октябрындагы № 6958 (130) Резолюция, 2012-жылдын 10-мартындагы № 7474 (137) Резолюция, 2009-жылдын 30-мартындагы Араб Саммитинин Дохадагы № 478 (21) Резолюциясы) Араб Мамлекеттеринин Лигасынын министрлеринин кеңешинин деңгээлинде чыгарылган резолюциялардын өңүтүндө,
Тараптар кызматташуунун түрдүү жактарында жаңы келечектүү багыттарды ачууга даярдыгын билдирип, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуга макулдашты.
Тараптар жалпы кызыкчылыкты туудурган түрдүү чөйрөлөрдө Араб Мамлекеттеринин Лигасына мүчө-мамлекеттер менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташууну чыңдоо жөнүндө макулдашты, бул региондук жана эл аралык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоону кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде соода-экономикалык алмашууну илгерилетүү, инвестициялар үчүн келечек ачуу, бакубатчылык жана өсүү үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу араб регионунда, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Азербайжанда коопсуздукка жана стабилдүүлүккө жетүү, алардын элдеринин социалдык жана экономикалык жыргалчылыгына жетүү максатында учурдагы жана келечектеги проблемаларга каршы күрөшүүнү жана аларды жеңип чыгууну, кыйла узакка созулган консультацияларды өткөрүүнү, кызматташууну жана бири-бири менен өз ара аракеттенүүнү талап кылат.
Саясий чөйрө
1. Тараптар ортосунда кызматташуунун жана пикир алмашуунун өнүгүүсүн, башка өлкөлөр менен диалог түзүүнү жана ачыктыкты, өздөрүнүн регионунда жана бүтүндөй дүйнөдө тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн өз ара иштиктүү аракеттерди көрүүнү Тараптар колдоого алат.
2. Тараптар өздөрүнүн ортосундагы дипломатиялык жана саясий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык ички иштерге кийлигишпөө принцибин сактоо менен региондогу бардык өлкөлөрдүн эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Экономикалык чөйрө
Тараптар төмөндөгүлөр аркылуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө макулдашты:
1. Кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө, атап айтканда, өнөр жайда, тоо-кен өнөр жайында, айыл чарбасында, айлана-чөйрөнү коргоодо аны коргоо технологиясын, телекоммуникацияны жана маалыматтык технологияны туруктуу өнүктүрүүнү, туризмди, турак жай чарбасын жана инфраструктураны колдоо менен сооданын жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү.
2. Араб Мамлекеттеринин Лигасына мүчө-мамлекеттер менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан Республикасынын ортосундагы инвестициялык жана соода мамилелери жаатында менчик сектордун, ишкер чөйрөнүн жана соода-өнөр жай палаталарынын катышуусун биргелешкен жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү менен колдоо.
3. Инвестициялоо үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдү аныктоо максатында илимий-колдонмо изилдөөлөрдү иштеп чыгуу.
4. Сооданы жана инвестицияны кеңейтүүгө, соода жана инвестиция чөйрөсүндө маалымат жана алдыңкы тажрыйба менен алмашууга багытталган иш-чараларды уюштуруу.
5. Тараптардын ишкер коомчулугу менен инвесторлорунун ортосунда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча зарыл механизмдерди түзүү.
6. Энергетика чөйрөсүндө, атап айтканда газ, мунай зат жана орду толуп туруучу энергия чөйрөсүндө кызматташууну жана бул чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууну бекемдөө.
7. Транспорттук системаларды жана маршруттарды оптималдаштыруу, ошондой эле деңиздеги, жер бетиндеги жана абадагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында транспорттук жана коммуникациялык коридорлорду өнүктүрүү.
8. Тараптардын жеке секторунун, университеттеринин, изилдөөчү жана технологиялык институттарынын ортосунда, тактап айтканда маалыматтык технологиялар, илим жана техника, айыл чарба, өнөр жай, медицина, курчап турган чөйрөнү коргоо сыяктуу секторлордогу жана жалпы кызыкчылык болгон башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүү системасын түзүүгө жана кооперацияга көмөктөшүү.
9. Өз ара кызыкчылык болгон ар кандай жааттардагы окутуучу программаларды кошкондо, адам ресурстарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү.
10. Көп тараптуу экономикалык жана соода чөйрөлөрүндөгү эл аралык форумдарда тараптардын өз ара аракеттенүүсүн колдоо.
Социалдык жана маданий чөйрөлөр:
Тараптар социалдык жана маданий жааттарды туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле Араб жана Ислам маданияты менен байланыштыруучу көпүрө катары Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын ролун чагылдыруучу биргелешкен иш-чараларды уюштуруудагы кызматташтыкты колдоого жана төмөнкүлөр аркылуу маданий мурасты сактоо боюнча иштерди жүргүзүүгө умтулат:
Маданият жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында маданий программаларды илгерилетүү, буга маданий борборлорду түзүү кирет.
Араб изилдөөчү, билим берүүчү жана илимий борборлору, ошондой эле Борбордук Азиядагы жана Азербайжан Республикасындагы алардын өнөктөштөрү менен байланышты түзүүнү колдоого алуу.
Саламаттык сактоо, билим берүү, үй-бүлө, балалык, жаштардын укугун кеңейтүү, ЖМК, жаштар, спорт жана эл аралык уюмдар ортосунда тажрыйба алмашуу жааттарындагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу.
Ар кандай маданий жана көркөм аспекттерди чагылдыруучу көргөзмөлөргө жана жармаңкелерге байма бай катышуу, ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана фольклордук чыгармачыл жамааттардын өз ара иш сапарларын уюштуруу.
Тараптарды туруктуу өнүктүрүү процессине өбөлгө болуучу бардык чөйрөлөрдү колдоо.
1. Тараптар Экономика жана кызматташтык форумун түзүү жөнүндө, ошондой эле араб өлкөлөрүндө жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүндөгү алардын өнөктөштүктөрүндө экономикалык өнүгүү үчүн жооптуу болгон министрлеринин жана тышкы иштер министрлеринин ортосундагы жолугушууларды Араб Мамлекеттеринин Лигасынын Башкы катчысынын катышуусу менен өткөрүү жөнүндө макулдашты. Жолугушуулар араб борбор шаарларынын биринде же Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын биринде жана Азербайжандын борбор шаарында альтернативдүү түрдө, эки жылда бир жолу өтөт.
2. Тараптар Форум үчүн иш-аракеттердин планын Тараптардын бизнесмендери аркылуу ишкерлер чөйрөсүнүн таламдарын билдирүү максатында алдын ала бир катар жолугушууларды өткөрүү менен түзүүнүн зарылдыгын баса белгилешти. Ошол эле учурда Араб Мамлекеттеринин Лигасынын Башкы катчылыгы, тышкы иштер министрликтери жана башка кызыкдар органдар жогоруда баяндалган кызматташтыкты жүргүзүүгө тийиш.
3. Пландарды иштеп чыгуу жана аларды андан ары ишке ашыруу максатында ар жылдык жолугушууларды өткөрүү менен араб өлкөлөрүнүн жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүндөгү алардын өкүлдөрүнүн тиешелүү министрликтеринен жана ведомстволорунан эксперттердин жана улук кызмат орундарынын комитетин түзүү боюнча иштерди жүргүзүшөт. Бул комитет андан ары министрлер кеңешмесине берүү үчүн маселелерди талкуулоо менен күн тартибин иштеп чыгат, ошондой эле координациялык кеңешмелердин жүрүшүндө каралган жалпы кызыкчылыктын аспекттерин камтыган биргелешкен коммюникелердин долбоорлорун даярдайт.
1. Бул Меморандумга Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
2. Бул Меморандумду колдонуу беш жылдык мөөнөткө каралган, эгерде Тараптардын бири ушул Меморандумду андан аркы мезгилге колдонууну токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат.
3. Тараптардын ар бири ушул Меморандумду колдонууну токтотуунун күнүнө чейин кеминде 6 ай калганда башка Тарапка жазуу жүзүндө маалымдоо жолу менен ушул Меморандумду колдонууну токтото алат.
4. Бул меморандумдун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча Тараптардын ортосундагы бардык талаштар дипломатиялык каналдар боюнча консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилүүгө тийиш.
5. Бул Меморандум Тараптар ортосунда макулдашылган укуктук милдеттенмелерден башка укуктук милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
6. Бул Меморандум Тараптар кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
Сауд Аравиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында 2014-жылдын "__" ________ ар бири араб жана англис тилдериндеги жети түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей мааниге ээ. Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текстте артыкчылык берилет.
Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан | Сауд Аравиясы Королдугунун тышкы иштер министри | Араб Мамлекеттеринин Лигасынын башкы катчысы |
Азербайжан Республикасы |
|
|
Казакстан Республикасы |
|
|
Кыргыз Республикасы |
|
|
Тажикстан Республикасы |
|
|
Түркмөнстан |
|
|
Өзбекстан Республикасы |
|
|