Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 16-майы № 159-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык администрациясынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.

 

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр

 

 

Т.Сарпашев

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Кытай  Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык администрациясынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык администрациясы (мындан ары "Тараптар" деп аталат),

салык органдары аркылуу эки тараптуу экономикалык кызматташууга көмөктөшүү зарылдыгын таанып;

салык маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну андан ары кеңейтүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен;

ошондой эле теңчиликтин жана өз ара пайданын негизинде бири-бирине кеңири жардам көрсөтүүнү каалап,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Ушул Меморандум, башка эки тараптуу же көп тараптуу документтерге кошумча болуп, салыктык башкаруу жаатындагы кызматташууну кеңейтүү үчүн Тараптардын куралы катары кызмат кылат.

2-берене.

Тараптар тажрыйба алмашат жана төмөндөгүдөй жолдор аркылуу Тараптардын компетенцияларын жогорулатуу максатында позитивдүү жана прагматикалык маанайда бири-бирине өз ара жардам көрсөтүшөт:

- салык салуу чөйрөсүндөгү байланыштарды жана жардамдарды бекемдөө;

- кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү;

- кызматташуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу;

- салыктык башкаруу жаатында кызматташуунун практикалык формасын камсыздоо;

- ушул Меморандумдун алкагында салыктык талаш-тартыштарды натыйжалуу жана таасирдүү жөнгө салууну камсыздоо.

3-берене.

Тараптар төмөнкү жааттарда бири-бирине маалымат беришет (бирок чектелишпейт):

- салык тутумундагы реформа жана өзгөртүүлөр;

- салыктык башкарууну жөнгө салуу жана практика;

- өз ара кызыкчылыкты же маанилүүлүктү көрсөтүүчү салыктык маселелер.

4-берене.

Тараптар салык органдарынын жетекчилеринин деңгээлиндеги өз ара визиттер биргелешкен чараларды жүзөгө ашыруу үчүн маанилүү экендигин таанышат, алар дайыма же бир жолку негизде аткарылууга тийиш.

5-берене.

Тараптар кызматташууну натыйжалуу жүргүзүү үчүн эксперттердин же делегациялардын визит алмашууларынын дагы маанилүүлүгүнө макул болушат. Бул максатта, бир Тарап экинчи Тараптын өтүнүчү боюнча салык тутумундагы маселелерди талкуулоо же берүү же майда-чүйдөсүнө чейин салыктык башкаруу же проблемаларды чечүүнү иликтөө, ошону менен бирге маалымат алмашуу жана экономикалык иштерди жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын коргоо максатында салык эксперттерин же окуу делегацияларын жибериши мүмкүн.

6-берене.

Ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында, ар бир Тарап жол кире жана жашоо чыгымдары сыяктуу өздөрүнүн чыгымдарын төлөшөт. Бирок конференцияларды же жолугушууларды уюштурууга байланышкан чыгымдар кабыл алуучу Тараптын эсебинен төлөнөт. Чыгымдарды каржылоонун башка формалары Тараптардын макулдашуусу боюнча чечилет.

7-берене.

Бул Меморандумду ишке ашыруу Мамлекеттик салык кызматынын Эл аралык кызматташуу сектору жана Мамлекеттик салык администрациясынын Эл аралык салык салуу департаменти тарабынан координацияланат.

8-берене.

Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

9-берене.

Меморандум белгисиз мөөнөткө күчүндө болот, бирок каалаган Тарап ал күчүнө кирген күндөн баштап беш жыл өткөндөн кийин экинчи Тарапка аны бузуу тууралуу кат жүзүндө билдирүү бере алат. Мындай учурда бул Меморандум кат жүзүндөгү ушундай билдирүүнү алган мезгилден баштап токсон күндүн аралыгында күчүндө калат жана бул мөөнөттүн бүтүшү менен күчүн жоготот.

_____________ шаарында ____-жылдын "__" _________ эки түп нускада кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык администрациясы үчүн