Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-апрели № 139-б
1. Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фонду менен андан ары кызматташуусуна байланышкан маселелерди ар тараптуу иликтөө максатында Эл аралык валюта фонду менен андан ары кызматташуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) иштеши максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы (кызматы боюнча) тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ Эл аралык валюта фонду менен андан ары кызматташуу боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 139-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.