Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-майы № 158-б
"Отчеттуулукту жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басарына, аталган делегациянын жетекчисине "Отчеттуулукту жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыкталган протоколуна кол коюуга укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Т.Сарпашев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-майындагы № 158-б буйругуна тиркеме |
Калиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, делегациянын жетекчиси; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Турганбаев Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Рыспаев К.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жамгырчиева Г.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов И.А. | - | "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча). |