Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-июну № 202-б
1. Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын каржылоо эрежелери жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилдеги долбоору 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Макулдашуунун жогоруда аталган долбооруна 2-тиркемеге ылайык эскертме менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "4" июнундагы № 202-б буйругуна 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын каржылоо эрежелери жөнүндө макулдашууда каралган төгүмдөрдү каржылоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде ишке ашырат".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "4" июнундагы № 202-б буйругуна 1-тиркеме |
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрү, 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясын түзүү жөнүндо макулдашуунун (мындан ары "Макулдашуу") 8-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында жалпы кабыл алынган принциптерди жана эл аралык укуктун ченемдерин жетекчиликке алып,
Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Түрк академиясынын ортосундагы 20__ жылдын "__" _________Түрк академиясын Казакстан Республикасына жайгаштыруу шарттары жана тартиби жонүнде макулдашууга ылайык Кабыл алуучу Тарапка урмат керсөтүү менен, Тараптар темөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене Аныктамалар
Бул Макулдашууда:
"Академия" Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин калкасынын алдындагы эл аралык уюм түрүндөгү Түрк академиясы дегенди билдирет;
"Түрк кеңеши" Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин билдирет;
"Бюджет" Академиянын милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга арналган каражаттардын түзүүнү жана утилдештирүүнү билдирет;
"Каржылоо жылы" календардык жыл ичиндеги 1-январдан баштап 31-декабрга чейинки убакыт аралыгын билдирет;
"Төгүмдөр" Тараптар үчүн көрсөтүлгөн, учурдагы финансылык жылда Академиянын ишине байланышкан чыгымдарды жабууга байланышкан сумманы билдирет;
"CFM" - Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кенеши;
"SOK" - Түрк кеңешинин Жогорку Комитета;
"Катчылык" - Түрк кеңешинин катчылыгы;
"Кабыл алуучу тарап" Академия жайгашкан аймактагы мамлекетти, Академияга мүчө мамлекетти билдирет;
"Тышкы аудит" Академиянын чарбалык-финансылык ишин текшерет, ал коз карандысыз аудиттер тарабынан ишке ашырылат. Аудиторлорду ТИМдин Кеңеши дайындайт;
"Кирешелер" Академиянын бюджетке салым иретинде түшкөн акча каражаттарын билдирет;
"Президент жана вице-президенттер" Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалышкан Академиянын президенти жана вице-президенттери болуп эсептелет;
"Педагогдор" илимий долбоорлордун талаптарына ылайык, келишимдик негизде жалданган окумуштуулардан жана адистерден түзүлөт;
"Административдик персонал" келишимдик негизде жалданган административдик персоналдан турат;
"Жалпы кызмат көрсөтүүлөр персоналы" келишимдик негизде жалданган техникалык персоналдардан турат;
"Персонал" Президент жана вице-президенттерден, академиялык, административдик жана Академиянын жалпы кызматынын кызматкерлеринен турат;
"Башка кирешелер" финансылык жыл ичиндеги каржылоонун тикелей ордун толтуруунун натыйжасында алынган суммалардан сырткары бардык төгүмдөр, акча түрүндөгү кайрымдуулук каражаттары;
"Чыгымдар" Академиядагы анын милдеттерин жана функцияларын бюджеттен каржылоо үчүн каражаттарды билдирет;
"Жүгүртүү каражаттарынын резервдери" милдеттүү төгүмдөрдү толук төлөөнү күтүүдө Академиянын чыгымдары үчүн колдонулуучу бюджеттин бир бөлүгү болуп саналат.
2- берене Жалпы жоболор
Академиянын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу төмөнкүлөрдү белгилейт: каржылоо булактарын, Академиянын бюджетин түзүү тартибин, ишке ашыруу жана отчёт берүүсүн.
3- берене Бюджет
1. Академиянын бюджета финансылык жылдагы акчалай жана/же башка түрдөгү бардык кирешелерди жана чыгымдарды камтыйт. Бюджет Академиянын узак мөөнөттүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каралган чыгымдар боюнча ар жылкы төлөмдөрдү да камтыйт.
Академиянын бюджета Жогорку Расмий Комитет жактыргандан кийин Түрк Кенешинин ТИМК (Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кенеши) тарабынан бекитилет.
Академиянын бюджета эки болүктөн турат: ар жылкы чыгымдардан жана бир нече жылга мерчемделген конкреттүү долбоорлор үчүн чыгымдардан.
Киреше
Киреше темөнкүлөрдү камтыйт:
а) мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн суммасын, ал ISNfle төгүмдүн масштабынан ашуучу алардын төлөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, учурдагы төлөмдөрдүн өлчөмүн аймактык уюмдарга салыштыруу менен ТИМдин Кеңеши тарабынан аныкталышы керек. Ошону менен катар, Кабыл алуучу өлкөнүн үлүшү башка мүчөлөрдүкүнөн кем болбошу керек. Милдеттүү төгүмдөрдүн шкаласы өзүнчө протокол менен көрсөтүлүүгө жана ТИМдин Кеңеши тарабынан кол коюлууга тийиш;
б) Түрк маданияты жана мурасы фондусу тарабынан ыйгарылуучу гранттарды;
в) Академиянын бюджетине Тараптардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн түшкөн төлөмдөрдү, алардын олчомү чектелбейт;
г) акчалай жана/же башка түрдогү ыктыярдуу төгүмдөрдү, алар Тараптар жактырган шартта ал Байкоочу өлкөнүн Академиясынан, башка мамлекеттерден, башка эл аралык уюмдардан, юридикалык жана жеке жактардан да кабыл алынышы мүмкүн;
е) Академиянын максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген шартта башка кирешелердин пайыздарынан түшкөн акча каражаттарын.
Чыгымдар
5. Чыгымдар өзүно төмөнкүлордү камтыйт:
а) Илимий чыгымдарды:
илимий-изилдоо иштерине чыгымдар
долбоорлор боюнча чыгымдар
симиозиумдар, илимий конференциялар жана жолугушуулар
басмаканалык чыгымдар
аутсорсинг
консалтинг.
б) Персоналга чыгымдарды
а) Президентке акы төлөо төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) медициналык камсыздандыруу, 2) багуусунда тургандарга жөлөкпул, 3) билим берүү гранты, 4) жайгаштыруу жөлөкпулу, 5) кайтып келүү чыгымдары, 6) мекенине өргүүгө баруу, 7) өкүлчүлүк чыгымдары, 8) социалдык камсыздандырууну төлөө.
б) Тораганын орун басарларына акы төлөө төмонкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык камсыздандыруу, 2) багуусунда тургандарга жолокпул, 3) билим берүү гранты, 4) жайгаштыруу жөлөкпулу, 5) кайтып келүү чыгымдары, 6) мекенине эмгек өргүүгө баруу, 7) өкүлчүлүк чыгымдары, 8) социалдык камсыздандырууну төлөө.
в) академиялык персоналга акы төлөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык камсыздандыруу, 2) багуусунда тургандарга жолокпул, 3) билим берүү гранты, 4) жайгаштыруу жолокпулу, 5) кайтып келүү чыгымдары, 6) мекенине өргүүгө баруу, 7) өкүлчүлүк чыгымдары, 8) социалдык камсыздандырууну телөө.
г) административдик персоналга акы төлөө төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) медициналык камсыздандыруу, 2) багуусунда тургандарга
жолокпул, 3) билим берүү гранты, 4) социалдык камсыздандырууну төлөө.
д) жалпы тейлөөчү персоналга акы төлөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык камсыздандыруу, 2) багуусунда тургандарга жолокпул, 3) социалдык толоолор, 4) тил үйрөнүү үчүн жолокпул (котормочулар үчүн).
Кызматтын соңунда персоналдарга төмөнкүлөр төлөнөт:
а) персоналдын кызматтык келишими токтотулган учурда бошоо жолокпулу;
б) персоналдын командировкага кеткен чыгымдары, анын ичине транспорттук тарифтер жана мейманканада жашоо чыгымдары;
в) персоналды окутууга чыгымдар;
г) талапкерлерге чыгымдар;
Административдик чыгымдар:
а) Академия үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
б) Академиянын иштеши үчүн кеңсе эмеректерин жана жабдууларын, транспорт каражаттарын жана башка каражаттарды сатып алуу;
в) жайларды, кеңсе эмеректерин, жабдууларды, автомобилдерди жана башка каражаттарды техникалык тейлоо жана ондоо;
г) протокол чыгымдары;
д) Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары, анын ичинде транспорт чыгымдары, мейманканада жашоо жана суткалык чыгымдары;
Музейлерге жана китепканаларга чыгымдар:
а) музейлер жана китепканалар үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
б) музейлер менен китепканалардын иштеши үчүн зарыл болгон кеңсе эмеректерин жана жабдууларды жана башка каражаттарды сатып алуу;
в) жайларды, кецсе эмеректерин, жабдууларды жана башка каражаттарды техникалык тейлөө жана ондоо;
г) китепкана үчүн адабияттарды сатып алуу.
Отчёттук жыл үчүн персоналдын рангына жана эмгек акысына ылайык чыгымдар жөнүндө Академиянын персоналынын матрицасы Академия тарабынан даярдалат жана аны Жогорку Расмий Комитет жактыргандан кийин ТИМдин Кеңеши бекитет.
4- берене Бюджеттин аткарылышы
Бюджет Академиянын карамагында болушу керек.
Ар бир тараптын милдеттүү төгүмдөрүнүн көлөмү бюджетте так көрсөтүлүшү керек.
Бюджетке ар жылдык төгүмдөр АКШ доллары менен эсептелет жана төлөнөт.
Академия кайсы милдеттүү төгүмдөр бюджетке толук көлөмдө которула турганды жөнүндө Катчылык аркылуу ТИМдин Кеңешине маалымдоого тийиш.
Милдеттүү төгүмдөр финансылык жылдын биринчи үч айынын ичинде төлөнүшү керек. Ошондой болсо да улуттук мыйзамга байланыштуу мүмкүн болбой калса, анда төлөмдөр торт жолу жана ар бир үчүнчү айдын башында төлөнөт.
5- берене Чыгымдардын сметасы
Академиянын бюджети бүткүл финансылык жылга чыгымдарды камтыган чыгымдар документин баалоого ылайык жүргүзүлөт.
Академия өзүнүн бюджетинин долбоорун түзөт, ар бир пункт боюнча эсептөөлорү жана негиздемелери менен аны Катчылык аркылуу Жогорку Расмий Комитеттин кароосуна жиберет жана откон финансылык жылдын биринчи жарымында ТИМдин Кеңеши тарабынан бекитилет.
ТИМдин Кеңеши кийинки финансылык жылга карата бюджетти учурдагы жылдын 31-декабрына чейин карап чыгат жана бекитет. Эгерде, жыл ичинде бюджет кабыл алына элек болсо, анда жаңы финансылык жыл учурдагы бюджетке бекитилген тиешелүү өзгөртүүлөр менен колдонулат.
4. Акчалардын агымын иштетүүдө улуттук валюта колдонулат.
Жергиликтүү валютадагы чыгымдар, бюджеттик смета үчүн валюталык курс кабыл алуучу өлкөнүн Борбордук банкынын өткөн жылдагы орточо валюта курсу на негизденет.
Бекитилген бюджеттин алкагында бир пункттан башкасына ар кандай акча которуулар эмгек акыга кошумчалардан сырткары Тараптардын макулдашуусу боюнча жана ТИМдин Кеңешинин бекитүүсү менен жүргүзүлөт. Билдирүү берилген күндөн тартып, 50 күндүн ичинде, которуу ишине каршылык болбосо каражат бекитилди деп эсептелет.
Академиянын финансылык жылдын акырына карата тикелей арналышы боюнча пайдаланылбай калган бюджеттик каражатынын калдыгы кийинки финансылык жылдын бюджетинин кирешесине киргизилет. Ар бир мүчө мамлекеттин салымы тиешелүү түрдө эсептелет жана тараптарга өздөрүнүн таза төгүмдөрүнүн толук суммасы тууралуу билдирилет.
Өткөн жылы узак моонотко пайдаланууга жабдууларды жана товарларды сатып алуу үчүн 1-январга карата толук колдонулбай калган бюджеттин калдыгы, кийинкиге калтырылган тапшырыктарга төлөө үчүн пайдаланылат.
6-берене Каражаттарды сактоо
Президент Академиянын каражаттары сакталуучу банк эсептерин белгилейт.
Академиянын эсептери АКШ доллары жана жайгашкан өлкөнүн улуттук валютасы менен жүргүзүлөт. Өткөн мезгилдин чыгымдарына валютанын бухгалтердик курсу Кабыл алуучу өлкөнүн Борбордук банкынын валютасынын үч айлык алмаштыруу курсуна негизденет.
7-берене Отчёттуулук
Президент Академиянын финансылык ресурстарын контролдойт жана Академиянын финансылык ресурстарын болүштүрүү үчүн Жогорку Расмий Комитет аркылуу ТИМдин Кеңешине отчёт берет.
Президент кийинки финансылык жылдын 31-мартынан кечиктирбей ТИМдин Кеңешине ТКЖК (Түрк Кеңешинин Жогорку Комитети) аркылуу ар бир финансылык жыл үчүн жылдык отчёт берет.
Ар финансылык жылдын аягында оң сальдо же таңсыктык түшүүлөрдүн чыгымдардан ашып кетишин же кирешенин чыгымдардан ашып кетишин эсептоо жолу менен аныкталат. Академиянын бюджетинде кассалык таңсыктык болгон учурда Президент ТИМдин Кеңешине ТКЖК (Түрк Кеңешинин Жогорку Комитети) аркылуу билдирет жана зарыл финансылык чараларды көрүүгө карата сунуш киргизет.
8-берене Аудит
Макулдашуунун 9-беренесине ылайык Академиянын финансылык ишиндеги тышкы аудит Президенттин кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин же ар кандай башка убакта ТИМдин Кенеши дайындаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Академиянын Президенти ыйгарым укуктуу органга тышкы аудитти жүргүзүүгө зарыл болгон документтерди берүүсү керек.
Тышкы аудит аяктагандан кийин Академиянын Президенти Макулдашуунун бардык Тараптарына аудитордук отчётту жибериши керек.
9- берене Жүгүртүү каражаттарынын резерви
Жүгүртүү каражаттарынын резерви бюджеттин бөлүгү болуп саналат жана ар жылдык милдеттүү төгүмдөрдү алууга чейин бюджеттик каражат бөлүүнү каржылоо үчүн гана пайдаланылат.
Жүгүртүү каражаттарынын резервинин суммасы жылдык жалпы бюджеттен 3/12ден кем эмес белгилениши керек. Ар жылдык милдеттүү салымдарды төлөгөндөн кийин сумманын көлөмүнөн калганы Жүгүртүү каражаттарынын резервине кайтарылат.
10-берене Корутунду жоболор
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол жоболорду тараптардын аяктагандыгы жөнүндө депозитарийдин акыркы кат жүзүндөгү билдирүүсү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Макулдашуу мүчө болгон мамлекеттер үчүн кошулуу жөнүндө документти депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Бул Макулдашуунун депозитарийи Казакстан Республикасы болуп эсептелет. Депозитарий кат жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашуунун күчүнө кирген күнү, ошондой эле Тараптардын документти ратификациялаганы, кабыл алынганы жана бекитилгендиги жөнүндө ырастоону алгандыгы жөнүндө тараптарга билдирет.
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга карата кайчы пикирлер болгон учурда тараптар аны консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
Тараптардын оз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга оңдоолор жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ал өзүнчө протоколдор түрүндө болуп, ушул берененин 1-пунктунда белгиленген жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол ушул Макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болушу керек.
5. Каалаган Тарап каалаган учурда Депозитарийге кат жүзүндө билдирүү берүү жолу менен ушул Макулдашуудан чыга алышат. Макулдашуу ал Тарапка карата Депозитарий кат жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
шаарында 20 жылы азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдериндеги түп нускаларына кол коюлган жана бардык тексттер бирдей нускалар болуп эсептелет. Пикир келишпестик болгон учурда, тексттин англис тилиндеги версиясы артыкчылыкка ээ.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн