Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-апрели № 127-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
адам укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун негизги документтеринде камтылган принциптерди жетекчиликке алып,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдин жоболоруна негизденип,
адамдардын көчүп келүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле көчүп келүүдө аларга көмөк көрсөтүү боюнча Тараптардын өз ара милдеттенмелерин аныктоого умтулууга негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына жана Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү адамдарга жайылтылат.
Бул Макулдашуу ар бир көчүп келүүчү үчүн бир жолу колдонулат. Тараптар адамдарды көчүп келүүгө мажбурлоонун кайсынысына болбосун жол бербөөнү таанышат.
2-берене.
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөнкү маанилерге ээ:
"көчүп келүүчү" - тараптардын биринин өзү туруктуу жашаган мамлекетти ыктыяры менен таштап жана башка мамлекеттин аймагына туруктуу жашоого көчүп келген жараны;
"көчүп келүүчү үй-бүлө мүчөлөрү" - көчүп келүүчүнүн жубайы, ата-энеси, жашы жетпеген балдары, ошондой эле аны менен чогуу жашаган жана жалпы чарба жүргүзгөн башка, эмгекке жарамсыз багуусундагы туугандары;
"таштап кеткен мамлекети" - мурда туруктуу жашаган мамлекети;
"көчүп келген мамлекети" - туруктуу жашай турган жаңы мамлекети.
3-берене.
Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
а) качкындарга;
б) эмгекчи- мигранттарга;
в) кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга жана жазасын өтөп жаткандарга;
г) таштап кеткен мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болгон адамдарга тоскоол болгон жагдайлардын аракеттери токтогонго чейин;
д) мамлекеттик, кооперативдик, коомдук же башка уюмдар менен мекемелердин, жеке жактардын алдындагы алардын мүлктүк милдеттенмелери аткарылганга чейин көчүп кетүүсү кийинкиге калтырылган адамдарга;
е) окуусуна, жеке жана ишкердик барып-келүүсү менен байланыштуу Кыргызстандын жана Россиянын аймагында убактылуу жүргөн адамдарга;
ж) анык аскердик кызматта жүргөн аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө.
4-берене.
Көчүп келүүчүлөргө көчүп келген мамлекети тарабынан эл аралык-укуктук ченемдерге жана анын мыйзамдарына ылайык көчүүгө уруксат берилет, ай сайын алардын тизмелери тиешелүү эсепке алуу үчүн көчүп чыккан мамлекеттин компетенттүү органдарына берилет.
5-берене.
Тараптар өз аймагында көчүп келүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн зордук-зомбулук, коркунуч келтирүү, коркутуп-үркүтүү түрүндөгү ар кандай аракеттерден, ошондой эле жыныстык, расалык, тилдик, диний ишенимдери, саясий жана башка көз караштары, улуттук, этностук же социалдык теги, экономикалык, мүлктүк жана үй-бүлөлүк абалы боюнча мамлекеттик кызмат адамдары тараптан да, ошондой эле жеке жактардан, топтордон, коомдук бирикмелерден жана башка уюмдар тараптан да коргоону камсыз кылат.
6-берене.
Тараптардын миграциялык кызматтары көчүп келүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр жөнүндө зарыл маалымат берет:
а) ушул Макулдашуунун мазмуну жөнүндө;
б) көчүп келген мамлекеттеги алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө;
в) көчүп келген мамлекеттеги ишке орношуу шарттары, билим алуу, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо, кесиптик багыт алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле жашоонун башка шарттары (жаратылыштык-климаттык, турак жай-тиричиликтик, социалдык-маданий жана башка) жөнүндө.
7-берене.
Көчүп келүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) чыгуучу мамлекеттен кеткенге чейин алардын жеке менчигиндеги көрсөтүлгөн кыймылдуу мүлктү чыгуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын улуттук мүлкү деп таанылган маданий баалуулуктарын алып чыгууга тиешелүү чектөөлөрдү эске алуу менен алып кетүүгө;
б) алардын жеке менчиги болуп саналган мүлктү сатууга же башкача тескөөгө жана чыгуучу мамлекеттен алып кетүүгө, ошондой эле келген мамлекетине алынган акча каражаттарын билдирилген тартипте кандай валютада болсун жана чектөөсүз санда алып келүүгө;
в) чыгуучу мамлекеттин банк мекемелеринде жайгаштырылган акча салымдарын жана активдерин келген мамлекеттин банк мекемелерине которууга;
г) чыгуучу мамлекеттин аймагында аларга менчик укугунда таандык болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, акча салымдарын жана активдерди калтырууга, аларга карата чыгуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырууга.
8-берене.
Тараптар турак жай, турак жай-курулуш, дача, гараж-курулуш кооперативдеринин, бакча-багбанчылык шериктештигинин же башка кооперативдин, аларга бул мүлккө карата менчик укугунда пайдаланууга берилген квартира, дача, бакча үйү, гараж, же башка жай же курулуш үчүн өзүнүн пайлык төлөмүн толугу менен төлөгөн мүчөлөрүн-көчүп келүүчүлөр катары тааныйт.
Үй, дача, бакча үйү же башка курулуш башка жеке адамга же юридикалык жакка сатылган же берилген учурда жер участогун пайдалануу укугу толук көлөмдө жаңы ээлик кылуучуга өтөт.
Көчүп келүүчүлөргө пайдаланууга берилген мүлк үчүн пайлык төлөмдү мөөнөтүнөн мурда төлөө жана бул мүлккө менчик укугун тариздөө укуктары берилет.
9-берене.
Мамлекеттик, муниципалдык (коммуналдык) же ведомстволук турак жайга карата чыгуучу мамлекет тарабынан көчүп кетүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө иш жүзүндө ээлеп турган турак жайды чыгуучу мамлекеттин менчиктештирүү мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү укугу берилет.
Бир тараптан, көчүп келүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен экинчи тараптан кызыкдар адамдардын ортосундагы жарандык-укуктук талаш-тартыштар кетип жаткан мамлекеттин аймагындагы менчикке карата жарандык-укуктук талаштар чыгып кеткен мамлекеттин аймагында сот тартибинде жана анын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык чечилет.
Көчүп келген мамлекеттин компетенттүү бийликтери көрсөтүлгөн талаш-тартыштар боюнча, анын ичинде келген мамлекеттин аймагында аткаруу максаттары үчүн чыгып кеткен мамлекеттин сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин тааныйт.
10-берене.
Тараптар жекече мүлктү (буга кеткен мамлекеттин мыйзамдары менен алып чыгууга жана келген мамлекеттин мыйзамдары менен алып кирүүгө тыюу салынган предметтер кирбейт), анын ичинде көчүп келүүчүгө же аны менен кошо көчүп келүүчү үй-бүлө мүчөсүнүн жеке пайдалануусу үчүн алып келинүүчү бир автотранспорт каражатын (мындан ары - автоунаа каражаты) алып кетүүгө жана алып чыгууга көчүп келүүчүгө жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө чектөөлөрдөн, бажы алымдарынан, салыктардан жана аны менен байланыштуу жыйымдардан бошотууну камсыз кылат.
Кеткен мамлекеттен алып кетиле турган автоунаа каражатын көчүп келүүчү же аны менен бирге көчүп келүүчү үй-бүлө мүчөсү тарабынан сатып алынышы, ал мамлекетте көрсөтүлгөн адамдын наамына катталышы жана баруучу мамлекеттин аймагына туруктуу жашоого кеткенге чейин алты айдан кем эмес анын жеке менчигинде болушу керек.
Көчүп баруучу мамлекеттин аймагына автоунааны алып кетүү жөнүндө арызга чыгып кеткен мамлекеттин компетенттүү органы берген автоунаа каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиркелет.
Көчүп келүүчүлөр же алар менен бирге көчүп келүүчү үй-бүлө мүчөлөрү алып келүүчү автоунаа каражаттарына баруучу мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген автомобиль техникасынын зыяндуу (булгоочу) заттарды чыгаруусуна карата талаптар, ошондой эле алардын конструкциясынын коопсуздугуна карата коюлган башка талаптар жайылтылбайт.
Алынып чыгуучу акча каражаттары жана которулуучу акча салымдары жана активдер жыйымдардан жана алымдардан бошотулат, буга которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөр кирбейт.
11-берене.
Чыгып кеткен мамлекет көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө турак жайды жана башка мүлктү сатууга же башка түрдөгү тескөөгө тоскоолдук кылбайт.
Тараптар эки мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык көчүп келүүчүлөрдүн ортосунда жүргүзүлгөн турак жайды алмашууга тоскоолдук кылышпайт.
12-берене.
Көчүп келген мамлекет жыл сайын көчүп келүүчүлөр квотасын түзө алат, ага ылайык көчүп келүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бул өлкөгө көчүп келүүгө уруксат берилет. Квоталардын өлчөмдөрү баруучу мамлекет тарабынан өз алдынча аныкталат.
Тараптар өлкөлөрдүн биринин аймагына көчүп келүүгө уруксат албастан өз алдынча көчүп келүү укугун тааныйт. Өз алдынча көчүп келишкен адамдарга ушул Макулдашуунун жоболору жайылтылбайт.
13-берене.
Тараптардын ушул Макулдашууну ишке ашыруу жана көчүү боюнча иштерди координациялоо үчүн жооптуу компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз тараптан - Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;
Россия тараптан - Федералдык миграциялык кызматы.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү органдарга тиешелүү өзгөрүүлөр жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлашат.
14-берене.
Тараптар тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында миграциялык кызматтардын өкүлчүлүктөрүн ача алышат. Зарыл болгон учурда Тараптардын аймагында Тараптардын миграциялык кызматтарынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн пункттары ачылышы мүмкүн.
Миграциялык кызматтардын өкүлчүлүктөрүнүн функцияларына төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
а) көчүрүү программаларын ишке ашыруу;
б) көчүп келүүчүлөрдү кабыл алуу боюнча Тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн жыл сайын аныктоо жана макулдашуу. Макулдашуу протокол менен таризделет;
в) маалымат алмашуу жана өз ара консультациялар;
г) көчүп келүүчүлөргө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул Макулдашуунун 6-беренесинде каралган маалыматтарды берүү;
д) көчүп келүүчүлөрдү, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо жана алардын кетүү менен көчүүгө байланышкан, талап кылынган шарттарды жана жол-жоболорду жүргүзүүсүнө жардам көрсөтүү.
15-берене.
Көчүп келүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу укуктарын ишке ашыруу тартиби өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынат.
16-берене.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында башкача каралса, ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат.
17-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун текстине толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү тийиштүү документтерге кол коюу жолу менен киргизе алышат, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
18-берене.
Ушул Макулдашуунун 13 жана 14-беренесинде көрсөтүлгөн органдар чече албаган маселелер Тараптардын чечүүсүнө дипломатиялык каналдар боюнча берилет.
19-берене.
Ушул Макулдашуу, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 7 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири да анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапты дипломатиялык каналдар боюнча, баштапкы же кийинки мезгилдер өткөнгө чейин кеминде 6 ай мурда кат жүзүндө билдирбесе, кийинки эки жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашууну колдонуу токтотулган учурда Тараптар бул Макулдашуунун колдонуу мезгилинде келип чыккан милдеттенмелерди жөнгө салышат.
20___-жылы "___" ___________________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |