КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-майы № 152-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы борборунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - ЕККУ) Бишкек шаарындагы борборунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Биргеликте "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - ФЧМК деп аталуучу) менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы борбору (мындан ары - ЕККУ деп аталуучу),
ЕККУнун тышкы күчтөрүнүн министрлер кеңешинин 2012-жылдын 7-декабрында Дублин шаарында (MC.DOC/2/12) өткөн жыйынында кабыл алынган Тийиштүү түрдө башкарууну бекитүү жана коррупцияга, акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндө декларацияда жарыяланган принциптерден улам,
ФЧМК менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү максатында,
ЕККУнун кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүдө, ошондой эле региондук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоодо ФЧМКнын потенциалын көтөрүүгө багытталган реформалардын программасына салым кошуу мүмкүнчүлүгүн таануу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуунун жалпы алкактары
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын ортосундагы кызматташтык төмөнкү эки артыкчылыктуу тармакка багытталат:
1) Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого (мындан ары - KЛA/TK деп аталуучу) натыйжалуу каршы аракеттенүү максатында Акчаларды адалдоо, терроризмди каржылоо жана массалык жок кылуучу куралды жайылтуу менен күрөшүү (мындан ары - ФАТФ деп аталуучу) боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жагында өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) сунуштамаларын имплементациялоого багытталган мыйзамдарды иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда ФЧМКга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка органдарына техникалык көмөк көрсөтүү;
2) КЛА/TKга каршы аракеттенүүнүн заманбап методдорун колдонууда жана ФЧМКнын эл аралык жана региондук өнөктөштөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен кыйла тыгыз жана натыйжалуу кызматташуусун чыңдоодо ФЧМКнын потенциалын көтөрүүгө көмөк көрсөтүү.
2-берене. ФЧМКнын милдеттери
ФЧМК төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Меморандумду ишке ашыруу үчүн анын жоболоруна ылайык өз салымын кошууга;
2) ЕККУ менен Меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоого;
3) Меморандумдун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө ЕККУга мүмкүнчүлүк берүүгө, ошондой эле ЕККУ менен биргеликте Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларды баалоого жана зарыл болгон корутундуларды жана сунуштамаларды иштеп чыгууга катышууга;
4) ЕККУ менен биргеликте окуу курстарынан жана окуу сапарларынан өтүү үчүн ФЧМКнын кызматкерлеринин ичинен ылайыктуу талапкерлерди аныктоого жана сунуштоого;
5) башка кызматтык милдеттерди аткаруу жана ушул иш-чараларга катышуу убагында башка тапшырмалардын алар тарабынан параллель аткарылышы боюнча окуу курстарынан жана тренингдерден чакыртуудан качуу үчүн Меморандумдун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга ФЧМКнын кызматкерлеринин толук катышуусуна кепилдик берүүгө;
6) Меморандумдун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүүгө жана колдоого. Бул мамлекеттик органдардын курамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши киргизилет, бирок алар менен эле чектелбейт;
7) ЕККУнун кызмат адамдарынын жана консультанттарынын (машыктырууларын кошкондо) Меморандумду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өткөрүлүүчү жолугушууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөтүүгө жана колдоого;
8) Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылуучу иштин ийгиликтүү натыйжасына жетишүүгө өбөлгө түзгөн эксперттик баа, талдоо же сунуштамаларды бере алган ЕККУ тарабынан жалданган кайсы консультант менен болбосун кызматташууга;
9) Меморандумду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды иштеп чыгууга, ишке ашырууга же ага мониторинг жүргүзүүгө катышуучу ЕККУнун кызмат адамдарынын, өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсүнө, жүрүүсүнө жана андан чыгуусуна уруксат алууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көмөк көрсөтүүгө;
10) семинарлар, тренингдер жана башка тийиштүү жолугушуулар сыяктуу долбоордук иш-чараларды өткөрүү үчүн күн мурун суроо-талап жиберүү шартында жана ФЧМКнын бош жайы болгон учурда ФЧМКнын менчигиндеги (же пайдалануусундагы) жайларды пайдаланууну камсыз кылууга;
11) Меморандумду ишке ашыруунун бардык этаптарында ЕККУга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү камсыздоого.
3-берене. ЕККУнун милдеттери
ЕККУ төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Меморандумду ишке ашыруу үчүн анын жоболоруна ылайык өз салымын кошууга;
2) Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларды каржылоону, жалпы башкарууну жана контролдоону камсыз кылууга. Муну менен Тараптар ушул Долбоорго катышкандыгы үчүн ФЧМКнын кызматкерлерине же башка кайсы мамлекеттик кызматчылар болбосун финансылык компенсациянын (эмгек акынын) эч кандай формасы каралбаганына макул болушат;
3) Меморандумдун алкагында бардык пландалган иш-чараларды тыгыз координациялоону камсыздоого жана ФЧМК менен макулдашууга;
4) ФЧМК жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы үчүн программалык камсыздоону жана маалыматтык-техникалык жабдууну алууга, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча тренинг өткөрүүгө;
5) ФЧМКнын кызматкерлери, ошондой эле КЛА/ТКга каршы аракеттенүү боюнча иш алып баруучу башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн окутуучу тренингдерди уюштурууга жана өткөрүүгө;
6) ФЧМКнын өкүлдөрүнүн ФАТФтын, ЕАТтын жана Эгмонт тобунун сессияларына жана иш-чараларына катышуусуна көмөктөшүүгө;
7) ФЧМКнын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн окуу сапарларын уюштурууга;
8) ФЧМКнын жана КЛА/ТКга каршы аракеттенүү боюнча иш алып баруучу башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн англис тили курстарын уюштурууга жана өткөрүүнү камсыз кылууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ФАТФтын сунуштамаларына шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата эксперттик корутундуларды жана сунуштамаларды орус тилинде берүүгө;
10) ФАТФтын миссиясынын 2014-жылы Кыргыз Республикасына келүүсүнө даярданууда жана кабыл алууда ФЧМКга көмөк көрсөтүүгө.
4-берене. Каржылоо
1. Меморандумду ишке ашыруу максатында ЕККУ ушул Меморандумга ылайык өткөрүлүүчү бардык иш-чараларды 250000 (эки жүз элүү миң) еврого жакын суммада каржылоону камсыз кылууга милдеттенет.
2. Эгерде бул сумма ЕККУ тарабынан ушул Меморандумга ылайык өткөрүлүүчү бардык иш-чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн жетишсиз болсо, калган иш-чараларды кошумча каржылоо тууралуу маселе белгиленген тартипте ЕККУ тарабынан кайрадан каралат.
5-берене. Меморандумду ишке ашыруунун алкагында алынган мүлк
1. Меморандумду ишке ашыруунун алкагында ЕККУнун каражаттарына ФЧМК үчүн алынган мүлктөрдүн бардыгы (мындан ары - Алынган мүлк) акысыз пайдаланууга ФЧМКнын балансына өткөрүлүп берилет.
2. Алынган мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү акт боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Алынган мүлк ЕККУнун менчиги болуп саналат жана ушул Меморандумду колдонуунун бардык мөөнөтүндө ФЧМКнын пайдалануусуна берилет.
4. ФЧМК Алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышы жана талаптагыдай абалда колдонулушу үчүн толук жоопкерчилик тартат.
5. Алынган мүлк максатсыз пайдаланылган учурда ФЧМК ЕККУнун талабы боюнча Алынган мүлктү 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ЕККУга кайра кайтарып берүүгө милдеттенет.
6. Меморандумдун алкагында пландалган иш-чараларды ишке ашыруу аяктаганда ФЧМК менен ЕККУ биргеликте Алынган мүлктү ФЧМКнын менчигине өткөрүп берүү тууралуу чечимди кабыл алышат.
7. ФЧМКга өткөрүлүп берилүүчү Алынган мүлк ЕККУ тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам болуп саналат.
6-берене. Салыктарды жана бажы алымдарын төлөө маселелери
Меморандумдун алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды каржылоо, анын ичинде алынган жана ФЧМКга өткөрүлүп берилген мүлк гуманитардык жардам же грант катарында көрсөтүлүүчү ЕККУнун техникалык көмөк көрсөтүүсү болуп саналат.
Салыктарды жана бажы алымдарын төлөө маселелери Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
7-берене. Аудит
1. Меморандумду ишке ашыруу боюнча иш процессинде каражаттарды пайдалануу ЕККУнун кароосу боюнча жана контролу алдында, ЕККУнун эрежелеринде жана жол-жоболорунда жазылган тартипке ылайык ички жана тышкы аудитке жатат.
2. ЕККУнун тышкы аудиторлору жана/же ЕККУнун ички көзөмөл кызматы же алар дайындаган өкүлдөр Меморандумду ишке ашырууга багытталган каражаттардын пайдаланылышына тиешелүү маалыматты алууга чектелбеген мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Зарыл болгон учурда ФЧМК мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтан тышкары, тийиштүү маалыматты дароо жана толук алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттенет.
8-берене. Тараптардын жоопкерчилиги
1. Тараптардын бири да ушул Меморандумдун башка тарабына түздөн-түз тиешелүү болгон ар кандай талаптары үчүн, анын ичинде Меморандумду ишке ашырууда орун алган окуяларга жана иш-аракеттерге байланыштуу доолор боюнча үчүнчү жактардын алдында жоопкерчилик тартпайт же милдеттенме албайт.
2. Маалыматтар жоголуп кеткен, же Меморандумду ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан ар кайсыл жабдуулар, тутумдар, программалык камсыздоо, тарамдар, жайлар же түзүлүштөр үчүн башка зыян келтирилген учурда ЕККУ жоопкерчилик тартпайт.
9-берене. Интеллектуалдык менчик укуктары
1. Меморандумду ишке ашыруу мезгилиндеги пайдалануу, ээлик кылуу жана катышуу укуктарынын бардыгы, анын ичинде эч кандай чектөөлөрсүз, ушул Меморандумга ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруунун алкагында жасалган ар кандай иштелип чыккан материалдарга жана ойлоп табууларга карата автордук укуктардын жана патенттердин бардыгы ФЧМКга жана ЕККУга таандык болот.
2. ФЧМК Меморандумду ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан жана ЕККУдан алдын ала макулдук алынган учурда гана ЕККУнун аталышын жана логотибин пайдаланууга укуктуу.
3. Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларды каржылоо фактысы ЕККУ тарабынан Долбоордун алкагында жана ага байланыштуу даярдалган басма жана электрондук материалдардын бардыгында жазылышы керек. Мүмкүнчүлүккө жараша, ФЧМК жарыялоолорду чыгарууда, ачык билдирүүлөрүндө жана пресс-релиздеринде ЕККУнун салымын белгилөөгө милдеттенет.
10-берене. Өз ара аракеттенүү тартиби жана байланыш маалыматтары
1. ФЧМК жана ЕККУ маалымат алмашууда өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде эки тараптуу негизде Меморандумду жүзөгө ашырууга байланыштуу кат алышууларды жүргүзүшөт.
2. Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан ар кандай маселелер боюнча төмөнкү байланыш адамдарына кайрылууга болот:
ФЧМК тарабынан: |
| ЕККУ тарабынан: |
Болот Садыков мырза ФЧМКнын статс-катчысы 720033, Бишкек ш., Тоголок Молдо көч. 21 "А" |
| Юлия Минаева айым ЕККУнун Бишкек шаарындагы борборунун экономика жана экология маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси 720001 Бишкек ш., Рыскулов көч. 6 |
11-берене. Меморандумга тиркемелер
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында Тараптар бул Меморандумга тиркелүүчү долбоордук сунушту, иш-чаралар планын жана алынган мүлктү өткөрүп алуу-өткөрүп берүү тууралуу актыларды иштеп чыгышат жана аларга кол коюшат.
12-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Меморандумду ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар, кайчы пикирлер же талаптар, же аны бузуу, бүткөрүү, ошондой эле жараксыз деп табуу Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
13-берене. Артыкчылыктар жана иммунитет
Ушул Меморандумдун жоболорунун же ага тиешеси бар жоболордун бири да ЕККУ жана анын расмий өкүлдөрү пайдаланган артыкчылыктарды же иммунитетти чектөө же баш тартуу катары чечмеленбейт.
15-берене. Күчүнө кириши, колдонулушун токтотуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Ушул Меморандум ага эки Тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Зарыл болгон учурда Меморандумду ишке ашыруу мөөнөтү Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн.
2. Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
3. Эгер Тараптардын бири ушул Меморандумда аныкталган тартипте кызматташа албаса, же болбосо кызматташуудан баш тартса, Тараптар экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен ушул Меморандумдун колдонулушун каалаган убакта токтотууга укуктуу. Меморандумдун колдонулушун мындай токтотуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберилгенден кийин он төрт күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул Меморандумга ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде бирдей эки түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ.
5. Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) 2014-жылдын "__" ___________ кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын атынан |
| ЕККУнун Бишкек шаарындагы борборунун атынан |
Мелис Мамбетжанов |
| Элчи Сергей Капинос |
ФЧМКнын төрагасы |
| ЕККУнун Бишкек шаарындагы борборунун башчысы |